Мамлекеттик ишмер Болот Шерди (Болотбек Шерниязов) акыркы сапарга узатууга арналган митинги Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында өттү.

Болот Шер — Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, «Эркин Кыргызстан», «Ата Мекен» саясий партияларынын, «Ата-Журт» саясий кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири, «Көкбөрү» федерациясынын түзүүчүсү.

Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 21-июнда 61 жашында оорудан каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманлиев, Өмүрбек Бабанов, Элүүбай Отунчиев баштаган коомдук-саясий, маданий ишмерлер катышып жатышат.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 23-июнда өзүнүн керээзи боюнча кичи мекени Чоң-Капка айылындагы көрүстөнгө коюлду

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here