Жогорку окуу жайын бүтүрүп, өз айылыма сапар алдым. Анда туура 16 жылдын жүзү мурун. Дипломду колго алып бир чети сүйүнүчтүү, бир чети түпөйүлсүнүү сезимдер менен калдыраган көк ПАЗ автобусуна отурдум. Сүйүнгөнүм ата-энемдин ишеничин актап окуумду ийгиликтүү аяктадым. Бул да болсо алар үчүн болгон чоң жеңиш, жемиштүү мезгил катары баамдап колума алган кыргыз тили, адабияты жана кошумча журналистика адистигине ээ болуп чыгышым албетте чоң кубаныч тартуулашы башкы маселе эле. Ал эми мени түпөйүл кылганы- адистик менен кайсы бир мекемеге ишке орношуу, алгачкы кесиптик жолумду баштоо, бир жерге отурукташуу, аспирантурага тапшыруу, илим менен кетүү, чыгармачылык менен алектенүү деги койчу толгон токой идеяларга бай максаттуу жаштардын бири элем анда… Баса, эң негизгиси турмушка аттанып өз очогумдан түтүн булатып жашоо негизги максатымдын бири болчу. Жашым болсо жаңы гана 22 не толуп, айдай толукшуп турган чагым эле. Турмуш курууда жашоодо кадамдарды чогуу таштап, жашоонун оош- кыйышында жетелешип кетүүгө көздөгөн адамым жок эле ал учур.
Айылыма, атам- апама барууга өзгөчө кубанып бир башкача желпилдеп алгам. Колумда баягы белгилүү Aygen деген эки көк пакет. Биринде кийимим, биринде эжем алып берген таттуулар. Ийинимде аса салма кара сумкам. Үстүмө эмнегедир ошол күнү аппак көйнөк кийиптирмин. Чачым ийинимде түшүп сеңселет. Балким ошондо беттерим да апакай болсо керек… Мүмкүн бакырайган көздөрүм, ууртумадагы уячама жарашып сулуу көрүнсөм керек… Балким, балким…
Ошентип, автобуска отуруп айылыма сапар алдым. Ал учурда автобус толо киши, кишиден соодагерлер салган товар көп тыгылышып, камырдан ийленип, аба жетпей, автобустун жыртык- тешигинен чаң буруксуп, ичиндеги ар түркүн адамдардан ар түрдүү жыттар чыгып, бирде тердеп, бирде үшүп эптеп жетээр элек. Анысы аз келгенсип автобус менин айылыма эле эмес, райондун борборуна чейин адамдарды ташып барчу. Кээде дөңгөлөгү жарылса, кээде бузулуп жолдо калганыбызчы..?
Менин ордум ортоңку катардагы бир байкенин жанындагы орундук болду. Кызыгы орундугу жок автобустун үстүңкү жагындагы кармоочко асынып алып бара жатышкан бир топ жаш жигиттер да бар эле. Ойлоп көрсөңүз 6-7 сааттык автобустун жүрүшүндөгү убакытта тикеден тикчийип асылып барышты. Эптеп орун алып алган жаныбыз алардын туруп бара жатканы менен ишибиз эмне сапарыбызды улай бердик. Анан эле жолдун ортосуна келип калганда артта отурган эже үнүн өктөм чыгарып буйруйт сүйлөдү:
— Ай, кыздар! Алдагы жигитти жаныңарга эптеп батырып отургузуп алсаңар боло!
Артымды карасам эки кыз отурушуптур, бири-бирине бирин карап мылжыйып тим болушту. Отургузуша турган эмес.
— Кел, биякка отуруп ал!- деп жанымдагы байкени капталдан түртүп орун бошоттум. Тиги байке болсо мени оңурая карап анан тим болду.
Күндүн ысыгы, абанын сасыгы аралаш тыгылышып келе жаттык. Жол чиркиндики түгөнөөр эмес…
Мага тиги жанымдагы отурган жигит кичүүдөй сезилди.
— Ии, студент окшойсуң. Канчанчы курссуң?- деп койдум.
Тиги жигит болсо жылмайып:
— Окууну бутуп айылга бара жатам- деп сыпайы жооп берди.
Жашыбыз курбалдаш чыккандыктанбы айтор тамаша аралаш сөз таштадым:
-Ммм, окууну бүтүп салдым деп атаңдын коюн сойдуруп жегени баратам дечи?)))
-Ооба, кудай буюрса…Таанышып алалы, атым М….
— Меники Чолпон.
Сөз учугу уланып оголе көп нерселерди сүйлөштүк. Тиги жигит мен ойлогондон да сөзмөр экен. Деги койчу, философия, маданият, спорт, диний түшүнүктөр, жашоодогу көрүнүштөр тууралуу ар кыл суроолорду берип жооп алды көрүнөт, менин айылдагы дарегимди сурай баштады. Ал кезде уюлдук телефон байланышы жок, мүмкүн байланышаарбыз деген ойдо дарегимди айта салдым. Анан эле тиги жигит минтпеспи:
-Атам менен апам барса жакшы кабыл алып кой ээ…
Сөзүнө мээм жетпей жалдырап карап тим болдум.( Кийин ал сөздүн мааниси, маңызын, чындыгын сезгенде гана ии ушинтип жатпады беле деп коем))).
Аңгемелешүүбүз узак жана кызык болду. Баарыдан да студенттик кезибиз өткөн окуу жайдын корпусунда беш жыл боюу чогуу окуп жүрсөк да, эзели бири-бирибизди көрбөптүрбүз. Студенттик кез, окуялар, жатакана, ал жана мен тааныган курсташтар жөнүндө, мен тааныган тиги жигиттин группалаштары тууралуу сөз болгондо, ал жогун тапкансып сүйүнүп мен тууралуу билгендерин божурады дейсиң. Бакырайган көздөрүмдү ого бетерден бакырайып таң калыштуу тигилдим.
— Сен буларды кайдан билесиң?
— Мага сени Нурик сени менен капилет таанышкандан кийин, жакшы кыз экен, жери да сен жактык , сага сөзсүз жагат деп издеп сени такыр таппай койгонбуз. Себеби, Нурик сенин атыңды унутуп коюптур. Курсташтарыңан сурасак Жумгалдык кыздар толтура, атын айтсаң таап беребиз дешти. Бирок, таба албадык. Бул сенин окуу менен кошо сабак берип лицейде иштегенинен улам болсо керек.
-Мына, кызык…
Тагдырдын тамашасы- деп койдум өзүмчө.
Ошентип, сапарыбыз карып менин айылыма кирип келдик. Эстеликке деп эки сүрөтүн сунду. Сумкама салып, кол булгалап айылыман түшүп калдым. Баягы жаныңарга отургузуп ал деген эже мени менен түштү. Экөөбүз көтөрүнүп алып Чет-Булактан айылыбызга бир топ жол бастык. Ал эже бул айылдын келини болуп чыкты. Шаарда тургандыктан биздин айылды жакшы билбейт экен. (Тагдырымды түзүүдө өз салымын кошкон ошол эжеге ыраазычылыгымды билдирем! )
Үйгө келсем апам инимди окууга алып борбор калаага жөнөп кетиптир. Ал кезде телефон деген жок, апам экөөбүз бири- бирибиздин бараар- келерибизди билбей жолго аттанып дал ошол күнү кайчы өтүптүрбүз. Астынан атам калдалаңдап тосуп алды:
— Менин бултушка кызым, келдиңби? Алтыным десе, кел келе гой…
Атам негедир жашып кетип чекемен өөп узакка турду да:
— Окууңду бүтүп, сүйгөн кесибиңе ээ болушуң менен! Айланайын, алтын кызым азаматсың! Энең экөөбүздүн эмгегибизди жерге таштабай бүтүп алдың. Сага ыраазыбыз!- деди.
Туулуп- өскөн айылыма, өзүм чоңойгон ак тамдын ичи- сырты мага өзгөчө көрүнүп, эки жакты карап бутпөйм… Апам байкуш кантсин тырмалаңдап көр тириликтин кылганы менен колунда келини жок бир топ үй ичи кирдей түшкөндөй. Үй актап, эки жакты жыйыштырып баштадым. Атам болсо барпаландап сүйүнөт.
— Энең байкуш эмне кылсын ооруп жүрөт… Келгенде сүйүнүп калсын байкушум, ырас кылып жатасың алтыным…
Кудайдын күнүнүн түбү түшкөнбү, шатырата жамгырдын жааганы жааган. Кышкыга тоютка деп камдаган чөп суу болуп түтөй баштаптыр. Атам экөөбүз күнүгө айры менен ары оодарып, бери оодарып которобуз. Айтор, апамдын кеткенине бир жумадан ашып, атам экөөбүз тиричилигибизди кылып жаттык.
Баарынан кызыгы бойго жеткен кызга жуучу түшкөндөр көп болобу, айтор балакет басып жуучулар көбөйө баштабаспы. Атам болсо:
— Кызым окуусун жакшы окуп бүтүп келди, эми аспирантурадан окуйт. Өзүнүн сүйлөшкөн жигити бар. Кызым силерге барбайт. Максаттары чоң!- деп жолго салат.
Мен болсо жүрөгүм түпөйүл болуп, коркуп алгам. Ал кезде ала качып үйлөнүү күч эле да. Апам келсе экен эртерээк!
Ошондой күндөрдүн бир күнүндө алысыраак тууганыбыз эки аял жана толтура балдарды салып алып үйгө келди.
Максаты мени келин кылып алып кетиш… Адам ээй, бул эмне деген шумдук!
Өмүрү бирөөгө жаман сөз айтып көрбөгөн жаным өз бактым үчүн күрөшүүдө каршы туруп ары долу, ары ажаан болуп чыга келдим да, тиги тууган сөрөйдү жолго салдым. Ошо ошол болду. Атам экөөбүз тынч жашап калгандай болдук. Анан эле бир күнү…
Машина «дүрр» деп биздин эшиктин алдына токтоду. Терезеден карасам бир аял, бир эркек киши түшүп жатышты.
— Ата, дагы бирөөлөр келди. Сураса мен жок, шаарга кетти деңиз- дедим да бир комнатага бекинип жатып алдым.
Бакылдаган үндөр, жайдары күлкүлөр чыгып, атамдын өзгөчө үнү угулат. Бир маалда атам келип:
— Ай, кызым сенин сүйлөшкөн жигитинин ата-эне энеси келиптир! Жакшы кишилер экен.- деди.
— Сүйлөшкөн жигитим?- атама суроолуу карап тим болдум…
Кызык, деги менин сүйлөшкөн жигитим бар беле өзү..?
Атам кайра келген конокторун коноктоо үчүн бирдеке алганга кирди.
— Ата! Ал жигиттин аты ким экен?
-М….
— М….?
Апе-ей, мына кызык!
Ал кечээ жакында автобустан таанышкан жигит го…
Мына сага, дүйнөмдү чаң тополоң каптап, бир кызыктай боло түштүм.
— Ата, алар эмнеге келишиптир?
— Сенин колуңду сурап, кудай кошкон куда-сөөк бололу деп…
-Ммм…
Бирөө мени башка чапкандай боло түштүм, болгондо да таш менен чапкандай чапты го. Дендароо болуп өзүмө өзүм суроо бере баштадым:
М….! Сага жакты беле?
-Ооба, жигит катары жаккан…
— Ал сүйүүбү?
— Жок …
— Ага турмушка чыгасыңбы?
-Ммм… Азыр эмес сүйлөшүш керек го дагы жакындан таанып…
Келген кишилердин узатып атам үйгө кирди.
— Ата, мен ал жигит менен сүйлөшкөн эмесмин… Үйгө келе жатып жаңы таанышкам…
Мен атама ал жигит тууралуу бүт айтып бердим. Атам мени угуп турду да:
— Кызым, тиги «Эки жаштын» ичиндеги сүрөттөгү жигитпи?(«Эки жаш» деген китеп окуп жаткам, ичинде чын эле тигил жигиттин баягы күнү берген сүрөтү бар болчу).
Уялып кеттим…
— Ооба…
— Кызым, сен окууңду жакшы бүттүң. Апаң экөөбүздүн эмгегибизди актадың. Кыз бала үчүн турмуш куруу, өз бактысын табуу чоң маселе. Келген кишилер жакшы кишилер экен. Тиги сүрөттөгү жигит да ыйманы ысык жигит экен. Окууну бүтсө, жаман жолго баспаса, эмгекчил болсо, жаман адаттары жок болсо, ыймандуу болсо мына бул жигит сени бактылуу кылчу жигит экен. Негедир жүрөгүм бир жакшылыкты сезип жатат, кызым мен да макул дедим, сен да астыңа келген бактыңды чана көрбө, кагылайын..?- атамдын үнү каргылданып кетти. Негизи атам боорукер, жашык киши болчу.
Атамдын сөздөрү мени ойго салып койду. Эгерде ал жигит шарт эле үйлөнүү үчүн ак тилегин айтып ата-энесин жиберсе анда… А эмнеге өзү келбейт? Ал мени чындап жактырып калган го… Жактырса өзү келбейт беле? Же нукура кыргыздын салты менен үйлөнөйүн деп жатабы? Ошентсе деле өзү келбейт беле… Оюмдун баары эле өзү менен баарлашууга түртүп туруп алды.
Ошол түнү түйшөлүп таң атырдым. Өмүрүмдө мынчалык жашоо, турмуш тууралуу ойлонбогон чыгаармын.
Эртеси атам кечээки окуя жөнүндө сөз баштады:
— Кызым, ойлодуңбу?
-Ооба ата…
— Ошондо..?
— Ата, билбей турам…
— Кызым, түндө жакшы түш көрдүм. Жакшылыкка жорудум. Кудайым буюрса бактылуу, ырыс- кешиктүү болосуң! Бир гана сенин туура чечимиң керек.
-Ата, мен ал жигитти бир гана жолу көрдүм. Жарым күн баарлаштык. Адам катары ой жүгүртүүсү, өзүн алып жүрүүсү, кичипейил, сыпаалыгы жакты. Бирок, турмуш курам деп ойлобогом… Мен түндө көп ойлондум. Мен макулмун…
— Менин акылдуу кызым, ошент кагылайын! Сен бактылуу болосуң! Жашоодо бакытка балкыган күндөрүндө менин айткандарымды эсте… Ошондо атам көзү ачыктай эле айтыптыр дээрсиң…
Атам кайра кубанычтан көздөрүнө жаш алды.
Бир азга тунжуроо.
— Ата, апам келгенде мен тиги жигит менен сүйлөшүп жүрөм деп айтайын. Апам сүйлөшпөсөң анда кантип болсун дейт- дедим.
Ошону менен сөзүбүз бекиди да калды.
Эртеси апам келди. Атам экөөбүз чоо-жайды түшүндүрдүк. Турмушка чыгам десем апам кубануу менен кабыл алды.
Уктап жаткам. Эртең менен апам бетимен сүйүп:
— Кызым баягы аял келди тур. Жуунуп, таранып, кийинип алып учураш- деди.
Кайсы аял? Ким болуп кетти?
Туруп эшикке чыгып келип, каалганын тешигинен шыкааладым. Мага кайнене болчу аял экен…
Жүрөгүм дүкүлдөп, өзүмдү коёрго жер таппайм. Кантип кирип учурашам?
Ошентип жарым саат убакытым өтүп кетти. Апам болсо шаштырат:
— Бол айланайын, кирип учураш!
Эптеп кирдим. Денем ымыр- чымыр, жыгылып кетейин дедим.
-Саламатсызбы!
— Ии айланайын, Чолпонсунбу? Келе гой, бетинен өбөйүн?
Ансайын калтырап, көзүмөн чаар учуп…
Атам бакылдап:
— Кызым , кайненеңе өз колуң менен чай кайнатып келчи?- дейт.
Самоорду илип алып жөнөдүм.
Өүхх, ииий… Эшикке чыгып жеңилдей түштүм.
Самоорду кайнатып көтөрүп алып кирдим. Чайды калтырап сунам.
— Чолпон макул болсо, ушул алтынчы куну алып кетели…
Кулагым дыңылдап кетти.
— Жок бул алтынчы күн болбойт. Эмки алтынчы күнгө болжойлу. Ага- эжелери шаардан келсин.- деп апам салмактуу сүйлөдү.
— Мейли анда, Чолпон эмки алтынчы күн канчасы экен календардан карачы?
Шып туруп календардын жанына бардым. Ошол числону таппай калчылдап убара болгонумду айтпагыла. Аа мына…
— Он төртү- оозум араң эле кыбырагандай болду.
Жаман оюмда өзү келип жолугуп кетсин деп айтайын деген ой турду. Бирок…
Менин ошондогу ыйбаа кылган уялчаактыгым ай! Ошол кезде ыйман бар экен көрсө.
-М… өзү бир келип жолугуп кетсин- деди апасы.
— Жок ай, алып кетээрде эле келсин. Бияктын балдары тентек.- деп койду атам.
Ошону менен сөз бүттү. Мен тартынып эч сөз айта албадым…
Убакыт деген учкан куш эмеспи! Мен бактымды табаар, турмуш жолуна аттанаар күн да бат эле жетип келди.
Мага өмүрлүк жолдош болчу жигит менен экинчи ирет кез келдим. Ак тилегин арнашып, батасын берип ата-энем, бир туугандарым мени узатышты. Атам кубанычтын, сүйүнүчтүн көз жашы менен кучактап ыраазычылыгын билдирди.
Ошентип, ак тилек менен ак үйгө келин, жубайыма ак никелүү жар болуп келдим.
Атам жаңылбаптыр!
Турмушта далайды көргөн кыраакы акылманы көзү жетип, байкаса керек да…
Жолдошум атам байкагандай мыкты жубай, мыкты ата болуп берди. Ал мени бир көрүп сүйүптүр. Мен болсо аны жубай болгондон кийин сүйдүм!
Мен ага өмүр боюу ыраазымын!
Атам тирүү болгондо менин бактылуу күндөрүмдү көрүп:
— Көрдүңбү кызым, менин айтканым туура чыктыбы?-демек…
Жашообузда казан- аяк кагышкан күндөр деле көп, бирок ошого карабай каңгыр- күңгүр турмуштун арабасын тартып, жашоонун ысык- суугуна күйүп келе жатабыз.
Маңдайыбызга аман бол, өмүр шеригим!
#Мен сени сүйөм!

Чолпон Жылдыз

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here