23-июнга карата дагы 163 кишиден коронавирус табылды, 33 киши айыкты.

Бишкек шаарында – 94
Чүй облусунда — 22
Ош шаарында – 16
Жалал-Абад облусу – 13

Ош облусунда – 9
Нарын облусу – 7

Баткен облусу – 1
Талас облусу – 1

Коронавирус жуккан бир бейтап каза болду. Ал 54 жаштагы аял экенин, Бишкектеги Кыргыз-түрк достук ооруканасында көз жумганын саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Алардын ичинен 41 адам каза болуп, 2054ү сакайды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here