26-июнда автокырсыкка учурап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор.

Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, эс-учун билбеген абалда жатат. Дарыгерлердин айтымына караганда: ырчынын баш мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганын билдирди.

26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун машинеси менен «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан.

Жол-кайгуул кызматы эки автоунаадагы үч киши түрдүү жараат алганын кабарлаган.

29 жаштагы Асел Кадырбекова кыргыз эстрадасындагы белгилүү ырчылардын бири. Ошондой эле дагы бир атактуу ырчы Нурлан Насиптин жубайы. Экөөнүн ортосунда бир кызы бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here