Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, мурдагы аткаминер “коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон” деп козголгон кылмыш иши боюнча  көрсөтмө берген. 

Учурда укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантып жатат.

Буга чейин аталган иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да сурак берген эле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here