Бүгүн, 25-июнда, Республикалык штаб өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор министрдин орун басарына «ӨА режими киргизилеби?» деген суроо узаткан. Эске салсак, өзгөчө абал режими буга чейин 25-марттан 10-майга чейин иштеген эле.

Министрдин орун басары бул суроого:

-Өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси бүгүн, 25-июнда, Республикалык штабдын жыйынында талкууланат. Өзүңүздөр көргөндөй, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында кырдаал курч. Өкмөт бардык факторлорду эске алып, бир чечим кабыл алат деген ойдомун, — деп жооп берген.

Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандардын саны 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here