Кыргыз медицинасы оор жоготууга учурады. 26-июнда кыргыз медицинасынын көрүнүктүү өкүлү, медицина илиминин доктору, профессор Нанаева Мария 93 жаш курагында каза болду.

Мария Нагаеванын кыскача өмүр жолу:

Нанаева Мария (1927-ж. т., Талас району, Арал айылы) — фармаколог, медицина илимдеринин доктору (1976), профессор (1977).
КММИни бүткөн. 1949—53-ж. 2-Москва медициналык институтунда аспирант жана ассистент.
1953—54-ж. КММИнин фармакология кафедрасында ассистент. 1954—61-ж. доцент. 1961-жылдан фармакология кафедрасын башкарат.
Нанаеванын негизги эмгектери бийик тоо шартында дарылардын жүрөк, кан тамырларга тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. 70тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография) автору. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here