АКШ Шинжаңдагы уйгурлардын укуктарын бузууга тиешеси бар деп эсептеген Кытайдын азыркы жана мурдагы төрт жогорку кызматтагы аткаминерине санкция салды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, чектөөлөр Магнитский актысынын алкагында киргизилди.

Санкцияга ылайык, Кытайдын Шинжаң аймагынын губернатору Чэн Цюаньгого, аймактын саясий жана юридикалык комитетинин мурдагы башчысы Зу Хайлунга, коопсуздук тармагын тескеген жетекчиси Ван Мингшэнге жана Шинжаңдын коопсуздугун көзөмөлдөгөн мурдагы жетекчиси Хуо Лучюнга Кошмо Штаттарга виза берилбейт. Алардын АКШдагы мал-мүлкү да камакка коюлат.

Президент Дональд Трамп Кытайдын Шиңжан-Уйгур автоном аймагындагы мусулмандардын куугунтукталгандыгына байланыштуу жогорку кызматтагы аткаминерлерге санкция салууга жол ачкан мыйзам долбооруна июндун ортосунда кол койгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу ислам динин карманган этностук топторду «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдирип келет. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып, бийликке кайрылышкан.

Кытай бийлиги Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here