Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов короновирус илдетинен улам каза тапканын Ассол Молдокматова билдирди. Ал быйыл 12-августта 70 жашка толмок. Карагулов 1973-жылы Улуттук университеттин филология факультетинде, 1977-1979-жылдары москуда киновакдемияда билим алган

Карагулов Бакыттын эмгек жол жана ал жараткан тасмалар:

«Кыргызтелефильм» (1972–76), «Финема» студияларында режиссёр, директор (1978– 2005), 2007-жылдан «Кыргызфильм» улуттук киностудиянын директору. «Айдагы жез кемпир» (Бүткүл союздук кинофестивалдын мыкты режиссура үчүн атайын сыйлыктын, Бишкек, 1985), «Бороондуу бекет» (Алтын камера сыйлыктын, Берлинаре, 1996), «Саманчынын жолу» (Атайын сыйлыктын, Берлин, 2000), «Найман эненин көз жашы» (Атайын сыйлыктын, Австрия, 2006) жана башка фильмдерди тарткан. Айрым фильмдери («Биринчи генерал», «Турмуш гүлдөрү», «Ат жалын бек карма», «Куш өмүр» жана башка) Токио, Египет, Италия, Венгрия, Канадада өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here