Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев стационарга жаткырылды. УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, 29-июнда Атамбаев саламаттыгына даттанган. Ошондон улам коронавируска ПЧР анализ тапшырган. Анализдин жыйынтыгы Атамбаевде коронавирус жок экенин көрсөткөн.

Ошол эле күнү дарыгерлердин онлайн консилиуму түзүлүп, Алмазбек Атамбаевге “өпкөсү эки тарабынан сезгенген” (“внебольничная двухсторонняя пневмония”) деген диагноз коюлуп, мурдагы президентти стационарга которуу чечими кабыл алынган. УКМКнын маалыматында Алмазбек Атамбаев акыркы жумада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардын кагаз жана башка буюмдарды алганы белгиленген.

Маалыматта: “Расмий маалыматтарга караганда Атамбаевдин вирустун айрым белгилери байкалган адвокаты Замир Жоошев Ысык-Ата аймактык ооруканасында COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан тууганы менен байланышта болгон” деп жазылган.

УКМК ошондой эле коронавирустун жайылуусуна жол бербөө максатында тергөө абагында кармалгандарга жакындары менен жолугушууда аралыкты сактап, айнек тосмо аркылуу сүйлөшүү сунушталганын белгилеген.

УКМКнын тергөө абагы санитардык талаптарды бекем сактоо менен штаттык режимде иштеп жатат. Кызматкерлердин баары коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here