4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого 44 саясий партия катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, партиялардын документтерин кабыл алуу иштери 8-июль күнү соңуна чыкты. БШКга жалпы 44 саясий партия тиешелүү кагаздарын жиберген. Толук тизме:

  • «Ата Мекен»
  • «Мекенчил»
  • «Бирик»
  • «Мекен Ынтымагы»
  • «ОРДО»
  • «Бийлик элге» (Власть народу)
  • «Чоң Казат»
  • «Партия коммунистов Кыргызстана»
  • «Единство народа»
  • «Политическая партия Ветеранов войны в Афганистане и Участников других боевых локальных конфликтов»
  • «Актив»
  • «Рабочая партия Кыргызстана»
  • «Республика»
  • «Аграрная партия Кыргызской Республики»
  • Политическая партия Государственного единства и патриотизма «Бир Бол»
  • «Демократ»
  • «Улуу журт»
  • «Партия зеленых Кыргызстана»
  • «Партия Труда»
  • «Социал-демократы»
  • «Бүтүн Кыргызстан»
  • «Таза Коом»
  • «Ар-Намыс» (партия достоинства)
  • «Кыргызстан»
  • «Ыйман Нуру»
  • «Ак Калпак»
  • «Мекеним Кыргызстан»
  • «Адам-Демократ»
  • «Жаратман Эл»
  • «Биримдик» (Единство)
  • «Реформа»
  • Народно-Демократическая партия Кыргызстана
  • «Глас народа»
  • «Улуу Кыргызстан»
  • Кыргызстандык Социал-Демократиялык партиясы
  • «Тартип-Порядок»
  • «Замандаш»
  • «Патриоты Кыргызстана»
  • «Народный контроль»
  • «Бүткүл жаштар саясий партиясы»
  • «КУТ»
  • Либерально-демократическая партия «НУР»
  • «Өнүгүү — Кыргызстан»
  • «Билим Илим Ордосу»

Мыйзам боюнча, эми алардын документтерин текшерип, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жараяны жүрөт.

Андан кийин каттоого алынган партиялар шайлоо фондун ачып, күрөө коюп башташы керек болот. Кийинки жараян — съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүү.

Кыргызстанда, БШКнын сайтындагы маалыматка караганда, жалпысынан 259 саясий партия бар. 120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоого 2010-жылы 28, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here