Кыргызстандагы бирден бир көзгө басар делип эсептелген балдар ооруканасын, тактап айтканда Эне жана баланы коргоо улуттук борборун узак жылдан бери ийгиликтүү жетектеп келаткан КР медицинасына эмгек сиӊирген ишмер, Медицина илимдеринин доктору, КМШ боюнча педиатрия федерациясынын президенти Узакбаев Камчыбек Аскарбекович менен корновирус, бүгүнкү кырдаал, балдардын ооруларын дарылоодогу жаӊы ыкма жана жетектеген борбордун күнгөй-тескейи тууралуу кенен баарлаштык

-Камчыбек Аскарбекович, сиз жетектеген борбор бүгүнкү эпидемия абалында кандай тартипте иштеп жатат? Себеби, бир топ балдарга  да короноврус жугуп, ооруп жатышат. Мына ушул маселелер боюнча эмне айтасыз?

— Короновирус Кыргызстанда алгач 18-мартта катталды. Ошол күндөн баштап эле  биз өзгөчө шартта иштеп жатабыз. Кандай гана вирус болбосун, балдар ооруп калса ата-эне, эч нерсеге карабастан балдарын талапка ылайык дарылатуу аракетинде болот. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен биз биринчи кезекте оорусу курч, тез жардамга муктаж балдарды гана ооруканага жаткырып, плановый формадагы ооругандарды көп кабыл алган жокпуз. Бирок биздин борбор республикалык деӊгээлде болгондуктан күнүгө борборго  келип жаткан балдардын саны 120дан 150гө чейин жетип жатты. Ошондой эле биздин борбордун төрөтканасына да күн сайын 15тен 20 чейин кош бойлуу аялдар кайрылып, көз жарышты. Мунун баары биз үчүн чынында абдан эле оор болду.  Мындай кырдаалдан татыктуу чыгып кетүүгө бүт күчүбүздү сарптап жатабыз. Вирус жугуу коркунучунан колдон келишинче баардык эрежелерди сактап, катуу чараларды  көрүп жатабыз, бир да бала жардамсыз калган жок. Эң башында эле, биздин гематология бөлүмүндө да  вируска чалдыккандар катталган.  Ал бөлүмдү  биз  убактылуу жаап, дизинфекция кылып, тиешелүү чараларды көргөнбүз. Келген оорукчандарды башка бөлүмгө жаткырып даарылап турдук, кийин кайра иштей баштады. Балдар үчүн обсервациялык  атайы бөлүмдөрдү даярдап, алар бүгүнку күнү иштеп жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 180-190го чейин балдар бул вируска чалдыгышты. Алардын арасында 1 жашка чейинкилери да бар. Балдарга бул вирусту таратпаш үчүн чоӊ аракеттерди көрүшүбүз керек. Бул маселе жеке эле дарыгерлерге эле эмес, ата-энеге, ага-тууганга жана коомго да түздөн –түз тиешелүү. Баарыбыз эрежелерди катуу сактабасак коркунучтун деӊгээли жогору болуп турат.

Чынында күндөн-күнгө  короновируска чалдыкандардан тышкары, бактериалдык инфекция аралашкан же “микс” оорулар менен ооругандар көбөйүп жатат. ПЦР анализи боюнча учурда короновирустун белгилери чыкпай, клиникасы жок, бирок ооруну көнүскө алып жүрүүчү болгондор көп. Өпкөсүнө суук тийген оорукчандар абдан көбөйдү. Бир себеби, көпчүлүк адамга күн ысыганда кондиционерди колдонушат, тердеп- кургап, шамалдап калышы да таасир берет. Ошондуктан адамдар өзүн жакшылап карап, дагы кайталайм. катуу сактануусу зарыл. Доктурларга мындай учурларда иштеш да эки эсе кыйын болуп жатат. ПЦР-де коронавирус жок, бирок клиникасы окшош, мындай учурда өзүбүзда бекитилген схема менен бүт эпидемиялык режимди сактоо менен иш жүргүзөбүз. Ошого карабастан медициналык кызматкердин арасында ооруга чалдыккандар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Азырынча дары дармек жетиштүү.

-Кыргызстанда көп катталган балдар оорусу тууралуу маалымат берсеӊиз?

-Акыркы жылдары биздин борборго: нерв оорулары,   ар кандай  туубаса оорулар, ашказан, көз, кулак-мурун оорулары менен бизге кайрылып жаткандар абдан көп. Өзгөчө жайкы мезгилде бөйрөк оорулары да көбөйүп кетет. Кийинки мезгилде жүрөк оорулары  көбөйдү. Анын себеби  адам бала кезинде жүрөк ооруларына кабылганын жаштыгына салып сезбей жүрүп, улам жашы өйдөлөгөн сайын оорусу күчөй берет. Мындай көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн бала кезинен текшерип , диспансерликтерди группа түзүлүшүбүз керек . Балдар дарыгерлери канча көп болсо,балдардын ооруларын алдына алууга чоӊ салым кошушат эле. Бирок балдар доктурлары региондордо кескин түрдө жетишсиз. Ата-эне баласынын ден-соолугун жакшы билет, көптөрү баланын кайсы бир жери ооруп жатса да, учурунда ооруканага алып барышпайт, кайдыгер мамиле кылган учурлар да  көп кездешет. Анын кесепетинен баланын оорусу күчөй берет. Биз карантин учурунда онлайн режимде,  мисалы, телемедицина, теле консултанция skype, мобилдик телефондор ыкмасы менен иш алып барып жаттык. Бирок биздин эл буга көнгөн эмес да. Ошон үчүн андайга көп көӊүл бурбай, бир жери ооруп калса Баткенден Бишкекке жөнөшөт. Жолдо кыйналат. Оорусу күчөп да кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул ишти биз колдон келишинче күчөтүп, жакшы жолго койгонго аракеттерди көрүп жатабыз. Азырынча чоӊ жыйынтыктарды бере элек, бирок акырындык менен ийгиликтерге жетишип жатабыз десем болот.

К. Узакбаев: Бул борбордун курулушу  1990-жылы башталган. Андан бери 30 жыл өттү. Бирок дагы эле борбордун курулушу тиешелүү деӊгээлде толук бүтпөй келет.

-Эми сиз узак жылдан бери жетектеп жаткан борбор тууралуу кеп кылсак. Бул борбор республикадагы бирден-бир көзгө басар борбор болуп эсептелет да. Мындан улам, борбордук деӊгээлин көтөрүү, жаӊылоо, ар тараптуу күчөтүү иштери жүрүп жатабы?

-Бул маселе боюнча биз сөзүсүз түрдө  тынымсыз аракеттерди көрүп келебиз. Бул борбордун курулушу  1990-жылы башталган. Ошол жылы мен бул оорукананын  башында туруп, шаркта жараша ал мезгилде архитектор, курулушчу жана бир эле мезгилде башкы врачтын кызматын аткарганга туура келди, ишти фундамент түптөөдөн баштаганбыз. Андан бери 30 жыл өттү. Бирок дагы эле борбордун курулушу тиешелүү деӊгээлде толук бүтпөй келет. Мисалы, борбордун күн батыш тарабындагы имаратыбыздын курулушу союз убагында токтогон, ошол бойдон эмдигиче бүтпөй турат. Өткөн жылдан баштап Кувейттин “Ас — Сафа” деген фонду менен сүйлөшүп, борбордун жанынан эки кошумча корпус куруп жатабыз. Кудай буйруса, бир айдан ичинде ишке берилет. Анын бир корпусунда балдар диагностикалык-консультациялык бөлүм, экинчи  корпусубуз болсо  балдардын онкологиялык оорулар эмес кан ооруларын дарылоо  жана трансплантация боюнча да бөлүмдөр жайгашат.  

Кувейттин дагы бир эл аралык фонду менен балдардын онкологиялык оорулары үчүн  беш кабаттуу имаратты куруу боюнча долбоорун даярдадык. Бирок карантинге байланыштуу алар азыркы учурда келе албай жатышат. Булардан тышкары, биздин базабызда Германия өлкөсүнүнү жардамы менен 100 орунду жаӊы төрөткана курулуп бүтүп калды. Бул да гранттык негизде экенин айта кетейин. Бирок биздин өкмөт ал төрөткана курулушуна кеткен каражаттын 10 пайызын, тактап айтканда 190 миӊ евронун тегерегинде каражаты кошуш керек эле. Азырынча өкмөттөн бул акча бөлүнө элек. Буйруса, ал төрөткана эӊ мыкты аппараттар менен камсыз болот.  Мындан башка, Кыргызстандын бюджети менен курала турган балдардын жүрөк ооруларын дарылоо боюнча ооруканабыздын курулушу 80 пайызга бүткөн.  Калган 20 пайызын бүтүрүүгө 70 млн. сом керектелет. Бирок медициналык жабдыктары кымбат, аларды алууга да 2,5, 3 млн. доллар керек болот. Мурунку өкмөт башчы келип көрүп, “бүтүрүп беребиз” деп кетти эле. Эми азыр өкмөт алмашты, шартка жараша аракеттер болот го деп турабыз. Чынындаал имрааттын бүтпөй токтоп турганына көп убакыт болуп кетти. Балдарыбыздын жүрөк оорулары болсо жыл өткөн сайын көбөйүп жатканын жогоруда айттым.  Балдардын жүрөк ооруларынан арылуу үчүн бардык шарттары бар оорукана жана күчтүү дарыгерлер  аба менен суудай керек.

К. Узакбаев: Биз буга чейин  20дай дарыгерди бул ишке окутуп, даярдап койгонбуз. Мен өзүм: Кытай, Индия, Россия, Белоруссия, Казакстан, Түркия ж.б. мамлекеттердин тажыйрбасын көрүп келип, анан ишти баштаганбыз.

-Бөйрөк алмаштыруу боюнча медициналык ишти сиздердин гана борбор ишке ашырат эмеспи. Бул боюнча кандай жылыштар бар?

-Короновируска байланыштуу бөйрөк алмаштыруу иши убактылуу токтоп турат. Эмки жумадан баштап, кайрадан ишти улантабыз. Боорду алмаштыруу операциясына да даярдыктарды көрүп жатабыз. Бирок ал үчүн 500 миӊ долларлык аппарат керек болгондуктан ишти жолго кое элекпиз. Пандемия башталганга чейин ай сайын биз  эки-үчтөн адамдын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасап жаттык. Баары ийгиликтүү болду. Бирок бизде бул боюнча тиешелүү лаборатория жок болгондуктан ооруган адамдарды Алматыга жиберебиз. Азырынча мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан шартка жараша иштерди аткарып жатабыз. Биз буга чейин  20дай дарыгерди бул ишке окутуп, даярдап койгонбуз. Мен өзүм: Кытай, Индия, Россия, Белоруссия, Казакстан, Түркия ж.б. мамлекеттердин тажыйрбасын көрүп келип, анан ишти баштаганбыз. Бизде ал мамлекеттердеги шарттарга салыштырмалуу айрым шарттарыбыз жаман эмес. Мисалы,  каражат аз кетет, өз жери, өз эли. Тил азабы, жол азабы ж.б. оорчулуктар болбойт. Кудай буйруса, акырындык менен мындай иштерибизди күчөтөбүз деп ойлойм.

Жогорку Кеӊеште бөйрөк, боор алмаштыруу ишин жеке менчик ооруканаларга берүү боюнча  бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жазышып,  аракет кылып жатышканын билесиз. Бул маселеге  көз карашыӊыз кандай?

-Бизде трансплатация боюнча мыйзам 2001-жылы кабыл алынган. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Ага ылайык мыйзам да өзгөрүшү керек. Азырынча   бул маселеге жеке менчик оорканаларды арлаштыруунун кажети жок. Эртелик кылат. Себеби, бизде жеке менчик ооруканаларда талапка ылайык келген адистер жок.  Алыс барбай эле Казакстандагы практиканы алалы. Ал жакта жеке менчик 15-20дай ооруканага ушул ишти жүргүзүүгө уруксат беришкен. Бирок жыйнытыгы жакшы болбой, тескери иштер болуп кеткенин ЖМКлардан окудук. Мисалы, органдарды сатуу, дагы ушул сындуу  ар кандай терс жагдайлар орун алды. Андыктан алар жеке менчик ооруканаларга тыюу салып, мамлекеттин карамыгындагы 3-4 гана ооруканга уруксат беришти. Кыскасы, мындай көрүнүштүн баарын  эске алуу зарыл.

-Сиз жетектеп жаткан борбордо дагы кандай жетишкендиктер бар?

Биздин борбордо кийинки эле жылдары 20дан ашык жаңы, заманбап дарылоорун диаагностикалык ыкмалар киргизилди. Кээ бирлерин айта кетейин, тубаса гипотиреоз оорусун диагностикалоочу, неонаталдык скрининг, бул методикага өкмөт 26,5 миллион сом бөлүп берди. Туубаса укпаган балдарды дарылоо боюнча Катар өлкөсүнүн дарыгерлери, Германиянын “Ленхард” фондусу менен иштеп келебиз. Алар бизге гранттык негизинде 20дан ашык балага кохлеарный имплант операциясын жазады суммасы 500 миллион евронун тегерегинде. Көз, нейрохирургиялык, жаак-бет, хирургиялык оорулар боюнча иштерди инвесторлор менен алдыга жылдыруудабыз.

Узакбаев. К: Салыштырмалуу айтсак, биздеги абал орто. Мисалы, союз учурунда Бишкек шаарында эле 20дай балдар бейтапканасы бар эле. Кийин анын баары жоюлду, менчиктелди.

-Педиатирия боюнча жалпы алганда, башка өлкөлөргө салыштырганда ахыбалыбыз, шартыбыз кандай?

-Мен өзүм КМШ өлкөлөрүнүн педиатрлар федерациясынын президентимин. Салыштырмалуу айтсак, биздеги абал орто. Мисалы, союз учурунда Бишкек шаарында эле 20дай балдар бейтапканасы бар эле. Кийин анын баары жоюлду, менчиктелди. Айтор, жок болду. Кадрлардын көбү чет мамлекеттерге иштеп кетишти. Медицина күн сайын, ай сайын өнүгүп жатат. Медициналык жабдыктар да улам жаӊыланып, улам күчтүү болуп жатканын билебиз. Биз андай жаӊы жабдыктардын бирине жетсек, дагы бирине жетпей келебиз. Педиатирия боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен алдыда Россия турат. Жакында эле алар Москванын четине 2,5 млрд. долларга  генетикалык мега борбор сала турганын билдиришти. Бизде болсо андай борбордон бирөө да жок. Бирок эми жок , жок деп олтура берсек болбойт. Биз да чоӊ-чоӊ аракеттерди көрө беришибиз зарыл.

-Маек соӊунда, кесиптештериӊизге куттуктоо, каалооӊузду уксак… Себеби, ушул эс алуу күнү сиздердин кесиптик майрам эмеспи…

Урматтуу саламаттык сактоонун кызматкерлери жана ардагерлер! Биздин кесиптик майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге жана жакындарыңызга чын  ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана биздин жоопкерчиликтүү, татаал ишибизде албан-албан ийгиликтерди каалайм! Эл үчүн, мекен үчүн талбай эмгек кыла берели. Барыӊыздарга кажыбас-кайрат, изги ой-тилектерибиз ар дайым ишке ашкан, ооматтуу, байсалдуу өмүр тилейм!

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here