Пандемиядан улам Кыргызстанда күн сайын жүздөгөн адамдар вирус жуктуруп, анын кесептинен күнүгө ондогон адамдар бул дүйнө менен коштошуп жатышат. Кыргыз өкмөтү болсо абалды талапка ылайык көзөмөлдөй албай, өз айласын таппай турат. Кыйналган элге ишкерлер, бир топ ири компаниялар чоӊ жардам берип жатышат. Демилгелүү топтор дагы өз салымдарын кошууда. Бийлик сырттан пандемия шылтоосу менен 350 млн. доллардан ашуун акча алып, анын 200 миллионун негизинен айлык-акыларга коротокону маалым болду. Экономика болсо эӊшерилип, аты да, заты да угулбай турган кез.

Кыргыз экономикасынын локомотиви деп эсептелген Кумтөрдөгү алтыныбызды казып, ташып кетип жаткан канадалык «Центерра» компаниясы мындай кыйын кырдаалда кыргыз элине жардам бергени тууралуу маалыматтар жок болуп жатканы коомчулукту кыжырдантып турат. Эгер буга чейин чоӊ жардамдарды берген болсо эл билет эле. Чынында бул компания алтын казуу ишин кызуу жүргүзүп жатат. Бирок кыйналып жаткан элге, медициналык жабдыктарга жетпей жаткан ооруканаларга керектүү жардам бербестен: «эмне кылсаӊар ошол кылгыла» деген мамиле кылып турат. Болбосо бул компания Кумтөрдөн жылына 20 тоннанын тегерегиндеги алтынды казып, сыртка чыгарып кетүүдө. Кыргызстандын алган үлүшү го өтө аз. Кумтөр эмне үчүн жардам бербей жатат? Бийлик эмне үчүн Кумтөрдөгү алтын казган компанияга тиши өтпөйт? Же бул канадалык компания бийликтеги чоӊ билермандардын чөнтөгүн алтынга толутруп, мурдунан чүлүктөп алды беле? Кыскасы суроолор көп. Бирок ынанымдуу жооптор жокко эсе… Деги эле Кыргызстандын ырыскысын жеп, сыркта ташып кетип жаткан компаниянын кимге кереги бар? Кумтөрдү казып жаткан компания качан Кыргызстанды жыргатты. Ар дайым алдап, чоӊдордун тамагын майлап, өз билгенин кылып келет. Мына ушуга жол берип келген бийликти эл үчүн иштеп жатат деп ким айтат. Албетте, эч ким айтпайт. Кыскасы, бул жеткен нааданчылык эмеспи…

Геологиялык кызматтын Кыргызстандагы ири алтын кендери тууралуу жалпы маалыматты сунуштайбыз:

Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Бирок алардын көбүнүн көлөмү аз болгондуктан иштетүүгө кызыккандар аз. Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын кени бар экени аныкталган.

Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген. Жалпысынан Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген.

Алтын кендеринин ичинен эң ирилери болуп 200 тоннадан ашык алтын кору туура келген Кумтөр, 70 тоннадан ашык алтын катылган Жерүй, Талды-Булак Сол жээк, 30-70 тоннага чейин баалуу металлдын кору жаткан Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Үңкүр-Таш сыяктуу кендер саналат.

ал эми мурунку өкмөт башчы Кумтөрдө Кыргызстандын 850 млн. доллар активи бар экенин айтып, анын 200-300 млн. долларын сатуу керек деп сунуштап келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here