Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу максатын билдирип 34 саясий партия кайрылды. Булардын басымдуу бөлүгү 7-июль күнү кайрылышкан.

Алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин “Мекенчил” жана “Ата Мекен” партиялары билдиришкен.

Боршайкомдун маалымдашынча, парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтууга тийиш. Саясий партиялар сунуштаган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт.

Быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрда болот

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here