Төкмө акын Аалы Туткучев Жогорку Кеңештеги таластык депутаттарды шакабалап, намыска тийе турган ыр жазды. Бул ыр спикер Дастан менен генерал мырза З. Рысалиевге арналганы баарына белгилүү болуп турат

Талас бул жердин куту да,

Таптаза ичи-тышы да. 

Эң начар деген баласы,

Төрага болот ЖКга.

Күлдүрдү булар күлбөстү,

Манасты жерге сүйрөштү.

Сөөктө тилдин жоктугун,

Сөгүнбөй эле үйрөттү.

Залкарлар чыккан бул элден,

Куру эмес уучу билем мен.

Чыгаанын бербей ЖКга,

Чимкириктерин жиберген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here