Кыргызстанда бүгүн күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан өтүнмө кабыл алуу жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы саат 17:00гө карата шайлоого катышуу ниетин 42 саясий партия маалымадаганын ырастады.

Маалыматта: «Буга чейин БШКнын отурумдарында алардын 21и тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоого алынды, калгандары боюнча атайын жумушчу топ текшерүүнү жүргүзүүп жатат », — деп айтылат.

2010-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого 28, ал эми 2015-жылы 14 партия катышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here