Кыргыз элинин XVIII-XIX кылымдар мезгилиндеги мамлекетинин ахывалы тарыхыбыздагы бүдөмүк сууроолордун бири. Советтик тарыхнаамада көпчүлүк элдердин мамлекетинин тарыхына үстүртөн мамиле жасалгандыктан, бул жагдай негизинен  ачыкталбаган. Анын үстүнө, мурун көчмөндөрдүн тарыхын изилдөөдө евроцентристтик көз караш үстөмдүк кылгандыктан, ушул мезгилде, кыргыз эли уруулук түзүлүштө болуп, бытырандыкка дуушарлангандыктан бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзө алышпай, өз мамлекетине эгедер болбоду деген, жаӊылыш көз караш бар. Алыбетте, ошол мезгилде кыргыз элинин басымдуу көпчүлүгү көчмөнчүлүктө жашагандыгы талашсыз. Ал эми көчмөндөрдүн турмушу өзгөчө жол менен өнүккөнүн, белгилүү Россиялык түрколог Л. Гумилев дааналап, акыйкаттык менен мындай деп белгилеген: “көчмөн маданияты өз алдынча өнүгүү жолуна ээ, ал чет жакадагы жапайы жана дараметсиз эмес”(Древние тюрки. Москва, 1973. c. 94). Ошондуктан бул макала жогоруда биз белгилеген маселе кыргыз тарыхнаамасында жетиштүү деңгээлде изилденбегендиктен, андагы коомчулуктун бүдөмүк жагдайын ачыктоого багытталды.

XVIII-XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элинин бирдиктүү мамлекети жана анын саясий абалы жөнүндө көбүнчө орус архив документтеринен жана кытай тарыхый чыгармалардан ынанымдуу маалыматтарды алабыз. Анда эмесе жаңы табылган жана мурдатан эле жарыяланган, бирок жаңыча талданган документтердин мазмундарына назар салалы.

XVIII -кылымдан XIX — кылымдын ортосу мезмилинде кыргыздардын жайгашыш аймагы, документалдык булактардын маалыматтары боюнча, болжол менен түндүктөн түштүккө: Балхаштан — Талас, Яркенд-Гиндукушка чейин жана чыгыштан батышка: Жунгария-Тибеттен Ташкент-Бухарага чейин созулуп жаткан. Алардын топтолушунун негизги району Ала — Тоо жана Алай тоолор системасынын айлана-чөйрөсү болуп кала берген жана негизинен азыркы Кыргыз Республикасынын чегин камтыган. Айрым тарыхый булактардагы статистикалык маалыматтарын анализдеп, эсептөөнүн негизинде кыргыздын саны XVIII — кылымдын ортосунда болжолдуу 450-510 миңди түзгөн, ошол эле кылымдын аягында бул сан 600 миңге жеткен, ал эми XIX — кылымдын ортосу мезмилинде 1 млн. — 1млн. 200 миңдин тегерегинде болгон [58, c. 240-265].

Ошол мезгилде, кыргыз эли жайгашкан жана жашаган географиялык чөйрө, жер планетасынын уникалдуу бурчтарынын бири болгон, мында байыркы убактан бери «Улуу Жибек жолу» деп аталган даңктуу трансконтиненталдык Евразия соода магистралынын эң татаал бөлүкчөсүнүн салаалары өткөн. Ошондуктан алардын чарбачылыгында кандайдыр бир өлчөмдө басымдуулук кылган көчмөн малчылыктын, дыйканчылык менен айкалыштыруунун негизинде түрмуш кылууну шарттаган. Алардын ичинде аз эмес отурукташкан дыйкандар болгон, бул жөнүндө Ош жана Өзгөн сыяктуу кыргыз шаарларынын тиричилик кылып тургандыгы күбөлөндүрүп турат.

Кыргыздардын өлкөсүнүн ичинде ургаалдуу экономикалык, чарбалык жана маданий байланыштарды жүзөгө ашырышын кыйындатканы бул Ала-Тоонун бийик тоо кыркалуу системасы — Кыргызстандын территориясы (кандайдыр) бир нече табигый-географиялык региондорду түзгөндүгү эле, ал калктын консолидация процессин кыйындатуу менен бир топ басаңдатып коомдук саясий өнүгүшүндө алардын салыштырмалуу обочолонуусун жана өз алдынчалуулугун шарттаган. Мындай обочолонууга кандайдыр бир даражада көчмөнчүлүктүн шартында кыргыздардын урук-урууларга биригишип өз алдынча чарбачылык кылууга умтулушканы да өз таасирин тийгизген [24, c. 310-311; 25, с. 159-160]. Ошондой болсо да Кыргызстандын бул региондорунун калкы такай өз ара жардамдашууга даяр туруу менен өзүлөрүн бирдиктүү кыргыз элине таандык экендигине дайыма  бекем болушкан жана жалпы диндеш мусульманчылыктагы, түрк калктарынын тамырлаш тууганчылыгынын маанисин да жакшы түшүнүшкөн.

Кыргыздарда анда: адигине, ават, азык, багыш, басыз, бостон, бугу, дөөлөс, жедигер, кесек, кыпчак, кытай, коңурат, кушчу, моңолдор, мунгуш, мундуз, найман, сарыбагыш, саруу, саяк, солто, тейит, черик, чоңбагыш ж.б. уруу топтору бар экендиги кытай, орус жана түрк булактарында жазылып белгиленип калган [63, л. 16; 21, c. 106-111].

Кыргыздар оң канат жана сол канат болуп эки территориялык конфедерацияга биригишкен, алардын составы туруксуз болгон. Буларды кээде-кыргыздардын өздөрү регионалдык-географиялык жайгашышына жараша Кыргызстандын түштүгүнүн Кашкар-Фергана калкын ичкиликтер, ал эми Кыргызстандын түндүгүндө — Чүй, Талас, Ысыккөл жана Нарын өрөөндөрүндө жашаган калкты — аркалыктар деп аташкан  [68, c.191;3, с.172-174]. Кытай авторлору кыргыздарды батыштык жана чыгыштык, же түштүктүк жана түндүктүк деп айырмалашкан. Ар бир кыргыз уруу тобу бир нече уруктардан жана анын майда бөлүкчөлөрү (бир атанын уулдары деп аталган) күмөн бир-туугандык байланыш менен биригишкендерден турган. Урууну улук бий башкарган, ага агалыкчын бийлери баш ийишкен, алар урук жана анын майда (бир атанын уулдары) бөлүкчөлөрүн жетектешкен. Оң жана сол канаттардын улук бийлери жылыга курултайда ар бири өздөрүнө чоң бийди тандап дайындашкан  [28, c. 48-49]. 1782-жылы түзүлгөн Кытай булагы — «Цин динь Хуаньюн Си-юй тучжи» — «Батыш крайды эң жогору ырастаган географиялык жазуунун» 45-главасынын 1-барагында мындай деп маалымдалган: «Бардык ушул жолбашчылар (тоу) бири — бирине көз карандысыз. Жыл сайын алар бир башчыны (чжан) шайлашат, ал жалпы башкаруу менен алектенет жана ага бардыгы баш ийет» [9, c. 128]. Орус академиги Александр Бернштам, бул адамдын аты сарыбагыш уруусунун өкүлү Маматкул, аны «XVIII — кылымдын ортосундагы шайлануучу кыргыз ханы» [9, c. 128] деп эсептеген.

Колдо бар тарыхый булактардагы маалыматтарды талдоо көрсөткөндөй, жана ошондой эле кошуна өлкөлөрдүн жогорку мамлекеттик кызматтарынын административдик номенклатурасынын таасирине байланыштуу, кыргыздар да өздөрүнүн жогорку башкаруучусун ХУШ-ХIХ кылымдын биринчи жарымында көбүнчө — хан (Жунгар, Бухара жана Казак хандыктарына окшош); бек — (Чыгыш Түркстан) жана падыша (фарстык Иран, Афганистан, Түркия) деген титулдар менен аташкан. Алар кыргыздардын өздөрүнүн көп сандаган фольклордук материалдарында «Манас» үчилтигинен баштап «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды» жана башка элдик кичи эпосторго чейин чагылдырылган. Дагы бир XVIII кылымда түзүлгөн «Пинидин Чжунгэр фанлюэ» (58-бап 14-л., 59-бап II-л.) кытай булагында, XVIII кылымдын ортосунда кыргыздардын оң канатын — бий Маматкулу (сарыбагыш), сол канатын — Каработо (кытай) башкарышат деп белгилөө менен жалпы жетекчиси Маматкулу, ага жардамчылар катары Каработо, Майтак (кушчу), Акбайлар (саруу) көрсөтүлгөн [23, c. 111-114].

                1734-жылы түзүлгөн орус документалдык булакта азыркы Кыргызстандын аймагында «өзүнүн ханы» бар, “кичи деңиз ээлиги (провинция, сөз Ысык-Көл жөнүндө болуп жатат)”  жана “Бадахшандын жанындагы кичине кыргыз ээлигинде ханы өзүлөрүнөн”, ошондой эле Аксы менен Алай (Алюй) ээликтеринде кубаты аз (малосильны) хандары бар чакан мамлекеттер жөнүндө баяндалган [47, л. 62]. 1741-жылы Джунгариядан кайтып келген орус аскер кызматкеринин рапортунда мындай деп айтылат: “Буруттар (мааниси дини буру б. а. мусулмандар – бутпарас дининдеги калмактар ушинтип кыргыздарды аташчу, кийин алардан кабыл алышып орустар менен кытайлыктар да айта башташкан — Д.С.) Галдан Церендин (1727-1745 – жылдары Жунгар ханынын – Д.С.) кол алдында эмес, алар  тескрисинче, Казак хандыгы (Казачья орда) сыяктуу жашашат. Алар калмактар менен жакшы мамиледе эмес, бири-бири менен дайыма согушушуп турушат. Буруттар калмактар тарабынан туткунга алынган күндөр болот. Мындай учурда буруттар  туткун алмаштыруу иши жүргөндөн кийин гана өз жерлерине кайта алышат” [47, л. 68].  Дагы бир 1757 — жылга таандык орус архивдик документтеринде ойрот (калмак) зайсаны Шаракобундун маалыматы кездешет:”Бухаранын жакын айматарында Сыр-Дарья суусун башталышынан төмөн карай, бурут деп аталган калк жайгашкан, алар көп, согушка күчтүүлүк менен жөндөмдүү, өзүлөрүнүн өзгөчө башкаруучусу бар”. Бул маалыматтар ошол мезгилде азыркы Кыргызстандын аймагында Ош-Алайдан тарта Ысык-Көлгө чейин регионалдык бытыранды абалда болсо да суверендуу жана биримдиктеги  кыргыз мамлекети болгондугунан кабар берет.

1770-жылдары жазылган “Сиюй чжи“ деген кытай булагында кыргыздардын өзүлөрүнүн мамлекеттик түзүлүшү жөнүндө берген маалыматтары мындайча келтирилген: “…Мындан мурунку 220 жылдан ашыгыраак мезгилде (демек, 1550 – жылдары – Д.С.) алар жалпы чогулушуп, тынчтык сүйлөшүү жолу менен элди бирдей өлчөмдө тең экиге бөлүшөт. Эки бөлүккө бай адамдардан эки жол башчы шайлап, ар-бирине жерди, сууну, тоону көрсөтүп, ээликтерин чектешкен. Түндүк жана түштүк эки бутакка бөлүнүдүк. Түштүгү – Тогуз уул (то-го-со-хо-лэ), түндүгү – Кыргыз (Кэ-эр-гэ-ци-сы) деп аталды. Бутактардын аталыштары, мурдагы башкы уруулардын башчыларынын аттарынан аталган. Алардын ар бири өз ичинен майда бутактарга ажырайт” [19, с. 464; 16, с. 170-171].   Булар XVI — кылымда жазылган, “Шаджарат ал атрак” перс жазма булагында берилген маалыматтарга кандайдыр бир денгээлде дал келет. Анда кыргыздардын “кырк кыз” жана “отуз уулдан” тарагандыгы айтылат. Белгилүү болгондой батыш түрк урууларында дуалдык түзүлүштү Огуз ханга багышталган уламышта эбегейсиз чоң огуз элин ал “уч ок” жана “боз ок” аталышта бириктиргени делгени белгилүү [27, с. 41]. 

 XVIII —  кылымда жашаган казак коомдук ишмер Казыбек Таусар уулу XVIII кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардын ханы солто уруусунун өкүлү Жайыл Конурбай уулу (1704-1774 – жж. жашаган) деп белгилеген [74, с. 384]. Кыргыз фольклордук материалдарда XVIII — кылымдан  — Х1Х — кылымдын биринчи жарымында хан даражасына ээ болгондор: сарыбагыш уруусунан Маматкулу Түлкү уулу, кушчу уруусунан Кубат Калча уулу (1733-1762 жж.); солто уруусунан Жайыл Коңурбай уулу (1704-1774 жж.); саяк уруусунан Садыр Арзымат уулу (1736-1780 жж.); сарыбагыш Ормон  Ниязбек уулу (1792-1855).

Кыргыздардын социалдык түзүмү “ак сөөк”- жогорку катмар жана “кара сөөк” – төмөнкү катмар болуп айрымаланганы жөнүндө Уметалы Ормон уулу XIX кылымдын ортосунда да Россиянын бийлик ээлерине жиберген катында эскерген [66, с. 207-208; 11, с.168]. 

Туруктуу жана кыйла сандагы аскердик күчү (жеке кошунунан тышкары) жок кыргыздардын шайлануучу башкы жетекчиси — ханы иш жүзүндө уруулардын башкаруучу бийлеринин үстүнөн реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Ошондуктан уруулардын жана алардын бөлүкчөлөрүнүн ички турмушуна кийлигишүүгө өзгөчө кырдаалдан (Ата мекенди тышкы баскынчылардан сактоо жана бөтөн тарапка аскер жиберүү сыяктуу суроолордон) тышкары, негиздүү укугу болбогондуктан, ал кыргыздардын жогорку башкаруучусу катары анын ролун формалдуу тааныгандыкка канааттанган. Маселен, тарыхый булактарда жалпы кыргыз ханы болгон Маматкул Кыргызстандын түштүгү тарабын башкарган Ажы бийдин (адигине) суранычы менен 1762-жылы Ош аймагын Кокондун башчысы Ирдана бийден бошотуш үчүн түндүктөн сарыбагыш бийи Черикчи менен саяк бийи Темиржанды жөнөтмөк болгондугу айтылат [23, с. 446-469; 57, с.105].  

Бул уруу топтору — башкалардан бөтөнчө көчмөн бирикме катары жакын бир туугандар эмес, негизинен аймактык түзүлүштөгү калк болуп саналышкан. Алардын ар бири өз алдынча административдик-саясий биримдик болушуп, өздөрүнүн мал үчүн белгиси (эн тамгасы – маселен сарыбагыш уруусунуку: ачакей чийме – жагалмай, солтонуку: ай тамга), жалпы согуштук чакырыгы (урааны – оң канатыкы: Жанкороз, солдуку: Күнек [63, л. 18]), өздүк туусу, ал эми башкаруучу бийлердин өздүк мөөрү жана кырк жигити болгон. Төмөнкү баскычтагы бийлик тукум куума болуп агасы өлсө кичүү инисине же баласына өткөн. Бийлер бирине бири көз карандысыз болгон. Кыргыз уруусу формалдуу түрдө жана иш жүзүндө кандайдыр бир жагынан байыркы грек карлик мамлекети — полисти эске түшүргөн, өз алдынча жашаган «мамлекеттик организм» [28, с.152] сыяктуу болгон.

Жакында, кыргыздардын эл башчысы Ормон Ниязбек уулунун хандык бийликке  келиши тууралуу архивдик документтен, өтө маанилүү маалыматтар табылды. 1861-жылы 15-сентябрда сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Ормондун инилери орус генералы Г.А. Колпаковскийге жазышкан каттын түп нускасын которуп окуганыбызда, төмөндөгүдөй сүйлөмдөр келтирилген: «Йене де Сизге айткаман, ханы кылыни (б. а. кыргыздарды башкарып хан бийлигин жүргүзүүнү – Д.С.) бизге берингиз. Кече амирни вактинде (сөз Бухара эмири Насрулла 1841-жылдын күз айларынан 1842-жылдын жаз мезгилине чейин Кокон хандыгын басып алып турган учуру жөнүндө болуп жатат – Д.С.) хэм сураб алганмыз, кече кыпчакни вактынде (Кокон хандыгынын башчылыгында жаш хан Худаярдын кайынатасы кыпчак уруусунун өкүлү Мусулманкул 1844-1853 — жылдарда аталык даражасында башкарып турган учур — Д.С.) хэм сураб алганмиз. Сиздан хэм сурадык. Көнглүмүз йакындан ханы кылыни бизге бериңгиз» [36, л. 7]. Мындан көрүнгөндөй, жогоруда айтылган мезгилде, Бухара мамлекетинин эмири Насрулла Кокон ханы Мадалинин (1822-1841 жж. бийликте болгон) башын алып, жазалоо менен бул мамлекетти өзүнө каратып, убактылуу жойгону белгилүү [61, с. 123-127]. Мүмкүн ушундай кырдаалда, Бухара эмири (Бул аймактагы мусульмандардын алдынкысы катары)  чыгыштагы кыргыздардын өз алдынча борбордоштурулган мамлекетинин кайра жаралып, чыңдалышына колдоо көрсөткөн.

1847-жылы 22-августа түзүлгөн орус архивдик маалымат боюнча «бүткүл кыргыз эли оң менен сол деп аталышат. Оң уруулар эки негизги сарыбагыш жана солто урууларынан турат … (Ошол учурдагы саясий биригишүү жараянын чагылдырылышы – Д.С.). Бул кыргыздар Или дарыясынын ары жагындагы Ала-Тоо тоолорундагы эч кандай (башка — Д.С.) өкмөткө таандык эмес жерлерди ээлешет жана аларды ата бабаларынын менчиги катары эсептешет. Эч кимдер менен (саясий көз карандылык — Д.С.) алакалары жок жана эч кандай алым (дань) төлөшпөйт, эч кимге көз-каранды эмес (ни от кого не зависимы). Сол уруулары — 10 уруудан турат: саяк, бугу, черик, базыс, адигине, багыш, түнгатар (саяк уруусунун уругу – Д.С.),  кушчу, саруу, кытай. Бул кыргыздар Кытай мамлекетине тиешелүү жерлерге маал-маалы менен барып көчүп конушат. Ал үчүн (арендага – Д.С.) акы төлөшөт. Бирок алар Кытай төбөлдөрү эмес, эч кимден көз каранды эмес» [38, л. 129-133].

1851-жылы «Императорлук орус география коомунун баяндамалары» деген расмий журналында жарыяланган дарексиз автордун «Жапайы тоолук кыргыздар деген» макалада, алардын саясий коомдук ахвалы (статусу – «орда») «ордо» [62, с. 141] деп аныкталган, бул көптөгөн орус архив документтеринде 1848-1859-жылдар аралыгында такай [12, с.115, 140,143; 22, с. 142, 145, 146, 161-163, 178; 36, л. 35; 33, л. 14-37; 51, л. 142, 147] кийинчерээк 1863-1865-жылдарда сейрек жолугат [22, с. 287, 299; 34, л. 38; 40, л. 23; 52, л. 329; 54, л. 3, 202, 204]. 1856 — жылы кыргыздардын арасында болгон казак окумуштуусу Шокан Уалихановдун (1835-1858-жж. жашаган) «Кыргыздар жөнүндө» деген эмгегинде да ушул аныктама берилген [9, с. 7-82]. Ошол эле жылдары дагы бир орус аскер адамы, котормочу Иван Бардашев (1831-1868-жж. жашаган) тарабынан жазылган маалыматында да ал жолугат [63, л. 1, 15, 19, 20, 25] экен.

 Махмут Кашгаринин XI — кылымда түзүлгөн сөздүгүндөгү аныктамада «орду» бул «каган отурган шаар» [77, с. 124]. XX — кылымда түзүлгөн байыркы түрк сөздүктөрдө ал «хан турган жер» (орусча – резиденция хана) [14, с. 170; 64, с. 470-471] делет. Белгилүү казакстандык чыгыштаануучу Вениамин Юдиндин (1928-1983-жж.) аныктамасында «орда» сөзүнүн орус тилиндеги бир мааниси «талаа көчмөн бирикмеси жана көчмөн мамлекети» («степное кочевое объединение, кочевая держава») [75, с. 119]. Ал эми белгилүү болгондой, Борбордук Азияда орто кылымда көптөгөн көчмөн мамлекеттер ордо деп аталганы баарыбыздарга белгилүү, маселен: Алтын ордо, Ак ордо, Көк ордо, Ногой ордосу, Чоң (Большая), Орто (Средняя), Кичүү (Малая) ордолор [75, с. 106-165], Казак (Казачьи орды) ордосу [43, л. 3, 15; ж. б].

Жогоруда айтылган «Жапайы тоолук кыргыздар деген» макаладагы маалымат боюнча “негизинен карталарда жапайы тоолук  к ы р г ы з   о р д о с у нун аймагынын чек араларын Ысык-Көл көлүнүн жээгиндеги карлуу кырлары менен тегеректеп келген жерлерди белгилейт. Бирок кыргыздар ал чектерди таанышпай, тоскоолсуз көчүп жүрө беришет. Ысык-Көл көлүнүн батышынан Кытайдагы Кулжадан Аксууга кеткен чеп турган жолго чейин, түштүктө Бадахшан менен Каратегин көз карандысыз ээликтерине чейин, батышта Кокон менен Ташкентке карай, ал эми түндүктө бийик Ала-Тоонун күнгөй тарабында Чарын дарыясынын башталышына чейин» [62, с. 141].

1851-жылы 28-сентябрда 1851-1861-жж. Батыш Сибир губернатору болгон Г. Х. Госфорд (1794-1874 – жж. жашаган) Россия Аскер министри Л. Г. Сенявинге жазган сунушунда кыргыздардын эгемен мамлекетинин эл аралык мамилелердеги ордун белгилеп: «Туташ үч мамлекеттердин (Россия, Цин империясы жана Кокон хандыгы — Д.С.) бурчундагы жапайы тоолук (кара кыргыз — Д.С.) ордонун табийгый бекем аймагы жана алардын салыштырмалуу күчтүү согушчандык айбаты, бул ордонун үстүнөн элик кылуу ошол мамлекеттер үчүн өтө маанилүү болууда, өзгөчө биз үчүн. Ошондуктан мен алардын уруу башчыларынын кыпчактардынкысымынан коргонуу максатында Россия менен тыгыз жакындашуусун болгон мүмкүнчүлүктү эч колдон чыгарбаймын» [12, с.143] дейт.

XIX-кылымдын биринчи жарымында бытырандылыктын азабын тартып жаткан кыргыз элинин башын кайрадан бириктирип, алардын байыркы мезгилдегидей борборлоштурулган бирдиктүү мамлекетин калыбына келтирүү жараянын өткөрүп официалдуу түрдө легитимдештирүү талабы пайда болгон. 1841–жылы күзүндө Бухара эмирлиги да борбордук бийликти бекемдеш максатында, көп жылдар бою атаандашып келген Кокон хандыгын басып алып мамлекетин жоюп, өзүнүн тууганы Ибрагим датканы башкарычуу (наместник) кылып дайындаганы белгилүү [71, с. 301; 61, с. 123-124]. Ушундай окуя кийин 1866-жылдын жазында да болгонун билебиз [13, с. 265]. Ал эми, 1837-жылдан бери Россия империясынын баскынчыл саясатына каршы көтөрүлүштү жетектеп келген Кенесары Касым уулу 1841-жылдын июль айынан, даярдыктарды жүргүзүп, ошол жылдын октябрь айларында, казак жүздөрүнүн (ордолорунун) уруу башчыларынын Иргиз дарыясынын башатындагы Кара Тоонун этегинде өткөрүлгөн курултайында, ак кийизге отургузулуп бүткүл казактардын ханы деп жарыяланган эле [44, л.5-8; 37, л.2-3; 2, с.15].

Ушундай, бул региондо жалпы жүрүп жаткан саясий жараяндын ыргагына жараша, кыргыз эли да 1841–жылы күзүндө Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Токойдо (Тармал-Сазда)  кыргыз элинин элитасынын Курултайын өткөзүшүп Ормон хан Ниязбек уулун (1792-1855) бүткүл кыргыздардын ханы деп жарыялашкан. Тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматы боюнча ал курултайда  Жангарач Эшкожо уулу (солто уруусунан), Медет Байтүгөл уулу (саяк, кыргыз уламыштары боюнча ал 1839-жылы курман болгон делет [20, с. 69]), Балбай Эшкожо уулу (бугу), Жантай Карабек уулу (сарыбагыш) жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан [1, с. 2-3]), профессор Кушбек Усенбаев буларга кошумча Боронбай Бекмурат уулу (бугу), Муратаалы Пирназар уулу (бугу), Аалыбек Кетрекей уулу (саяк), Шорук бий, Ажыбек Алчыкен уулу (саруу-кушчу),  жана Алымбек Асан уулунун (адигине — Алай, Анжыян тараптан) да катышканын белгилейт [76, с. 30-31]),  Элдик уламыштардын маалыматында бул аземге дагы Качыке Түлкү уулу (саяк), Ажыбек баатыр (черик), Медербек (жетиген) [56, с. 40], Тогуз-Тородон Карбоз Манаке уулу (саяк) катышышкан [50, с. 3]. Тарыхчы Осмонаалы Сыдыковдун маалыматында Ормон хан “убагында хандык кылып, Ысык-Көл, Чүй, Ат-Башы, Нарын, Иле, Олуя-Ата, Наманган жакта болгон калкты сурап турган” [69, с.41].

1852-жылы 23-мартта Россиянын падышасы Николай I ге Ормон хандын жазган катында анын Кыргыз мамлекетинин жер аймактарын тактоого аракеттенип, казактар менен чектеш Или дарыясынын оң тарабын ээлеп, байтактысын ошол жака көчүрүүгө далалатын көрөбүз жана андан ары өз таасириндеги кыргыздарды атоо менен  ал ээликтин аталышы жөнүндө төмөндөгүдөй таасын маалыматтарды келтирген, “Ысык-Көлдүн Күнгөй, Тескейи жана Чүй өрөөнү, ошондой эле Жумгал, Кочкор, Нарын жана Кетмен-Төбөдөгү кара кыргыздары менен карым-катнаштарым бар…, биз кара кыргыздарбыз…”  [11, с. 139-140; 29, с. 109-111]. Демек,  мындан биз Ормон хандын бийлиги бир топ эле кенен аймакка тараганына жана мамлекетиннин аталышы Кара кыргыз хандыгы экендигине ынанабыз. Анткени анын башында расмий жол менен тандалып, шайланган хан турган.

Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, «хан» деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (С. Абрамзондун маалыматы боюнча-чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын  жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле. Ошол мезгилдеги түзүлгөн орус архивдик документтерде Ормон Ниязбек улуун бул даражасы алардын баамында  “Главный манап кара кыргызский” – “Кара кыргыздардын башкы манабы” [39, л. 46] деп сыпатталыптыр. Ошол эле учурда Жантай Карабек уулу “главный манап кара кыргызского рода” [39, л.42] – “Кара кыргыздардын уруусунун башкы манабы”, башкача айтканда сарыбагыш уруусунун башчысы делет.

Пишпек уездинин башчысы Александр Талызин 1898 –жылы жарык көргөн “Пишпек уезди” деген макаласында, Ормонду эки жерде хан титулу менен эскерип, анын кокондуктардан «кыргыздарды өз алдынча башкаруучулук кылгандыгын» баса белгилейт [70, с. 26, 29]. Орус аскерий дипломатиясында кызмат өтөгөн, белгилүү казак окумуштуусу Шокан Уалихановдун 1856 – жылы эле  “Ормандун башкаруу доорунда сарыбагыштар Орто Азиядагы уруулардан күчү жагынан эң алдынкылары болгон” [8, с.81] деген корутундусун эске алсак, Ормон хандын (1841-1855 жж. ) башкаруучулук мезгили өзүнчө доор деп баса белгилениши, биз үчүн өтө маанилүү, анткени бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүш жолундагы дагы бир өзгөчө монархиялык баскычы экендигин ырастайт.

Орус окумуштуусу Пётр Румянцевдин баамында “ак кийизке көтөрүлгөн хан, салыштырмалуу чоң согуш аракет учурунда гана реалдуу түрдө бийликке ээ болгон, калган мезгилде элди аксакалдар, бийлер менен баатырлар башкарышкан” [48, с. 40]. Бул жагдай архив документи менен ырасталат. Казактардын Улуу жүзүнүн султаны Камбар Аланов орус генералы Вишневскийге 1847-жылы жазган катында: “кара кыргыздардын оң жана сол канаттын көптөгөн жоокерлери чогулушуп 100000 (бул, алыбетте өтө апыртылган сыяктанат – Д.С.) жакындаган санда Кенесары менен эки же үч күн мылтыктар менен атышышып, жеңишке ээ болушту” [55, л. 154] делген.

Ормон хандын негизги саясий ишмердүүлүгүнөн багыты – уруулар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана күчтүү борборлоштурулган кыргыз мамлекетин кайра түзүүгө багытталган эле. Ал эң оболу кыргыз коомундагы мыйзамдуулукту орнотууга киришип, бекем тартипти сактоо иретинде байыркы үрп-адатка негизделген жаңы мыйзамдарды иштеп чыгып, чоң түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал элдин эсинде  «Ормон окуу» деп сакталган.

Ушуга ылайыктуу мамлекеттик башкаруу аппарат жаңыча түзүлүп, анын атрибуттары жанданган эле. Ормондун негизги кеңешчиси болуп кыргыз элинин белгилүү акылман ойчулу Калыгул Бай уулу дайындалган. Хандын алдында Чоң жана Кичи кеңеш курамы уюшулган. Биринчисинде: Калыгул Бай уулу, Жангарач Эшкожо уулу, Жантай Карабек уулу, Шамен Куттуксейит уулу, Миңназар, Ажыбек, Жаманжээн жана башкалар болгон. Кичи кеңеште: Медербек менен Миңназар туруктуулукта көбүнчө сот иштери менен алектенип, аткаруучулук багытта иш алып барышкан. Аскер башы, ички жана тышкы иштерди тейлөөчү башкаруучулар (бүгүнкү министрлер) дайындалган. Алардын бири, алгачкы аскер башчылыгына (Коргоо министри) Алыбек баатыр Кетрекей уулу (Ормондун бир тууган жездеси [72, л. 135]), кийин Ормондун жакын инилеринен Адыл, Төрөгелди баатырлар дайындалган. Тышкы иштер министринин милдетин Байсерке  аткарган. Атайын ыйгарымдуу элчилери катары, Чал Түлөберди (архив документинде – Түгөлбай [45, л. 43]) уулу, Саза молдо Калча уулу жана сабаттуу Байгабыл Мышыкбай уулу деген адамдар эле [51, с. 4; 56, с. 47-55]. 

Мыйзамдарды бузган адамдарды жазалоочу жайы – даргасы болуп, анда ар убакта күнөөгө тартылгандардын денелери илинип турганын тарыхый булактар ырастайт [9, с. 38]. Ормон хандын жасалгаланган хан тахтысы, өздүк мөөрү жана туусу [44, л. 16]  болгон, булар эгемендик мамлекеттин атрибуттары экендиги белгилүү.

Кыргызстандын чек араларында бажы кызматчыларын дайындап келген соодагерлерден мамлекет аймагына киргизилген же алынып өтүлгөн буюмдарынан бажы үстөктөрүн (таможенная пошлина) чогултууну колуна алган.

Ормон хан мамлекетти башкарууда элибиздин түпкүрлүү бай тарыхый традициялуулугуна зор маани берип, атайы билимдүү адамдарга кыргыздардын өткөн тарыхын «Жооп-наме» деген эмгекке түшүрткөн. Өзү да элинин өткөн тарыхын терең билүүгө умтулган жана элдик нарктуу каада-салтты бекем туткандыгы менен айырмаланып, олуя — көсөмдүк сапаттарга да ээ болгондугу элдин эсинде айкын сакталган.

Көбүнесе өзүнүн бийлигинин мыйзам ченемдүүлүгүн жана кыргыз элинин биримдигин камсыз кылуу максатында элибиздин санжырасын жаңы нукта түздүргөн. Бул «Жооп-нааме» аталыштагы чыгарманын толук мазмуну жоготулган. Мүмкүн ушул чыгармада Ормон Ныязбек уулу кыргыздардын хан болуу бийлигин  өзүнүн уруусуна жеке таандык (династиялык) кылуу аракетин жасаган сыяктанат. Бул багытта ал монголдордун Чыңгыс ханына таандык «алтын урук» (б. а. төрөлөр — чыңгыситтер), Казак хандарынын тукуму (б. а. Султан – ак сөөк, чынгыситтер, айтмакчы, ушуга байланыштуу Россия  империясынын Сенаты 14 март 1776 ж.  кабыл алынган чечим боюнча Түрк султаны, Крым ханы, Хива, Бухара жана Казак хандарынын балдарын жана туугандарын жогорудагы элдердин тилинде «султанати» деп аталгандар орустардын «князь» урматына теңелген экен [17, с. 188-189]), кокондуктардын Шахрух бийинин тукумдары – мингдер (б. а. сейиддер), Россиядагы Романовдун тукумдары царлар (б. а. княздар) сыяктуу XVII — кылымда жашап откон, сарыбагыш уруусунун өкүлү өзүнүн түздөн-түз жетинчи атасы, өкүмдар адам Манап Дөөлөс уулунун тукумдарына жаңыдан кайра борбордоштурулган кыргыз мамлекетиндеги жогорку бийликти биротоло ыйгарууну самаган.

Казак окумуштуусу Шокан Уалиханов ХIХ кылымдын ортосунда кыргыздардын арасынан чогулткан маалыматтары боюнча: «Биринчи манаптар, жергиликтүүлөрдүн түшүндүрүлүшүндө, күчтүү кол жеткис зулумдар, жакында эле жана да алгачкылардан болуп сарыбагыштардан чыккан. Сарыбагыштардын Манап ысымдуу бийи эң алдыңкы зулум болгон. Манапчылык бөлөк урук (тагыраагы – уруу – Д.С.) бийлерине жаккандыктан, манап азыр кыргыздардын ар бир урук башчысынын жалпы аталышы болуп калды» [9, с. 38]. 1869 — жылы ысыккөлдүк кыргыздарда болгон чыгыштаануучу Василий Радлов да манап аталышы  сарыбагыштардын  бийинин ысымынан тараган деген маалыматты калтырган экен [57, с. 359]. Ал эми 1847-жылдагы архивдик документте «бий Ормон Ниязбеков манап…, бий Джантай Карабеков манап…, бий Төрөгелди Абайдуллин манап…, бий Калыгул Надырбеков манап…» [36, л.129] деп кош аталышта (биринчиси — бийлик же кызмат даражасы, экинчиси — социалдык абалы) берилиши да, жогорудагылар менен бирге, Ормон хандын өз үй-бүлөсүнө манапчылык аркылуу хандык бийликти тукум куумалык (династиялык) ахывалга алып келип, монархия мүнөздөгү 1841-1867 жж. — 26 жыл өмүр сүргөн борбордоштурулган кыргыз мамлекетин түзгөндүгүн  ырастайт.

Ормон хандын чечкиндүү борборлоштуруучулук саясаты өз алдындачылыкка көнгөн уруу башчыларынын каршылыгына алгач тымызын, кийин ачыктан ачык кабыла баштады. Албетте, ал ар кандай өзүнүн дооруна жараша башкаруу, көбүнчө традициялуулук ыкмаларды колдонгон, кээде катуу кыяматтыкка барганы да эл оозунда «Ормон опуза» деген ылакапка айланганы белгилуу.

Ормон хандын саясий ишмердүүлүгү тууралу орус окумуштуусу Александр Бернштам 1945-жылы эле жазган эмгегинде: «Ормон хандын тартынбай, адепсиздикке баруу менен тоскоолдуктарды жеңиш үчүн, баардык ыкмаларды колдонуп, кыргыз урууларын борборлоштуруу аракети, жекирүүгө эмес, аны алкоого арзыйт, анткени, ал Россия тарыхындагы Иван Грозныйдын заманындагы ахывалды, чакан мерчеминде кайталады» [6,с.445] деп белгилеген. Ошентсе да, мындагы окумуштуунун “борборлоштуруу аракети”, деп бул жараяндын өтөсүнө чыккан эмес деген сыяктуу оюна биз макул боло албайбыз. Анткени, кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетин калыбына келтирүүдөгү формалдуу жагы, жогоруда көрүнгөндөй 1841-жылы — Ормонду хан көтөрүү аземи менен эле, аягына чыгарылган. Бул кыргыз мамлекетинин өзүн өзү сактоого жөндөмдүүлүгүн 1845-1847 жылдардагы казак ханы Кенесары Касым уулунун Кыргызстанга жасаган жортуулдарынын мизин кайтарып, алардын жоокердик күчтөрүн жеңиши менен ырастаганы көпчүлүккө белгилүү [4, с. 119; 5, с. 327-337; 18, с. 352-353; 59, с. 6-8]. 1847-1848 — жылдары Ормон хандын жоокерлери Кыргызстанга жортуулга келишкен Кокон ханынын аскерлерин эки жолу жеңилүү ызасын тарттырышкан [49, с. 70-71]. Кашгарда көтөрүлүш аркылуу жаңы бийликке 1847-ж. убактылуу женишкен “Жети кожолор” мамлекети менен саясий байланышта болушкан [49, с. 69]. 1856 – жылы июнь айында эки жолу жана 1863 — жылы 19-21 июнь аралыгында Ормон хандын бийлигин мурастаган Уметалынын адамдары да Кыргызстандын аймагына келишкен россиялык аскерлери менен ачык согуштук акцияларын уюштурганы да тарыхта белгилүү [12, с. 69-70, 211-212; 53, л. 32-36; 41, л. 120-122об.].

Ошол мезгилдеги татаал эл аралык ахывалдын ыргагында Ормон хан өзү түптөгөн кыргыз мамлекети, коңшу мамлекеттер менен теңтайлаш саясат жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Ал 22-август 1847-жылы Копал шаарында, Россия империясынын өкүлдөрүнүн ортомчулугунда, кыргыз-казак тынчтыкта достошуу келишимин иш жүзүнө ашырып, алар менен чек ара маселелерин чечүүнүн үстүндө болду.

Жогорудагы келишимде түзүлгөн документтерди баамдасак алар ошол кездеги эл аралык мамилелерде колдонулган укук нормаларына толугу менен жооп берет. Келишим эки бөлүктөн турат, биринчиси — кыргыздарга таандык, экинчиси — казактарга. Өзгөчө биздин көңүлдү бурганы, бул келишимдердеги биринчи жана экинчи беренелеринин мазмундары. Анын кыргыздарга тиешелүүсүндө, «1. Россия мамлекетинин төбөлдөрү болгон Улуу жана Орто жүз казактары менен достукта жана тыччылыкта барымта, каракчылык жана өлүм жаратуучулукту жасабоого милдеттенебиз, ортобуздагы маанилүү эмес талаштарды, биздин талаа мыйзамдарыбыздын негизинде, эки тараптык макулдашуулукта чечишип канааттандырышабыз.   

2. Бул келишимдердеги шарттарды ыйык сактоого кепилдик беребиз жана аны биз бузбайбыз, эгер биз кичине эле жерден аларды аткарбасак, анда Кудайдын каарындагы жоопкерчиликте болобуз» [60, с.106-110] деп аяктайт. Демек, бул жагдай, мындан башка да тарыхый маалыматтардан көрүнгөндөй эле, кыргыз элинин ошол тапта, кудайдан бөлөк эч кимге көз каранды эмес, эгемендүү көчмөн мамлекетке эгедер экендигин айдан ачык күбөлөндүрөт.

            Сөз болуп жаткан келишимдин демилгечиси жана анын иш жүзүнө  ашырылышына ортомчулукту аткарган Россия империясы, кыргыздардын Ормон хан Ниязбек уулу башкарган эгемендүү борборлоштурулган мамлекетинин болгондугун жана алардын Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелерде толук кандуу субъектиси катары дааналап тааныгандыгын ачык айкындайт.

Кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети Ормон хандын башкаруучулугунда 14 жыл толук кандуу өкүм сүргөн, андан соң, анын уулу Үмөтаалынын жетекчилигинде дагы 12 жыл болгон. Ормон хандын уулу Үмөтаалынын атасынын хандык бийлигин мурас катары ээлегендиги жөнүндө мурдагы изилдөөлөрдө эле белгиленген, алсак 1856 – жылы Ш. Уалиханов [8, с. 324], 1856 — жылы П. П. Семенов [67, с. 207], 1867 — жылы Н.А. Северцов [65, с. 306-311]. Жакында архивден табылган Үмөтаалынын ысыккөлдүк кыргыздардын башчыларына 1861 – жылдын башталышында жазган катынын мазмунунан да мунун ырастыгын билсек болот. Анда, Үмөтаалы өзүнүн замандаштарына, «Дөөлөтимүз (б. а. мамлекетибиздин – Д. С.) журт жакшылары көчмөндөргө алекиме дувай салам» айтып, мындайча буйрук бериптир: «Мусулман уулу болсо Кудай бар, Расул Пайгамбарды ак билсе, анда кошуун жигитлерине жигиңизди бузбай камчы болуп, аспап жана жарагыңды түзөдтүп туруп, мусулман кылычын  чабып, кафырга ок атып, хан хазретиме чын көңүлүң менен өзгөчө кылып кызмат кылгын. Эгер жок десең улуу бахарда ислам лашкерлерин үстүңдө көруп алгын. Орус кафырыны коюп сага казат кылармын…. Эл болсоң, элчиңи жибер Ордого мага хан хазретимизге алып берип арысыхлас пенделик сөзүн айтсын. Эгер жок десең мага дайын болсун» делген. [35, л. 10-12].

Ормон улул Үмөтаалы. 1855-1867-жылдар…

Кара кыргыз хандыгынын аймагын жаңы келген орус баскынчылардан согуштук акциялар аркылуу бошотууну ушул Үмөтаалы Ормон уулу уюштуруп аракеттенгени белгилүү [72, с. 75; 11, с. 259-260]. 1863-жылы 18-июнда ал жоокерлери менен Нарын тарапка бара жаткан орус почто кызматчыларына кол салып, бирөөсүн опат кылган [41, л. 121об.-122об.], ал эми анын эртеси 19-июнда Уметаалы өзүнүн туугандары жана саяк уруусунун манабы Осмон Тайлак уулунун жана башка уруу башчыларынын колдоосу менен Нарын суусунун боюнда Курткага жакын Экичат деген жерде, миңдеген жоокерлерди топтоп кыргыз байрактарын желбиретип, добулбстардын коштоосунда подпоручик Зубарев кол башчылык кылган ок-дары, тамак-аш алып келе жаткан 40 солдаттан турган орус жоокерлерин үч күн курчоого алып аткылашып жатканда, орустарга капитан Проценконун кошууну жардамга келиши менен курчоого алгандар чегинип кетишкен [53, л. 32-36]. Ушул кагылышуусунда орус кошуунунан бир офицер, жети солдат жарадар болуп, эки адамы курман болгон [41, л. 8].  Кийин Үмөтаалы Россия империясынын бийлигин таанып, өз жайыттарына келиш максатында, 1867-1881 — жылдардагы Туркестан генерал-губернатору жарым падыша атанган Константин Петрович Фон Кауфмандын (1818-1882 жылдары жашаган) 20-октябрь 1867-жылкы буйругу менен, ал орус өкмөтү тарабынан мунапыс бериш үчүн, ошол окуяда жапа чеккендерге кун (штраф, тагыраагы  — контрибуция) төлөөгө мажбурланган. «Эки өлгөн орус үчүн – ар бирине 75 жылкыдан, жарат алгандарга: офицерге – 100 жылкы, беш солдатка – ар бирине 25 жылкыдан. Баардыгы 375 жылкы, же болбосо жылкынын баасы 20 рублдан эсептегенде 7500 рубль төлөйсүң» деп губернатор өкүм кылыптыр [41, л. 8об]. 1868-жылы Үмөтаалы кундун 5231 рубль 42 копейкасын берген, калган суммасы кийинчерээк өндүрүлгөн [41, л. 49].

Демек, баардыгы болуп 26 жыл бою өмүр сүргөн кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети, 1867-жылы гана Россия империясынын басып алуусуна моюн сунган, Үмөтаалы Ормон уулунун орус бийлигинин өкүлдөрүнө тил кат берүүсү менен жоюлганга шарт түзүлгөн [73, с. 97; 65, с. 340-349]. Ошондо да 1868-жылдын май айында Россияга каратылган Токмок уездинин башчысы майор Г. С. Загряжский Нарын боюндагы Тогузторого волосторду уюштуруу иштери боюнча барганда, анын кошуунуна Үмөтаалынын досу жана өнөктөшү Осмон Тайлак уулу кол салып, биртоп мүлкүн тоноп, жанындагылардын кээ бирөөлөрүн туткунга алып, Көкартты ашып Андижанга кетип каршылыктарды уланткан [42, л. 47-60].

Кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетинин башчысы Ормон хан Казак, Кокон, Бухара хандыктары жана Россия, Цин (Синьцяндагы бийлик) империялары менен ымалага кирип тең даражадагы мамиле түзүүгө жетишкен. Демек, бул жагдай да кыргыздардын эгемендүү борборлоштурулган мамлекети — Кара кыргыз хандыгы  Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелерде толук кандуу субъектиси болгон экендигин даана жана ачык айкындайт.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер,Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, профессор.

Колдонулган адабияттар жана булактар:

  1. Абрамзон С. У истоков манапства/Экспедиционный очерк//Советская Киргизия. 1931. 1 апреля.
  2. Абджанов Х.М. Казахское ханство и мировое историческое пространство//Отан тарыхы. Гылыми журналы. 2015. № 3.
  3. Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Бишкек, 1995.
  4. Бекмаханов Е.Б. Присоединение Казахстана к России. Москва: АН СССР, 1957. 
  5. Бекмаханов Е.Б. Казахстанв 20-40 е годы ХIХ века: учебник. Алма-Ата, 1992.
  6. Бернштам А.Н. Из истории международных и военных отношений кыргызского народа//Избранные сочинения. Бишкек, 1997. Т. I.
  7. Бернштам А. Источники по истории киргизов XVIII в.//Вопросы истории. Москва, 1946. №11-12.
  8. Валиханов Ч. Дневник поездки на Иссык-Куль // Собр. соч. в 5-ти томах. Вып. 1. Т. 2. Алма-Ата. 1964.
  9. Валиханов Ч. Записки о киргизах // Собр. соч. в 5-ти томах. Вып. 2. Т. 2. Алма- Ата. 1985.
  10. Гумилев Л.Н. Древние тюрки. Москва, 1973.
  11. Джамгерчинов Б. Присоединение Киргизии к России. Москва, 1959.
  12. Джамгечинов Б. Очерки политической истории Киргизии XIX века (первая половина). Фрунзе, 1966.
  13. Джамгечинов Б. Очерки политической истории Киргизии XIX века. Фрунзе, 1966.
  14. Древнетюркский словарь/Ред.: В. М. Наделяев, Д. М. Насилов, Э. Р. Тенишев, А. М. Щербак. Ленинград: наука, 1969.
  15. Жолдошев Р. Ормон хан баяны//Аалам. № 9 (май). 1992.
  16. Жолдошев Р. XVIII-кылымдагы кыргыздардын уруулук курамы жана дуалдык этносоциалдык уюм//Кыргызстан история и современность/Ответ ред. докт. ист. наук. А. Дж. Джуманалиев. Бишкек, 2006.
  17. Зиманов С. З. Общественный строй казахов первой половины XIX века. Алма-Ата, 1958.
  18. История Казахстана с древнейших времен до наших дней в пяти томах. Алматы: Атамура, 2000. Т. 3.  
  19. История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В пяти томах. Т.1. Фрунзе, 1984.
  20. Кенчиев Ж.  Медет датка. Бишкек, 1996.
  21. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. Кытай булактарынан үзүндүлөр. / Түз. К. Жусаев, А. Мокеев, Д. Сапаралиев. Бишкек, 2003.
  22. Кыргызстан – Россия: история взаимоотношений (XVIII-XIX вв.)/Сборник документов и материалов. Бишкек,1998.
  23. Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983.
  24. Марков Г. Кочевники Азии. Москва, 1976.
  25. Масанов Н. Кочевая цивилизация казахов. Алматы, 1995.
  26.  Мокеев А. Этапы этнической истории и социальной организации кыргызского народа на Тянь-Шане в XVI-сер. XVIII вв // Изв. АН Республки Кыргызстан. 1991. №4.
  27. Мокеев А. Древние элементы в системе политической организации кыргызов Тянь-Шаня в XVI-XVIII вв//Кыргызская государственность/Сб. док. и мат. Бишкек, 2003.
  28. Петров К.И. Очерки феодальных отношений у киргизов в XV-XVIII вв. Фрунзе, 1963.
  29. Плоских В., Усенбаев К., Сапаралиев Д. Кол беришүү//Ала Тоо.1989. №1.
  30. Проблемы политогенеза кыргызской государственности. Бишкек, 2003.
  31. Радлов В.В. Из Сибири. Страницы дневника. Москва,1989.
  32. Республика Казакстан Борбордук  Мамлекетттик архиви (Мындан ары кыскартылганы : РКБМА). Ф. 3. Оп. 1. Д. 3.
  33. РКБМА. Ф. 3. Оп. 1. Д. 11.
  34. РКБМА. Ф. 3. Оп. 1. Д. 86.
  35. РКБМА. Ф. 3. Оп. 1. Д. 365.
  36. КРБМА. Ф. 3. Оп. 1. Д. 484.
  37. РКБМА. Ф. 4. Оп. 1. Д. 1997. 
  38. РКБМА. Ф. 374. Оп. 1. Д. 1669.
  39. РКБМА. Ф. 374. Оп. 1. Д. 2920.
  40. РКБМА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 562.
  41. РКБМА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 5463.
  42. РКБМА. Ф. 44. Оп. 1. Д. 29125.
  43. Россиянын Мамлекеттик байыркы актылар архиви. Ф. 214. Оп. 3. Д. 1155.
  44. Россиянын Мамлекеттик борбордук Аскер тарыхий архиви (Мындан ары кыскартылганы : РМБАТА).  Ф. Аскер  Окумуштуулар  архиви (Мындан ары кыскартылганы : АОА). Оп. 1. Д. 1201.
  45. РМБАТА. Ф. 38. Оп. 8. Д. 19.
  46. Россия Федерациясынын Оренбург областынан мамлекеттик архиви. Ф. I. Оп. I. Д. I.
  47. Россиянын тышкы саясатынын архиви. Ф. Зюнгарские дела. 1741 г. Оп. 113/1.Д.1.
  48. Румянцев П.П. Материалы по обследованию туземного и русского старожильческого хозяйства и землепользавания в Семиреченской области. Петроград, 1911. Т.1.
  49. Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда. Бишкек, 2002.
  50. Орунбеков Б. Карбоз ата жана бабалары. Бишкек, 2014.
  51. Өзбек Республикасынын Борбордук  Мамлекетттик архиви (Мындан ары кыскартылганы : ӨРБМА). Ф. И. 715. Оп. 1. Д. 12.
  52. ӨРБМА. Ф. И. 715. Оп. 1. Д. 25.
  53. ӨРБМА. Ф. И. 715. Оп. 1. Д. 26а.
  54. ӨРБМА. Ф. И. 715. Оп. 1. Д. 27.
  55. ӨРБМА. Ф. И. 715. Оп. 1. Д. 40.
  56. Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу-XX кылымдын башы). Бишкек, 2003.
  57. Сапаралиев Д. Взаимоотношение кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII в. Бишкек, 1995.
  58. Сапаралиев Д.Б. Сведения об этнополитической территории кыргызов и динамика численности населения Кыргызстана с XVIII —  до середины XIX века// Коомдук илимдер журналы. Кыргыз-Турк «Манас» университети. Бишкек, 2002. №3.
  59.  Сапаралиев Д. Б. Кыргыз–казак элдеринин 1847-жылдагы достошуу келишими//Кыргызстан жана Казакстан: достуктун жана ынак коңшулаштыктын чек арасы. Бишкек, 2004.
  60. Сапаралиев Д. Б. Мир испытанный временем//Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда. Бишкек, 2002.
  61. Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX вв. Бишкек, 1999.
  62. Сведения о дикокаменных киргизах //Записки императорского русского географического общества. Т. 5. Спб., 1851.
  63. Сведения о дикокаменных киргизах, собранные толмачем Бардашевым // РМБАТА.Ф. АОА. Оп. 1. Д. 18551.
  64. Севертян Э. В. Этимологический словарь тюркских языков: Общетюркские и межтюркские основы на гласные. Москва, 1974.
  65. Северцов Н.А. Путешествие по Туркестанскому краю. 2-е изд. Москва, 1947.
  66. Семенов-Тян-Шанский П.П. Путешествие в Тянь-Шань в 1856-1857 годах. Москва, 1946.
  67. Семенов П.П. Поездка из укрепления Верного через горный перевал у Суюк Тюбе и ущелье Буам к западной оконечности Иссык-Куля в 1856 году// Записки русского географического общества по общей географии. СПб., 1867. Т.1.
  68. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т.1. Бишкек, 1995.
  69. Сыдыков О. «Муктасар тарых Кыргызия», «Тарых кыргыз Шадманиа». Бишкек, 2014.
  70. Талызин А. Пишпекский уезд. Исторический очерк (1855-1865)//Памятная книжка Семиреченского областного статистического комитета на 1898 г. Т. 2. Верный, 1898.
  71. Халфин Н. Россия и ханства Средней Азии. Москва, 1974.
  72. Хасанов А. Экономические и политические связи Киргизии с Россией. Фрунзе, 1960.
  73. Хасанов А.Х. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Москва, 2004.
  74. Шапрашты Казыбек бек Таусарулы, Туп-тукианан өзүмө шейин. Алматы, 1993.
  75. Юдинин В.П. Орды: Белая, Синяя, Серая, Золотая…// Казахстан, Средняя и Центральная Азия в XVI- XVIII вв. Алма-Ата, 1983.
  76. Усенбаев К. Ормон хан. Бишкек, 1999.
  77. Beşim Atalay Divani Lugatit-Turk. C. 1. Ankara, 1939. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here