Экинчи Дүйнөлүк согуш (1939-1945-жж.) мезгилинде  СССР дын 1941-1945 – жылдарда ага катышышы Улуу Ата Мекендик согуш аталаары белгилүү. Ошол  учурунда Кыргыз ССР нын аймагы ооруктагы эмгек фронтуна айланган, ал  согуш талаасынан кем эмес оор, бирок кайраттуу болгон. “Баардыгы Жеңиш үчүн, баардыгы фронт үчүн!” деген ураан алдында өмүр жаштары карылыкта делинген адамдар, аялдар жана жаш өспүрүм балдар  каармандык менен эмгектенишкен. Менин чоң атам Молдобаев Сапаралы (1890 — 1974-жж.) согуш башталган 1941-жылы 49 жашта болгон. Анын атасы, менин бабам (чоң атамдын атасы) Айбашев Молдобай (1865 — 1938жж.) Россия оторчулугунда Жетисуу областындагы Пишпек уездинин Жумгал өрөөнүндөгү Качкын волостунун № 3 айылынын бир далай жылдар бою тандалып шайланган элдик бийинин (народный судья — сот) кызматын аткарган. Ушундай кызматта турса да, ал эч тартынбастан кыргыздардын укуктарын Россиялык оторчулардын кысымынан коргоого алган. Россиянын Өкмөт башчысы  П. Столыпиндин (1862 – 1911) демилгеси аркылуу өлкөнүн борбор тарабынан көчүрүлүп келинген орус дыйкандарына, Түркстандагы жергиликтүү калктын көп жылдар бою эмгектерин жумшап дыйканчылык жүргүзүүгө ылайыкташтырылып өздөштүрүлгөн жана отурукташкан кыштоолорунда тургузулган үй, короо жайлары турган жерлерин, ашыкчасы бар делинип, бул жараян боюнча кабыл алынган, мыйзамды одоно бузуу менен, тартып алынып жаткандыгына нараазычылыгын билдирип Россияны империясынын Жогорку бийлигине: Россия империясынын Императоруна, Россиянын Башкаруу Сенатына Жетисуу областындагы Пишпек уездинин Качкин волостунда жашаган кыргыздардын атынан, менин бабам – Молдобай жана айылдашы бир учурда волост башчысы кызматында иштеген Мырзабек Дыйкамбаев, 1913 — жылдары арыз жазып акыйкаттыкты сактоону талап кылгандыктары жөнүндө Россиянын Мамлекеттик Тарых архивинен жакында табылган архив документтери айкындайт.

1917 — жылкы Россиядагы социалистик революциядан кийин, Социалисттик коомду курууда, Кыргызстанда дагы социалдык жактан жиктелүүгө багытталган саясаттын негизинде, Айбашев Молдобай оокаттуу катмардын өкүлү болгандуктан, Советтик түзүлүшкө жат адам катары жаңы  коммунисттик бийлик тарабынан куугунтукка алынган. Алгач ал бай-манап катары кулакка тартылып, кийин саясий душман делип репрессиянын айынан, үч жолу абака түшүп, андан качып чыгып 1938 жылы каза болгон. Ушундай катаал мамилеге анын үй-бүлөсү да дуушарланып, азап чеккен эле.

Ошондой болсо да, анын эркек жалгыз уулу — Сапаралы эки тезтиер уулдары менен өз Мекенинин  кубатынын күчтөнүшүнө чамасына жараша салымдарын кошушкан. Молдобаев Сапаралы согуш жылдары Кочкор жол эксплуатациялоо башкармалыгына караштуу согуштук-стратегиялык объект болгон Фрунзе-Нарын трассасында армияга керек баалуу металлдар – жез, калай, коргошун, уран алышкан Кара-Үңкүр тоо кени жайгашкан Оттук, Он-Арча — участогунда авто-унаа жолун көзөмөлдөп, оңдоо иштерине тартылган. Бабамдын экинчи аялынан төрөлгөн Сапаралынын эки кичүү инилери: Молдобаев Токтоналы (болжол менен 1925-жылы туулган) жана Усубалы (туулган жылы такталган эмес) согуш фронтуна чакырылышып, кетишкен бойдон белгисиз болушуп, кайтпай калышкан.

1942-жылы толук эмес (8 жылдык) мектепти бүткөндөн кийин, чоң атам Сапаралыга жардамчы катары анын улуу баласы – 16 жаштагы Бекиш (Бектур) Сапаралиев (1926-1999 – жж.) — менин атам  кошулган. Бир жылдан кийин ал Нарын педагогикалык окуу жайына өтүп, анын толук курсун 1946-жылы бүтүргөн. Бул окууну ал атасынын жанында жолду көзөмөлдөп, оңдоо иши менен айкалыштырып аяктаган. Бекиш атамдын эмгеги бааланып 14-ноябрь 1946 – жылы ”1941-1945 — жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман жана талбас эмгеги үчүн” медалына татыктуу болгон. Кийинчерээк 1941-1945 — жж  согуштун Улуу Жеңишине арналган 30, 40, 50 жылдык мааракелерине карата чыгарылган 3 медаль менен сыйланган.

1946-1951жж.  мугалимдик дипломуна ылайык Сапаралиев Бекиш алгачкы жолу Жумгал районуна караштуу Базар-Турук айылындагы Жаңы-Арык мектебинде, андан соң Чаек айылындагы Чаек жана Кара-Булак жети жылдык мектептеринде окуу бөлүмүнүн башчысы (завуч) жана тарых, география мугалими болуп эмгектенет. Атам тынчтык мезгилиндеги эмгегинде да айырмалана алган. Юридикалык мектепти (1951-1953жж.) аяктап, андан соң КМУнун юридикалык факультетин (1958-1964 — жж.) бүтүргөндөн кийин алгач адвокат, юридикалык (укуктук) кеңеш берүүчү мекеменин башчысы, андан кийин прокуратура органында – тергөөчү жана прокурордун орунбасары болуп Нарын облусунун Тянь-Шань, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда эмгектенген. 1967-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Указына ылайык “СССРде каармандык эмгеги үчүн” медалы,  1984 – ж. “СССРдин эмгек ардагери” медалы менен сыйланган.

     1963-жылдын ноябрынан 1991 — жылдын 21-августуна чейин Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын катарында болгон. Бир нече жолу Жумгал жана Ак-Талаа райондук Кеңештерине депутат болуп шайланган. Кыргыз ССР нын Эл депутаттарынын Ардак граматосы менен сыйланган.

               Атам Бекиш 1999 — жылы Улуу Жеңиш күнү – 9 — майда каза болгон. Ошондуктан бул күн биздин үй — бүлөгө эки тараптуу белгиленген күн. Биздин ата — бабаларыбыздын жаткан жери жайлуу болуп, жандары жанаттан орун алсын!

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетнин кафедра башчысы, профессор.

Айбашев Молдобай (1865 — 1938жж.).
Жетисуу областындагы Пишпек уездинин Жумгал өрөөнүндөгү Качкын волостунун № 3 айылынын бир далай жылдар бою тандалып шайланган элдик бийинин (народный судья — сот) кызматын аткарган.

Айбашев Молдобайдын Жетисуу областындагы Пишпек уездинин Качкын волостунун 1911 — жылы № 3 айылынын элдик бийи (народный судья — сот) болуп тандалып шайлангандыгы тууралу Баллатировачный листи.

Айбашев Молдобайдын Жетисуу областындагы Пишпек уездинин Качкын волостунун 1915 — жылы № 3 айылынын элдик бийи (народный судья — сот) болуп тандалып шайлангандыгын растаган Жетисуу областынын Аскерий Губернаторунун жарлыгы. 3- сентябрь 1915 — ж.

Айбашев Молдобайдын Россия империясынын Императоруна Пишпек уездинин Качкин волостунда жашаган кыргыздардын атынан, көчүрүлүп келинген орус дыйкандарына, Түркстандагы жергиликтүү калктын жерлерин, ашыкчасы бар делинип, тартып алынып жаткандыгына нараазычылыгын билдирген кайрылуусуна жооптун фрагменти. 5 января 1913-ж.

Айбашев Молдобайдын Россиянын Башкаруу Сенатына Пишпек уездинин Качкин волостунда жашаган кыргыздардын атынан, көчүрүлүп келинген орус дыйкандарына, Түркстандагы жергиликтүү калктын жерлерин, ашыкчасы бар делинип, тартып алынып жаткандыгына нараазычылыгын билдирген арызынын фрагменти. 9-март 1914-ж.

Молдобаев Сапаралы (1890-1974-жж.) небереси Бекиш уулу Дөөлөтбек менен 1957-ж.

Сапаралиев Бекиш (Бектур) (1926-1999 – жж.) — менин атам. 1964-ж. КМУ нун юрфагын бүтүргөн жылы.

Сапаралиев Бекиштин ”1941-1945 — жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман жана талбас эмгеги үчүн” медалы. 14- ноябрь 1946-ж.

Сапаралиев Бекиштин ”1941-1945 — жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман жана талбас эмгеги үчүн” медалынын күбөлүгү. 14- ноябрь 1946-ж.

Сапаралиев Бекиштин 1941-1945 — жж согуштун Улуу Жеңишине арналган 50 жылдык мааракесине карата сыйланган медалы. 1995-ж.

Сапаралиев Бекиштин “СССРде каармандык эмгеги үчүн” медалынын күбөлүгү.  1967-ж.

Сапаралиев Бекиштин Жумгал жана Ак-Талаа райондук Кеңештерине эл депутаты деген — төш белгиси

Сапаралиев Бекиш кызы Гульнара жана неберелери Мирлан Дуулатбек уулу жана Наргиза Алмаз кызы менен. 1985-ж. 9 май.

Сапаралиев Бекиш үй-бүлөсү менен. Алдынкы катарда оңдон солго карай уулдары: Дөөлөтбек, Медетбек, Дуулатбек. Экинчи катарда кызы Светлана, байбичеси — Нурпия, кыздары Гульнара жана Камелия. 1995-жыл 9- май.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here