Буга чейинки рекорд май айында болгон, андан бери үч маанилүү көрсөткүч боюнча акчанын көлөмү 7-8 миллиард сомго чейин өстү.

1-июнуна карата Кыргызстандагы акчанын көлөмү буга чейин боло элек жогорку чекке жеткенин Улуттук банк жарыялаган колдонуудагы акчалар боюнча үч көрсөткүч тастыктап турат.

Буга чейинки рекорд 1-майда коюлган болчу. Колдонуудагы акча — 117 миллиард 917,1 миллион сом (7 миллиард 72 миллион сомго көбөйдү).

Акча базасы — 131 миллиард 18 миллион сом (8 миллиард 281,1 миллион сомго көбөйдү). Кеңири аныктамадагы акча базасы — 137 миллиард 349,2 миллион сом (8 миллиард 111,3 миллион сомго көбөйдү).

Акча санынын көбөйүп жатышынын себеби айтылган эмес. Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат болуп саналат.

Акча базасы — колдонуудагы жана финансылык (депозиттик) уюмдардын кордогу акчалары. Кеңири аныктамадагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), финансылык уюмдардын депозиттери.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here