Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавируска чалдыкты. Бул маалыматты аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты.

Маалыматта: 27-июнга карата коронавирус жугузганы аныкталгандардын ичинде президенттик аппараттын тогуз кызматкери жана аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар экени айтылат.

26-июнда президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталгандан кийин бардык кызматкерлер анализ тапшырган. Маалыматта “Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 болду. Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин көзөмөлүнө алынган. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык” деп кабарланган.

Жакында Москвага президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус табылып, мамлекет башчысы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөн парадга катышпай калган. Келгенден кийин президенттик аппараттын бардык кызматкерлери анализ тапшырган. Мамлекет башчыныкы таза чыкканы маалымдалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here