Санжырада Кубат бий Кубат хан деп да аталып жүрөт. Мына ушундан улам Кубат бий чын эле хан болгонбу деген ой пайда болот. Салт боюнча хандык бийлик мамлекеттик эң жогорку бийлик катары атадан балага мурасталган. Демек хандын укум-тукуму гана хандык даражага ээ боло алган. Кубат бийдин ата-бабалары өздөрүн хан деп аташкан эмес, бий деп аташкан. Кубат бий да өзүн хан деп атабаган. Ал кезде кыргыздар бирдиктүү бир мамлекетке бириге элек болчу. Кубат бийдин максаты кыргыздарды бириктирип бирдиктүү бир мамлекетти түзүү болгон. Бирдиктүү мамлекетти түзбөй туруп өзүн хан жарыялоо мүмкүн эмес болчу. Андыктан Кубат бий өзүн хан же өкүмдар катары эмес ошол жоокерчилик заманда кол башчы катары эсептеген. Хан деген аталыш ага эл тарабынан берилген. Анткени калмактардын чапкынынан чабылып чачылган элге элди баш коштуруп бириктирип ички-тышкы душмандардан коргой ала турган күчтүү бийлик керек эле. Муну туура түшүнсө болот.

Өз ара касташып турган ак-тоолуктар менен кара-тоолуктардын саясий топторунун жетекчилери — Кашкардын диний башкаруучулары, кожолор Кубат бийди калмактардын үстөмдүгүнө каршы күрөшкө чакырышкан. Кубат бий Фергана, Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстандагы кыргыз урууларын баш коштуруп борборлошкон кыргыз мамлекетин түзүүгө аракеттенген.
Ата Журтунун эркиндиги менен көз карандысыздыгы үчүн эч нерседен тартынбай жан аябай күрөшкөн Кубат бийдин каармандыгы коңшу мамлекеттердин башкаруучуларын өзүнө тарткан. Алар Кубат бий менен мамиле түзүүгө аракеттенишкен.

Оро-Төбө жаңжалы

Оро-Төбө аймагы Бухара эмирлиги менен Кокон хандыгына көз каранды эмес өз алдынча вилает болгон. Вилаетке улгайып бир топ жашка барып калган Фазыл бий ээлик кылган. Оро-Төбө аймагын бөлүп-жарып ээлеп алуу максатында 1754-жылы Бухара эмири Мухаммед-Рахим Кокон өкүмдары Эрдана бий жана Анжияндык кыргыздардын башчысы Кубат бий тең укуктуу шериктештер катары Оро-Төбөгө жортуулга чыгып, бухаралык аскерлер батыш тараптан, Эрдана менен Кубат бийдин бириккен кошууну чыгыш тараптан Оро-Төбө ээлигин кыса баштайт. Бухаранын жыл наамаларында Кубат бийдин бул учурдагы ишмердиги Эрдана бийдин таянычы жана жардамчысы катары бааланган. Бирок бул жортуул ишке ашпай калган. Ашкере митаамдыгы, куулугу, амалкөйлүгү менен Мадамин шайтан деген атка конгон Гисардын өкүмдары Мухаммед Эмин бий Бухара, Хива хандыктарынын жана кокондуктар менен кыргыздардын күч алышынан чоочулап, Фазыл бийге жан тартып, Бухара эмири Рахим бий менен Эрдана бийдин бири-бирине мамилелери салкын экенин байкап, алардын ортосуна чагым салуу максатында Кубат бийдин атынан Кубат бийдин жасалма мөөрүн басып, Фазыл бийге Эрдене бий менен бирдикте Бухара эмирин талкалоону сунуштаган жашыруун кат жөнөтөт. Бул кат атайын даярдалган кыргыз чабарманы аркылуу жөнөтүлүп, алдын ала ойлонуштурулган боюнча «кооптуу кат» Бухара эмиринин колуна тиет. Ансыз да өнөктөштөрүнө ишенбеген өтө сак Рахим бий Эрдана менен Кубат бийге каарданып аларды чыккынчы деп айыптайт.

Эрдана бий катка тиешеси жок экендигин далилдеш үчүн касам ичип ант берип күнөөнү Кубат бийге шылтайт. Шериктештердин ортосунда ырк кетип бухаралыктар кыргыздардан кооптонуп кырсыктан алдын ала сактанып артка чегинет. Кубат бий Рахим бий менен Эрдене бийдин эки жүздүүлүгүнө каны кайнап көңүлү сууп, Эрдененден бирото кол үзүп, кошуунун Анжиян, Алай тарапка алып кетет. Эрдана болсо Оро-Төбөгө жалгыз кол салуугу батына алган эмес. Ошентип амалкөй Мухаммед Эмин бийдин арамза айла-амалы ишке ашып Бухара эмири Мухаммед-Рахим Кокон өкүмдары Эрдана бий жана анжияндык кыргыздардын башчысы Кубат бийдин тең укуктуу шериктештиги жаңжал менен аяктап, Эрдене бийдин Кубат бийге болгон мамилесин түп тамырынан бери өзгөрткөн. Ал эртеби-кечпи кыргыздарды каратып алууну көздөп өз жолун тазалаш үчүн Кубат бийди саясий аренадан четтетүүнүн жолун издей баштаган.

Кашкар жүрүшү

Бухара эмиринен, Кокон ордосунан көңүлү сууган Кубат бий Анжиян, Алай тараптагы чегин бекемдеп, кыргыздардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Турпандык кыргыздар менен байланышын чыңдап, Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга жигердүү катышып, Кашкар, Жаркент ж.б. шаарларды жуңгарлардан бошотууда кара тоолук жана ак тоолук кожолорго түздөн-түз колдоо көрстүп, өзүнүн аскердик саясий ишмердүүлүгүн андан ары уланта баштайт.

XVIII кылымдын башынан тартып кара тоолук (Кашкардык) сопулардын кожолорунун тарыйкатынын жол башчысы Даниял кожо Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоонун (Чыгыш Памир) кыйла бөлүгүн көзү өткөнчө Жуңгар ханынын вассалы катары башкарып турган. Даниял кожонун көзү өткөндөн кийин Жуңгар ханы Галдан Церен анын уулдары Жахан кожо, Жусуп кожо, Низам ад-Дин кожо, Абдаллах кожону Жаркент, Кашкар, Ак-Суу, Турпан шаарларына улук кылып дайындап бирок иш жүзүндө ал калааларды өзү башкарган. Андыктан жуңгар хандарынын колдоосуна таянган кара-тоолуктар Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алганга чейин бийликти өз колдорунан чыгарган эмес.
Исхакия сопучулук жамааты XVII кылымдын башында Махдум-и Аззам кожонун кенже уулу Исхак кожо тарабынан негизделип, кара тоолуктар же кара такыялуулар деп аталган. Чыгыш Теңир-Тоо жана Чыгыш Памирдеги саясий бийлик үчүн Исхакия жамааты Исхак кожонун агасы Мухаммед Эмин кожо тарабынан негиздеген ак-тоолуктар же ак такыялуулар деп аталган. Алардын бийлик үчүн өз ара согушу узакка созулуп жергиликтүү уйгур, кыргыз, казак элдерин азапка салып, жүдөтүп, алсыратып, жуңгар баскынчыларынын үстөмдүгүнө каршы күрөшкө чыгууларына кедергисин тийгизген.

1754-жылы Чыгыш Түркстандык уйгурлардын өкүмдары Жусуп кожо Түштүк Теңир-Тоолук кыргыздардын колдоосуна таянып, өз ара так талашуудан алсырап калган Жуңгар хандыгына баш ийүүдөн баш тартат. Ал Бухара менен Коконго элчилерин жиберип калмактардын бийлигинин начарлап кулаарына аз калгандыгын кабарлап, аларды «капырларга» каршы биргелешип күрөшүүгө чакырып, анжияндык кыргыздардын башчысы Кубат бийге атайын кат жөөнөтөт. Кат «Урматтуу Бахадур бий. Оо Кубат Мырза! Сиздин ата-бабаңыз биздин мюриддердин ишенимдүү адамдары эле, Сиздин бабаңыз Галижа (Калча) мусулман аскерлеринин башчысы эле» деп жазылып, Жаркенттеги Жуңгар хандыгынын үстөмдүгүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардамга чакырган.

Жусуп кожонун бул каты Кубат бийдин колуна тийер менен, ал тарапта жашаган кыргыз урууларын эстеп, аларды бөөдө кыргындан сактап калуу жана тектеш элдердин боштондук кыймылына колдоо көрсөтүү үчүн көп күттүрбөй кошуунун алып Алай аркылуу Кашкарга жетип барат. Ушул мезгилде ак-тоолук кожолордун улугу Бурханиддин менен анын иниси Канкожо Жусуп кожо баш болгон кара-тоолук кожолордон чөлкөмдөгү бийликти тартып алыш үчүн күрөш башташат. Бирок Жусуп кожо күтүүсүздөн көз жумуп, калктын көпчүлүк бөлүгүнүн ак-тоолук кожолордун кыймылын колдоосунан улам Кубат бийге Бурханиддин жана Канкожо менен бирдикте жоого каршы күрөшүүгө туура келет. Бурханиддин кожо Кубат бийдин түздөн-түз колдоосу менен Кашкар, Жаркент, Үч-Турфан ж.б. калааларды тез эле каратып алат. Айрыкча Кубат бий менен Бурханиддиндин аскерлери Жаркентти курчоого алганда калааны коргоого 40 миң адам катышкан. Калаанын коргоочулары шаардын дарбазасынан чыгып кармаш кызыган маалда Кашкардын акимбеги Газибек кыргыздардын кысымына туруштук бере албай туусун таштап качып жөнөйт. Баш-төшү жок баш аламан түшүп качып жөнөгөн калаанын коргоочуларын Кубат бийдин буктурмадагы аскерлери артынан сая түшүп таш-талканын чыгарат. Андагы анжияндык кыргыздардын каармандыгы, эрдиктери үчүн Бурханиддин Кубат бийди Кашкардын акимдигине дайындайт.

«Тазкира-и ходжаган» аттуу эмгектин автору Мухаммед Садык Кашгаринин жазганы боюнча Галижа бийдин урпагы (небереси) Кубат бий Чыгыш Түркстан элдеринин калмактардын үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн жүргүзгөн күрөшүнө колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүчүн аткарып «Бахадур-бий» мартабасына арзып, жолу шыдыр аскер башынын зор атак-даңкына бөлөнгөн. Кашкардын акими катары калааны 1755-жылдан 1757-жылжын жазына чейин 2,5 жылдай башкарган.

1757-жылы жазга жуук Кашкар аймагында кожолордун кыргыздарга болгон мамилеси бузулуп, бири-бири менен болгон так талашуусу кайрадан күч алып, Цин аскерлеринин жаңы чабуулдары башталгандыктан Кубат бий өзүн коштоп жүргөн кошуунун бөөдө кырып албас үчүн Кашкарды таштап Алай, Анжиян тарапка чыгып кетет.

Дүйнөдөн кайтышы

Кубат бийдин дүйнөдөн качан, кандайча кайткандыгы тууралуу санжыраларда жана адабияттарда ар кандай маалыматтар айтылып келет. «Кыргыз тарыхы» энциклопедиясында кашкарлык Жусуп кожонун чакырыгы боюнча аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кеткен. Ушул окуядан кийин Кубат бийдин тагдыры белгисиз деп жазылган. Ал эми Үсөйүн ажынын айтуусу боюнча Кубат бийди чоң багыштар менен болгон чатакта жээни атып өлтүрөт. Анткени жээни чоң багыш экен. Чоң багыштар «Кубат бийди өлтүрсөң сени ордуна хан көтөрөбүз» деп убада беришет. Санжыра изилдөөчү Кушубек Качыбеков «бир кезде Кубат бийге таянып саясий бийлигин чыңдап алган Эрдене бий Кубат бийди Кожент шаарына кеңешмеге деп чакырып, аны буктурмадагы жүздөгөн Кокон желдеттери менен колго түшүрүп, кыргыздардын көтөрүлүп кетүүсүнөн чоочулап шашылыш даргага астырат» деп жазат. Белгилүү тарыхчы, инсан таануучу аалым Токторбек Өмүрбеков Эрдана бий өз элине тоодой баркы бар Кубат бийди Ходжент шаарына чабармандарынан чакырткан. Кокондуктардын кыянат кылыгынан кабары жок айкөл Кубат бий калаага кирери менен аны аскеринен алдап бөлүп алып шашылыш даярдаган даргага астырат деп белгилейт. Касым Кушубековдун «Улуу тоого чыккан барбы» деген чыгармасында Кубат бийди чоң кеңешке чакырбайт деп таарынган Чымыр, Шурубек деген туугандары тарабынан кекиртекке атып өлтүрүлгөндүгү айтылат.

Акжол Жолдошев санжыра жана башка маалыматтарга таянып «Орто кылымдардагы Алтай, Эне-Сай, Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхы» деген китебинде Кубат бий 1860-жылдардын ортосунда Кокон бийлиги тарабынан атайын жөнөтүлгөн адамдар аркылуу ууландырып өлтүрүлгөн дейт. «Кыргыздар» деген 10 томдук китептин 6-томунда Темиркул Асановдун «Кубат бий» деген эмгегинде Кубат бийдин Чыгыш Түркстандагы жана Ферганадагы саясий кадыр-баркынын жогорулашы Кокон башкаруучусу Эрденени кооптондурган. Ошондуктан Кубат бийди Фергананын саясий аренасынан четтетүү үчүн Эрдана «Ош жергесинен 9 көпөстү кушчу, мундуз элдери карактады» деп жалаа жапкан. Кыясы ушул чатак Кубат бийдин кокондуктар менен араздашуусуна алып келген деп жоромолдойт.

Кандай болгон күндө да Кубат бийдин набыт болушуна Эрдененин чоң катышы бардай. Синьцияндагы Кытай наместниги Юнгуйдун 1762-жылы императорго жөнөткөн катында Кашкардын мурдагы акими Кубаит бий Эрдана тарабынан өлтүрүлгөндүгү айтылат. Эмнеси болсо да Кубат бийдин өлүмүнө ошол кездеги саясий жагдайлар түздөн-түз таасир эткен.
Азыркы айрым маалыматтар боюнча Кубат бийдин сөөгү Алайдын Кичи-Дарыя деген жерине коюлган. Ал эми санжырада Кубат бий Чыгыш Түркстанга коюлуп, анын ысымына байланышкан мунара Синцзяндагы Кызыл-Ой деген жерде сакталып калганы айтылат.

Кубат бийдин набыт болгонун укканда карындашы Аксуусар мындай деп кошкон:

Кубат хан өлбөй кут өлдү,

Кушчу, мундуз журт өлдү.

Саруу, кытай дагы өлдү,

Сан кыргыздын баары өлдү.

Күндө чыкчу күн өлдү,

Түндө чыкчу ай өлдү.

Адыгине уруусун бийи Ажы бий «кокондон коргоор кубатым, эми ээн калды бир башым» деп абдан кейиген дешет. Санжыра изилдөөчө Кушубак Качыбеков Кубат бийдин урпактары бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айлында, Сузак районунун Орто-Азия айлында, Кытайдагы кызыл-суулук кыргыздарда жана Өзбекстанда Асаке, Миян, Мундуз, Кара-Кушчу айылдарында жашарын, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Таттыбүбү аркылуу Кубат бийдин туусу жана мөөрү бүгүнкү күндө Өзүбекстандагы Анжиян обулусунун Пахта-Абад районунун Миян айлынын тургуну Мамырасулхан Максым уулунун колунда экендигин билгендигин, алар Кубат бийдин атын сыймыктуу алып жүрүшөрүн жазат.

Талас эли менен байланышы

Кубат бий XVIII кылымдын экинчи жармындагы кыргыз уруу жол бошчыларынын эң атактуусу, мыктылардын мыктысы, көптү билген көрөгөчү, акылманы катары коңшу элдерге аттын кашкасындай таанымал, кадырман адам болгон. Ал өзүнүн кушчу уруусунан тышкары, Анжиян, Аксы, Талас тараптагы бөлөк урууларга дагы баш-көз болуп, жалпы кыргыз калкынын келечеги үчүн кам көргөн.

Талас эли Аксы, Наманган, Анжиян кыргыздары менен соода сатык кылып эзелтен эле тыгыз карым катнашта болгон. XVII кылымдын аягында коңтайшы Галдан Боштоктун мезгилинде калмактар кыргыз, казак журттарына байма-бай кол салып алардын жерлерин тартып ала баштайт. XVIII кылымдын башында Жуңгар хандыгынын манчжурлар менен согушуп алсыраганын сезген кыргыз, казактар калмактарга тарттырып жиберген жерлерин кайтарып алууга аракеттенишет. Бирок алар 1725-жылы жуңгар баскынчыларынын 60 миң аскериден турган жаңы чабуулунан жеңилип калышат да Теңир-Тоолук кыргыздар Ферганага, Тажикстанга, казактар Бухара, Кожент Самаркантка кире качышат. Калмак баскынчыларынын зордук-зомбулугунан эл-журтун сактап калыш үчүн Талас өрөөнүндө жашаган кушчу, саруу, кытай уруулары Аксы, Наманган, Анжиян тарапка журт которушат.

Тарыхчылардын айтымына караганда Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарын өрөөндөрүндө эптеп калмактар менен тил табышып алардын малын багып, аштыгын айдап күн көргөн бирин-серин кыргыздар гана калбаса дээрлик көөпчүлүгү Фергана тарапка ооп кеткен. Натыйжада Ферганада кыргыздардын саны көбөйүп, калмак баскынчыларына каршы боштондук үчүн күрөштүн уюткусу пайда болуп, Кубат бий, Бердике баатыр, Итим баатыр Атаке баатыр сыяктуу чыныгы элдик инсандар өсүп чыккан. Сыягы алардын балалык курагы Анжиян чөлкөмүндө өтүп, Эр Солтонойдун колунан алгачкы аскердик машыгуудан өтүшсө керек.

Кубат бий…

Кубат бийдин агасынын уулу Агышайбек Итим бийдин уулу Бүргө баатырдын кызы Акшербетке үйлөнгөн. Акшербет таланты менен далайга таанылган акын кыз болгон. Эл оозунда анын атасы Бүргө баатырга кошкон кошогу ооздон оозко айтылып жана ал жөнүндөгү «Акшербет» дастаны сакталып калган. Бүгүнкү күндө Талас районундагы Арал айыл өкмөтүнүн аймагында Агышайдын сайы деп аталган сай бар. Сыягы Агышайбек агасы Кубат бий душмандары тарабынан набыт болгондон кийин бир аз убакыт болсо да кайын журтуна келип баш калкалап туруп калган шекилдүү.

Кубат бийдин набыт болушу Кокон төбөлү Эрдененин Өзгөн, Ошту бүтүндөй Фергананы каратып алуусуна шарт түзгөн. Андагы кыргыздар кокондуктардын баскынчылыгына канчалык каршылык көрсөтсө да биригип баш кошо албай тоо таяна чегинүүгө аргасыз болгон. Мына ушундай коогалаңда Кубат бийдин уруулаштары Аксы, Талас тарапка оогон. Муну Алымкул Оморовдун «Ажыбек датка» деген китебинен байкоого болот Анда Ажыбек датка бир күнү шаркыраган агын суу бойлоп шумкарын колуна кондуруп, итин ээрчитип сейилдеп келе жатып Кара-Ойдогу токойдон бир кара алачыкка туш келет. Караса алачыктын ичинде ханзаадага ылайык кара көз сулуу кыз отурат. Кыз эч тартынбай, чоочулабай датканы тосуп атын алып мамыга байлап өзүн мейман кылып сыйлайт. Ажыбек датка кызды жактырып калып жөн жайын сураса кыз мындай деп жооп берет.

Атамдын аты Агаша,

Агамдын атын сурасаң,

Хан Кубатбек, падыша.

Анжияндан биз келдик,

Алладан болуп каргаша.

Хан Кубат бек агама,

Хандык кылган жеринде.

Хан Кубатбек өлгөн соң,

Качып келдик бул жерге.

Далайга сурак бербеген,

Даңкал тууган Ажыбек,

Датка бар дейт бул жерде.

Менин атым Аксуусар,

Мага болдуң сиз дуушар.

Хан Кубат бек жок болуп,

Качып кеткен атам бар.

Айылга кеткен шол бүгүн,

Алдейлеп баккан апам бар.

Бир кудайдын кылганы,

Мына ушинтип болдук зар.

Ажыбек датка Аксуусарга үйлөнүп экөөбү Нурак, Кудаяр деген уулдуу, Акканыш деген кыздуу болушат.

Кубат бий өлгөндөн кийин туугандары эле эмес уруулаштары да туш тарапка тараган. Жогоруда Кубат бий кушчу уруусунун меңдуулатынын жанкушчу насилинен экендигин айткан элек. Санжырада жанкушчудан көзүжаман, көзүжамандан шараноот, кагазды тарагандыгы айтылып жүрөт. Ошол жанкушчу көзү жамандын урпактары шараноот, кагаздылар бүгүнкү күндө Талас районунун Көпүрө-Базар, Талдыбулак, Кара-Ой, Сасык-Булак, Үч-Эмчек айылдарында жашашат. Анткени мен бала кезде чоң аталарыбыздан «Биз Анжияндан келгенбиз. Жанкушчу болобуз. Кубат бий жанкушчу болгон» деген кеп-сөздөрүн көп эшитер элем. Ал кезде бул кептин төркүнүнө анча дале маани бере албаптырмын. Көрсө бул жөн эле айтылган сөз эмес тура. Айтылган ар бир кептин бүктөмүндө тарыхтын жазылбаган сырлары катылып жатканын кайдан билейин.

Кубат бийдин айкели Жумалиев Иманбек тарабынан 1998-жылы Талас шаарынын сейил багына, куш кармаган айкели 2013-жылы сентябрь айында Талас районунун Кара-Ой алына жеке ишкер Турдумалиев Сасыкбай тарабынан орнотулган. Анын өмүр таржымалы, образы К.Качыбековдун «Бүргө баатыр», «Сатыкей баатыр» К.Кушубековдун «Улуу тоого чыккан барбы?» А.Атагуловдун «Шараноот насили» аттуу чыгармаларында чагылдырылган. Ал тургай санжыра изилдөөчү Кушубек Качыкбеков Кыргызстанды түрө кыдырып Кытайдагы кызыл-суулук кыргыздарга чейин барып Кубат бий тууралуу бир топ маалыматтарды топтоп келген. Мунун баары кандайдыр бир деңгээлде Кубат бийдин Талас эли менен тамырлаш экендигин айгинелеп турат.

Тарыхтагы орду

XVIII кылымдын экинчи жарымында Теңир-Тоолук кыргыздардын башында турган Кубат бий жуңгарлардан жана кокондук баскынчылардан кыргыз урууларынын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон. Ал таланттуу кол башчы гана эмес, шыктуу дипломат жана саясий ишмер катары да оозго алынып, уруулаштарынын арасында эр жүрөктүүлүгү, ак-ниеттүүлүгү жана адилетүүлүгү менен чон кадыр-баркка ээ болгон. Аны алысты көрө билген саясатчы катары да бааласак эп келет. Кубат бийдин Фергана, Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстан кыргыздарын баш коштуруу багытында жүргүзгөн күрдөөлдүү иш-аракетин талдай келсек, анын кыргыздардын борборлошкон бирдиктүү мамлекетин түзүүгө умтулганы даана байкалат. Эл оозунда сакталып калган «Кубат бий өлбөй кут өлдү, кушчу-мундуз журт өлдү» деген сөздөрдүн төркүнү кыргыздар арасында Кубат бийдин саясий кадыр-баркы канчалык жогору болгондугунан жана калайык-калктын кадырлоосуна арзыган башкаруучу экендигин кабар берет. Тарыхый булактар жана тарыхый окуялар XVIII кылымдагы кыргыз тарыхында Кубат бий хан болбосо да ханга тете инсан экендигин далилдеп турат.

Талас шаарынын 64 жаштагы тургуну,Билим берүүнүн отличниги, тарыхчы мугалим Акчал Атагулов.

(Макала өзгөртүүсүз берилди)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here