Москвада өтчү парадга катышуу үчүн Сооронбай Жээнбеков менен барган президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталганын президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

“Алгоритмге ылайык, делегация мүчөлөрү тест тапшырган. Жыйынтыгы эки адамда вирус бар экенин көрсөттү”, — деди Стамалиева.

Белгилей кетсек, ушул тапта Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле. Ал эми Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу. Парадга 12 мамлекеттин жокерлери катышты

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here