Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жогорку соттун аппаратында иштеген кызматкерлер коронавируска ПЧР-анализ тапшырды. Натыйжада сегиз кызматкерден COVID-19 илдети табылганын Жогорку соттун басма сөз кыматы билдирди. Маалыматка караганда, вирус жугузуп алгандардын арасында судья да бар.

«Учурда соттук жараяндар штаттык режимде өтүп жатат. Эгер кайсы бир соттук отурумда ишке байланыштуу тараптар келбей калса же башка бир себептери болсо, сот жылат. Ал эми сотко кайрылууга муктаж болгон жарандардан сот имаратына келген учурда санитардык эрежелерди так сактоону өтүнөбүз», — деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу шашылыш эмес сот иштерин токтото туруу жөнүндө сунуштар айтылган. Мындай сунуштарга COVID-19 жана пневмониядан адвокаттар жана юристтердин каза болуп жатканы жүйө келтирилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here