Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бир суткада бул илдет көп сандагы медицина кызматкерине жуккан алгачкы учур катталды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 9-июлда кабарлагандай, кечээтен бери COVID-19 диагнозу 83 медкызматкерге коюлду.

Алардын 22си Ош шаарында, 20сы Бишкекте. Ош облусунда 12, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында сегизден, Баткен жана Чүй облустарында бештен жана Нарын облусунда үч кызматкер.

Соңку бир сутка ичинде ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан медкызматкерлердин ону айыгып, үйүнө чыкты.

Жалпысынан вирус 1370 дарыгерге жукту, алардын 532си айыгып кетти, бешөө кайтыш болду.

Акыркы жолу ооруну жугузуп алгандар боюнча эң жогорку көрсөткүч 7-июлда катталган — бир суткада 78 медкызматкер болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here