Белгилүү болгондой бүт дүйнөнү каптап, адамзаттын башына оор мүшкүл түшүрүп жаткан жаман илдеттен улам аз күн мурун КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч кызматкери да бул дүйнө менен кош айтышып кетишти. Алардын ар биринин үй-бүлөсүнө ЖК депутаты Сыдыгалиев Нурбек 10 миӊ сомдон материалдык жардам көрсөттү. Эске сала кетсек, Сыдыгалиев ӨКМде министрдин орун басары болуп эмгектенген.

Иманбаев Анварбек Шадыканович

Алар: 2020-жылдын 30-июнунда 60 жашка караган курагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорлогия боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Анварбек Шадыканович 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районунундагы Миң-Булак айылында туулган.

Жантаев Мухаметалы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам чара көрүү башкармалыгынын Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөтчү — 112 диспетчердик кызматынын башчысы, подполковник Жантаев Мухаметалы Жуманович 2020-жылдын 29-июнь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Мухаметалы Жантаев 1977-жылы 14-февральда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Шакафтар айылында төрөлгөн.

Нурлан Токсунбаев

Майор Нурлан Токсунбаев 1976-жылы 2-декабрында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак муз айылында туулган. Майор Н. Токсунбаев 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8-Атайын Өртко каршы куткаруу болумунүн башчысы болуп дайындалып азыркы күнгө чейин иштеп келген.
2020-жылдын 28-июнунда майор Нурлан Токсунбаев дүйнөдөн кайтыш болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here