Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев дарыланып жаткан ооруканадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта: “Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы. Бул боюнча атайын дарыгерлердин консилиуму өтүп, Атамбаевди тергөө абагына которуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Атамбаев УКМКнын тергөө абагына которулду” — деп айтылат.

Алмазбек Атамбаев тергөө абагына бүгүн которулду. Саламаттыгына дарыгерлер күнү-түнү көз салып турушат. Атамбаевден коронавирус аныкталган эмес.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 30-июнда эки тараптуу пневмонияга кабылып, абактан президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына которулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаев акыркы аптада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алганы белгиленген.

Атайын кызмат Атамбаевге оору анын жактоочусу Замир Жоошевден жугушу мүмкүн деген маалымат тараткан. Алмазбек Атамбаевдин жакындары ага ооруну Коопсуздук кызматы атайылап жуктурушу ыктымалдыгын айтып чыгышкан. 23-июнда Биринчи май райондук соту Атамбаевди дагы бир иш — «Батукаевдин иши» боюнча 11 жыл эки айга кескен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here