—Бакыт мырза,  Кубатбек Бороновдун өкмөт башчы болуп калышын кандай кабыл алдыӊыз?

—Боронов бийликке эӊ эле ылайыктуу фигура да. Башка адамды алып келишпейт эле. Абылгазиев Жээнбековго баш көтөрбөй  кандай ак кызмат кылса, Боронов дагы  ошондой эле ак кызматын кылат. Албетте, экономиканы көтөрө албайт. Ага шаасы да жетпейт. Биздин экономика чөгүп баратат. Аны Боронов да, башкалар да сактай албайт. Бир гана шайлоо менен алек болот. Жээнбеков Бороновду шайлоодо кандай иште десе ошондой иштеп берет. Кыскасы, бул өкмөт башчы деле Абылгазиев экөөлөп чапкан жол менен иштейт. Башка күч-кубаты жок. Эл болсо кыйнала берет, нааразычылык көбөйөт. Бийлик болсо ага саясый кызыкчылыкты биринчи орунга чыгара берет. Мындай көрүнүштөрдүн баары жакшы эмес.

—Биригип, бири-бирине баш кошуп жаткан саясатчылар, партиялар тууралуу эмне айтасыз?

—Мен мисалга эле бир нерсе айтайын. Текебаев башынан социалист. Сариев болсо оӊчул. Бул кантип биригет? Анткени, экөөнүн саясаттагы көз караштары туура келбейт. Биз саясат таануучулар булардын бириктик дегенин угуп шок болуп жатабыз. Мындайча айтканда “плюс” менен “минус” кантип биригет эле. Текебаев менен Сариев бул жагын алганда ошондой эле карама каршы саясатчылар. Эл билбейт. Баарын өзүбүз ойлогондой кылабыз деп ойлошот окшойт. Андай ойлошсо жаӊылышат. Эл баарын билет. Жанар Акаев жалындуу, курч дешет. Бирок анын сүйлөгөнүн мен байкап жүрөм. Сөзгө чечендиги, элди ишендире алгандыгы кадимки Аскар Акаевдин сөздөрүнө окшоп кетип жатат. Ошон үчүн андан да чоочугандар да аз эмес. Бул бирикменин ичнен Момбеков элди көбүнчө тамаша сөздөрү менен тартат. Бирок эле сөздөн мурун реалдуу иш керек. Азыр биригип жаткандардын бир гана кызыкчылыгы- эптеп шайлоодо босогодон өтүп, мандатка жетүү. Өтүп алышкандан кийин баягы эле убадалар унутулат. Анан биригип баргандардын ичинен интрига башталат. Эл болсо дагы эле алданып кала берет.

—Сиздер саясат таануучулар жаш, картаӊ саясатчыларга ар кандай кеӊеш берип, “таӊ ашырып, суутуп” жатпайсыӊарбы. Ошол саясатчылардын баарына эл ишенбейт. Сиздерге эл ишенеби?

—Бизге эл ишенет. Себеби, биз саясатчы эмес, саясат талдоочуларбыз. Саясый окуяларды, саясатчылардын жаман-жакшыларын ачык айтканга аракет кылабыз. Айткандарыбыздын баары эле сонун деп айта албайм. Туурасы бар, ашыкча кеткени бар. Айтор, туурасын, жакканын эл өзү тандашы керек да.

—Бул шайлоодо деле эл сатылат, алданат деген кеп-сөздөр көп айтылып жатат. Элдин аӊ-сезими качан, канткенде оӊолот?

—Туура. Дагы эле сатылат. Ар бир шайлоочу ошол учурдан пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын чечип калганга абдан аракет кылат. Эл саясый партиялардын программаларын окубайт. Окуса да ал программага эч ким ишенбейт да. Ошон үчүн булар баары бир акчанын, бийликтин күчү менен депутат болуп кетишет деген ой менен алардан акча алып, алдап коё беришет. Бирок өзүнүн тазалыгы, шайлоодо сатылбагандыгы боюнча эч бир сөз айткысы келбейт. Эртеӊ анан баягы элди тажаткан эскилер депутат болуп келгенде кайра аларды сөгөт. Болбосо кечээ өзү андан акча алып, добушун саткан. Мына ушундай көрүнүштөр бул шайлоодо деле абдан  катуу орун алат. Элибиз таза шайлоого даяр эмес.

Өлкө өнүгүп, экономика өскөндө гана эл  шайлоодо сатылбайт.  

—Бул шайлоодо кайсы партияны сүрөөнгө алганы турасыз?

—Мен азырынча бир эле партияны сүрөөнгө алам, бир эле партияга иштейм деп айта албайм. Иштейм, баарына иштейм. Мастер бир эле машинаны оӊдобойт да. Бир жери бузулуп мастерге кайрылган бардык айдоочулардын машинасын оӊдой берет. Айтор, машина тандабайт да, туурабы? Биз деле шайлоодо ошондойбуз.

                                                                                                                  

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here