“Балалуу аял-жалаалуу аял”-деп коюшат эмеспи. Бул каарманыбыз бир учурда жеӊил ойлуулук кылып бир уулу бар өзүнөн уулу аялга баш кошкон экен. Анын баласы баары бир өгөйлүк кылып азыркы кезде  өзүнө душмандай мамиле жасап жаткандыгын ачык айткан Болотбек мырза окуянын чоо-жайы тууралуу бизге буларды баяндап берди.

—“Бөрү баласы ит болбойт”-деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ачыгын айтсам мындан 15 жыл мурда акчасына кызыгып, базарда соода кылган  өзүмдөн улуу аялга үйлөнүп алган элем. Ал кезде анын мурунку никесинен 3 жаштагы бир уулу бар болчу. Башында эле атам нааразы болуп:

—Учуру келгенде мунун баласы баары бир өгөйлүгүн кылбай койбойт. Кеч болуп кете электе жакшылап ойлончу балам,-деди алдын ала эскертип.

А, мен атамдын сөзүнө анча маани бербей:

—Балада эмне күнөө? Аны мен өзүм боорума тартып тарбиялап алам,-деп кыйраткансып кыйынсынып койдум.

—Эми эмне дейин? Жаман болсоӊ да аман бол,-деп атам өз жайыма койду.

Андан кийин экөөбүз эмнегедир эч сүйлөшпөдүк… Убакыт учкан куштай сызып арадан 12 жылдай убакыт өттү. Калиман экөөбүз 2 балалуу болдук. Анын сунушу менен мен дагы базарда иштеп калдым. Экөөбүз тез эле бутубузга туруп жакшы турмушта жашай баштадык. Бирок, өгөй уулум экөөбүздүн мамилебиз эч оӊолбой койду. Улам чоӊойгон сайын  анын азабын тарткандыктан акырында ачуулуу адамга кантип айланып калганымды өзүм да байкабай калдым. Айрыкча, өспүрүм курагында кыжырыма көп тийди. Чыдамдын да чеги болот экен. Бир жолу базардан бирөөлөр менен чатакташып маанайым жок келсем короодо кызым ыйлап жатыптыр. Көрсө, тиги жаман сөздөр менен сөгүп ыза кылып коюптур. Ошондо ага жай эле түшүндүрүп:

—Уят эмеспи. Бул эмне кылганыӊ?-десем эч тоготпой каяша айтып:

—Сенин кандай ишиӊ бар? Сен менин атам эмессиӊ… Мен сени чоӊойгондо өлтүрөм!-дегенде өзүмдү карманалбай  былчылдатып сабап таштадым.

Базардан артымдан ууда келген энеси энеси болушканда аны кошо токмоктодум. Ошол окуядан кийин аялым экөөбүздүн ортобуз сууй баштады. Бул аз келгенсип тиги “бөлтүрүк” экөөбүз бири-бирибиз эч көргүбүз келбей калды. Ал мага аябай кек сактап калганын сезип эле жүрдүм. Акырында энеси экөөбүз ажырашмай болдук. Ал балдарымды өзүм менен кошо ала кетүүнү ачык эле айтты. А мен дароо макул болдум. Андан эч мүлк талашпастан үйдөн чыгып кеттим. Мурда эле эртели-кеч эки ажырым жолго түшөрүбүздү билгендиктен ага билдирбей чоӊ суммадагы акча каражатын  банкка сактап жүргөн элем. Шаардын четинен короо-жайы кенен үй сатып алдым. Тааныштарымдын жардамы менен жеке фирмалардын бирине ишке орношуп алдым. Ал жерде иштеп жүрүп жолдошу автокырсыктан каза болуп калган  бир келин менен баш кошуп алдым. Мырзагүлдүн  жалгыз кызым менен менин балдарым тез эле тил табышып кетти. Ошентип, биз бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап жашап жатканыбызда баягы өгөй уулум телефон чалып,  мени  ашата сөгүп тынчымды алганды көнүмүш адатка айландыра баштады. Керек болсо үйүмө келип өз колу менен өлтүрүп кете турганын аяык эле билдирди. Муну укканда бир чети ага ачуум келсе, бир чети кадимкидей кыжалат боло баштадым. Энеси бир жолу байланышып:

—Менин уулум бир балээ балсо сен жооп бересиӊ!-деди кекетип.

—Башымды оорутпачы, канчык!-деп трубканы коюп таштадым.

Анан муундарым титиреп нервим кайнап бир кызыктай абалда болуп өзүмө бир топко чейин келе албай турдум.  Бир маалда мындан кийин эмне кылуу керек экендигин канчалык ойлонсом да эч жыйынтык чыгара албай койдум. Азыркы кезде бир учурда жаӊылыштык кылып атамдын сөзүн укпай койгонума абдан өкүнүп жүрөм. Ушунун баарына өзүм күнөөлүмүн. Өзүм…

                                                        Даярдаган: Нурболот ИСКЕНДЕРОВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here