Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү жыйында: “Джин-Эксперт” деп аталган ыкма менен иштечү атайын аппараттар аркылуу мурда кургак учукту аныктачубуз. Эми муну коронаврусту таап чыгуу үчүн колдонгону жатабыз. Жакынкы күндөрү эле ПРООНдун жардамы менен аппаратка 6 550 картридж алдык. Бул дал ушунча кишинин анализин чыгарса болот дегенди түшүндүрөт”, — деп билдирди. Ал жабдуулар Улуттук фтизиатрия борборунда иштеп, саат сайын сегиз кишиден анализ алат. Жыйынтыгы бир сааттын ичинде даяр болот.

Каратаев эми Глобалдык фонддун эсебинен дагы 50 миң картридж алынганы жатканын кошумчалады. Бул коронавирусту тез жана сапаттуу аныктоого жардам берери айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here