Премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарына кайрылып, келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырды. 7-июлдагы онлайн брифингде ал Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишим негизинде жумушка тартуу иши башталганын, айлык акысы 70 миң сомго чейин болорун мындайча билдирди:

«Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, бүгүнкү күндө иштебей жүргөн, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо, биз аларды ишке чакырабыз. Контракт түзүп, бир же эки айгабы, үч айгабы, жогорку деңгээлдеги дарыгерлер 70 миң сомго чейин, категориясына жараша акча төлөнүп берилет».

Боронов келишимдик негизде иштей турган дарыгерлердин жата турган жери жана тамак-ашы мамлекеттин эсебинен болорун кошумчалады.

Кыргызстанда соңку аптадан бери пневмониядан каза болгондор көп болуп жатат. Ооруканаларда орун калбай, бийлик кошумча стационарларды ачууга мажбур болууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here