Кыргыз бийлиги коронавирустун жана пневмониянын расмий статистикасын бириктирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Ал 20-июндан бери өпкөсүнөн кагынып ооругандар (пневмония) көбөйгөнүн, мурда коронавирус тастыкталган бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурулуп келгенин, эми мындай диагноз коюлганга чейин эле бардык муктаждарга жардам берилерин айтты:

«Ооба, COVID-19 катталган алгачкы күндөрдөн тартып республика аймагында пневмония болгондор бирин-серин гана катталып жаткан. Биздин адистер коронавирус деген диагнозду ПЧР анализдин жыйынтыгына карап гана коюшчу. Азыр пневмония болгондор көбөйгөндүктөн ПЧР анализди күтпөстөн тез жардам берүү зарылчылыгы пайда болуп жатат. 20-июндан бери пневмония болгондор көбөйдү. Ошондуктан азыр эки статистиканы бириктирүү жагы каралып жатат».

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын экинчи жарымында башталды. Ошондон бери бул илдеттен ооруканада жаткан 112, ал эми пневмониядан 268 бейтап кайтыш болду.

Адистер «адатта жылдын бул мезгилинде пневмония дээрлик катталчу эмес, азыр денеси ысып, жөтөлүп, деми кыстыккандардын баары коронавирус» деп жатышат. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here