Президент Сооронбай Жээнбековдун YouTube каналына жарыялангандан кийин өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн видеосу социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып жатат.

9-июлда президенттин өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу кайрылуусу жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдындагы like белгисине караганда dislike көбөйүп жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап жатышты.

Болжол менен он саттан кийин, жактырган белгилер 300дөн, ал эми жактырбаган белгилер 4 миңден ашканда видео сайттан алынган.

Бир аздан кийин видео like/dislike белгилери жашырылып, комментарий калтыруу жагы өчүрүлүп, кайра жүктөлдү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү видеонун өчүрүлүшүнө фейк аккаунттардын деструктивдүү комментарийлери көп жазылганына байланыштуу деп түшүндүрдү.

Өз кайрылуусунда Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөштүн ийгилиги элдин биримдигинен көз каранды экенин белгилеп, жакынын жоготкондорго көңүл айткан жана дарыгерлерге таазимин билдирген болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here