—Кыргызстанда коронавиурс күчөп жаткандай эле,  саясат, саясый окуялар да күчөп жаткан кези. Анткени алдыда шайлоо турат. Өкмөт да  алмашты.  Ушул маселелер боюнча эмне айтасыз?

—Өкмөттүн алмаша турганы күтүлүп жаткан болчу да. Бороновдун өкмөт башчы болушу көпчүлүккө чоӊ деле жаӊылык эмес болду окшойт. Анткени, бул адам кеткен өкмөт менен тыгыз иштеп, иштин-чоо-жайын жакшы билип, иш алып барып жаткан да. Саясатта деле тажрыйбасы аз эмес. Эгер өкмөткө жаӊы адамды алып келсе, ал иш менен таанышып, иштин ичине  сүӊгүп киргенче бир топ убакыт өтүп кетмек. Президентке чоӊ шайлоонун алдында мындайдын кереги жок. Шайлоону өткөрүү үчүн шайлоонун  ишин, өкмөттүн ишин биле турган адамды ылайыктап алып келишти го. Өкмөт эми шайлоону өткөрүүгө түздөн-түз эмес, кыйыр түрдө катышат. Шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрөт. Шайлоого дагы 3-4 ай бар. Өкмөт бекеринен100 күндө отчёт бербейт. 100 күндүн ичинде бир топ иштерди бүткөрсө болот. Боронов быйыл 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгарабыз деп билдирди. Чындап эле ошончо айыл өкмөт дотациядан чыкса, анда бул Кыргызстан үчүн чоӊ иш болот. Ушул темп менен жылына 40 айыл өкмөттөн дотациядан чыгарып турушса абдан жакшы болот  эле. Мындан тышкары, Боронов  Коопсуз шаар боюнча долбоордун экинчи этабын ийгиликтүү ишке ашырса болот. 2020-2023-жылдары тышкы карыздарыбызды төлөөнүн туу чокусуна жетебиз. Андыктан, тышкы карыздарды реструктуризация   жасоо абзел. Бул маселеде биринчи кезекте Кытай менен сүйлөшүп, өзүбүздүн шартыбызга ылайыктап албасак абдан эле оор болуп калат.

—“Шибегени капка ката албайсыӊ” дегендей сиз эми өкмөт шайлоого кыйыр эле катышат дегендей айттыӊыз. Баарыбыз билебиз. Өкмөт шайлоодо  президент каалаган жыйынтыкка жетишүү үчүн кара жанын карч уруп иштебейт деп кантип кепилдик бере алабыз?

—Туура, ал жагы да бар. 30 жылдан бери ушул көрүнүш элдин көкүрөгүнө көк таштай эле тийип келатат. Өкмөт, президент бул ирет шайлоону таза өткөрбөй дагы эле мурункулардын жолун жолдоп, өздөрү каалаган жыйынтыкка жетүү аракетин көрүшсө анда шайлоонун арты жакшы менен бүтпөй калышы толук  мүмкүн. Себеби, бизде бул жагынан бай тажрыйба бар. Ошондуктан бийлик бул маселеде абдан кылдаттык менен иш кылбаса болбойт.

—Пандемиядан улам экономикабыз күндөн-күнгө чөгүп баратканы эч кимге жашыруун эмес. Сиз бул кырдаалдан чыгуу үчүн кандай сунуштарды айтат элеӊиз?

—Пандемиянын кесепетинен улам 3-4 айдан бери дүйнө жүзүнүн экономикасы алдыга жылбай, токтоп, көп өлкөлөрдүкү артка кетип жатат. Эми гана жаӊыдан гана кыймыл башталууда. Мындай көрүнүш биздин башыбызда турат. Биз тамак-ашты, кийим-кече ж.б. товарлардын 70 пайызын чет өлкөлөрдөн ташып келебиз. Өкмөт антикризистик программаларды кабыл алып, элге кайрылуу кылып, көп нерсени ачык айтып, эскертиши керек эле. Тилекке каршы, өкмөт мындай иштерди жасабай турат.Мен да өзүмдүн антикризистик программамды өкмөткө, улуттук банкка  жибергениме бир айдан ашты. Бирок ошондон бери бир да жооп ала алган жокмун.

—Ал кандай сунуштар эле?

—Мындай кыйын кырдаалда өкмөт сомдун курсун эмне кылса да туруктуу кармаганга аракет кылышы керек эле. Карантин башталардын алдында бизде долллар 10 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Кайра бир аз убакыттан кийин 3-4 сомго арзандады. Мунун баары экономикабызга абдан сокку болуп жатат. Мисалы, азык-түлүк ж.б. товарлар жок дегенде 20 пайыздан 50 пайызга чейин көтөрүлүп кетти. Эл болсо кыйналгандын үстүндө.  Мен ушул өкмөткө ушул багытта сунуш жөнөткөм. Доллардын курсун туруктуу кармаш үчүн мен мындай  конкреттүү сунуш бергем. Кармайбыз деп эле улуттук резервди улам пайдаланып, түгөтө бербей башка жолдорду, ыкмаларды да пайдалануу зарыл да. Жогоруда айттым, импортубуз 70 пайыз деп. Мен анализдеп чыктым. 70 пайыз импорттук товар дегенибиз бир жылда 6, 5,  7 млрд. долларды чапчыйт экен. Анын 65-75 пайызы Кытайга таандык экен. 20-30 пайызы Россияга таандык. Ушул эки мамлекет менен соода кылганда улуттук валюталардын негизинде соода жүргүзүшүбүз керек. Россияныкы рубль, Кытайдыкы юань.  Бул аттары аталган эки өлкө бүгүнкү күндө өздөрүнүн улуттук валюталары менен соода жүргүзүшөт. Биз дагы ошондой ыкмага өтүшүбүз зарыл. Кытай менен соодабыз 4,5 млрд. доллар болот. 2015-жылы Кытайдын улуттук банкынын төрагасы Кыргызстанга келип, биздин улуттук банктын төрагасы менен сооданы улуттук валюта менен жүргүзүү боюнча атайын меморандумга кол коюшкан. Ошондон бери иш алдыга жылган жок. Унутта калтырышты. Эми да кеч эмес. Азыр да аракет кылып, соода-сатыкты улуттук валюталар менен жүргүзсөк,  бир топ чоӊ каражат үнөм болот эле. Долларга болгон муктаждык, көз карандылык дагы абдан азаймак. Көтөрүлбөйт дагы  болчу. Экономикабызда да жылыштар болуп турмак. Юань азыр арзан валюта эмес. Дүйнөдө 3-орунга чыкпадыбы.

—Өкмөт деле ушуну билет да. Эмне үчүн  мындай кадамга барбай жатат? Кызыгып көрдүӊүзбү?

—Эмне себептен кызыкпай, кабыл албай жатканын толук билбейм. Бул сунушума эч ким кызыккан жок. Жооп да келе элек. Биздики мындай иштерде такыр жоопкерчилик алгысы келбейт. Коркушат. Жаӊычылдыкты жактырышпайт. Мурунку чабылган эски жол кандай болсо ошол жол менен иштемиш этип жүрө беришет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here