Окурмандардын эсине: 2014-жылы Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгына арналып даярдалган макала экенин эсиӊиздерге салабыз…

Кыргыз эл акыны, прозаик, драматург  Эрнис  Турсуновдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Ал 2014-жылдын июнь айында узакка созулган оорудан улам көз жумган. Бул адам улуу муундагы жазмакерлерден өтө терең билимдүүлүгү жана эс тутумудулугунун күчтүүлүгү менен айырмаланып турчу. Чынында Эрнис агабыздын билими, дүйнө таанымы айрым илимдин доктору, профессор, академиктерден алда канча жогору болгонун эч ким жокко чыгара албас. Аны кыргыз эли бекеринен  “тирүү энциклопедия” деп аташкан эмес чыгар. Эрнис Турсуновдун 17-декабарда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драм театрында 80 жылдык мааракеси өттү.  Маалымат катары айта кетсек, Эрнис агабыздын атасы Нурдин Серкбаев 28 жашында кыргыз элинин алгачкы илим-билимдүү адамдарынан болуп, жеке ишмердүүлүгү үчүн, так айтканда: “Англияга ыкташкан. Жапон-түрк мамлекеттеринин тыңчысы, социал-туран партиясынын мүчөсү” деген айып тагылып, Б. Исакеев, Т. Айтматов, К. Тыныстанов, К. Шооруков ж.б. менен бирге атылып кеткен. Энеси Сабира Телтаева кыргыз кыздарынын ичинен алгачкылардан болуп Москвадан билим алып, көптөгөн жоопту кызматтарда иштеген. Мына ушундай интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулган Эрнис агайыбыз жогорку билимди Москвадагы Ломоносов атындагы университетте кыргыз улуттук университетинде алган. Ал белгилүү жазуучу Касмалы Бектенов менен белгилүү театр актрисасы Урумкан Исмаилованын күйөө баласы болгон. Анын алгачкы поэтикалык жыйнагы 1956-жылы “Гүл” деген ат менен жарык көргөн. Ал өзүнүн 79 жылдык өмүрүндө 11 поэтикалык, 15 прозалык жана публицтикалык китептин автору болгон. Мындан тышкары драматург катары да жигердүү эмгектенип, 10дон ашык  драманын автору болгон. Ал эми кыргыз жазмакерлеринин ичинен котормо жаатында Эрнис агабыздан көп которгон адам болбосо керек. Ал которгон жалпысынан дүйнөлүк жана советтик классиктердин  чыгармалары 40 китепке жетет. Анын ичинен Пушкиндин “Евгений Онегини” абдан жогорку деңгээлде которулгандыктан улам төрт жолу басылып чыккан.

  Эрнис Турсуновдун 80 жылдык мааракесин өткөрүүнү Ысык-Көл коомдук фонду жана анын төрагасы болуп жүргөн Камчыбек Ускаков деген колго алган экен. Эл акынын мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча өкмөттүн токтому күз айрыларынын башында эле чыкканы менен, ал тууралуу маркум агабыздын үй-бүлөсү кеч угуптур. Ал тургай мааракенин 17синде белгилене турганын коомчулук да укпай калганы чын.  Мына ошондон уламбы, айтор КырДрамдын залына болгону 100гө жетпеген киши чогулду. Өз элине өзгөчө асыл эмгектерди көөнөрбөс мурас катары таштап кеткен Эл акынын эскерүү кечесинде зал элге жыкжыйма болуп турушу керек эле го. Тилекке каршы андай болбоду, дагы жакшы президент Алмазбек Атамбаев өз куттуктоосун жазып, аппарат башчысынын биринчи орун басары Улук Мариповду мааракеге жөнөтүптүр. Ал ажонун куттуктоосун окуду да, кете берди. Андан  кийин Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кытайда иш сапар менен жүргөндүгүнө байланыштуу анын куттуктоосун жаңы эле ( министрликтин туризм тармагын тейлөө боюнча) орун басар болуп дайындалган жаш мырза окуп, ал да бир аз байырлап олтурбастан артын карабай качты. Качканы курусун, аталган министрлик менен Ысык-Көл коомдук фонду залды элге, жок эле дегенде ЖОЖдордун  башка факультеттери болбосо да, филология факультеттеринин студенттерине толтуруп коюшса болмок. Атка минерлердин куттуктоосунан кийин, Эрнис аганын каламдаштары Мелис Абакиров, Жолочу Рыспаев, Тынчтык Нурмамбетов жана чогуу окуган достору да  сүйлөштү. Андан соң, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларды элибиздин белгилүү ырчылары аткарып, дарамаларынан үзүндү көрсөтүлдү. Бул учурда мен акын агабыздын уулу Азис Турсуновду кепке тарттым.

Азиз Турсунов, Эрнис Турсуновдун уулу:

“Фонддун төрагасына биздин үй-бүлө нааразы болуп калдык… ”

Азис мырза, атаңыздын 80 жылдык мааракеси тууралуу эмне айтасыз?

-Чынында 17де өткөн атамдын 80 жылдык мааракесин ушундай деңгээлде өтөт деп ойлогон эмесмин. Буга чейин 80 жылдыкты атамдын туулган айылында, Ысык-Көл облусунда жана Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада жакшы деңгээлде өткөзгөнбүз. Ал эми  борбор шаарда каражаттын тартыштыгына байланыштуу өткөзбөй эле коёлу дегенбиз. Бирок Ысык-Көл коомдук фондунун төрагасы Камчыбек Ускаков 4-декбарда бизге: “Эрнис Турсуновдун мааракесин Бишкекте өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому 11-ноябрда чыккан. Мааракени  17-декабарда КырДрамда өткөзөбүз, баарын өзүбүз моюнга алабыз, мен уюштуруп, мен өткөзөм. Тизме түздүк. Темир Сариев өзү баш болуп келет. Жогорку Кеңештин 15 депутаты жана Эмил Каптагаев да катышат. Куран дагы окутабыз. Көчөнүн атын жана баатырдыкты да сурайбыз”-деп телефон чалып калды. Бирок иш жүзүнө келгенде анын айткандарынын бири да ишке ашкан жок. Жада калса, эчак эле чыккан өкмөттүн токтомун биз кеч уктук да. 15 депутат эмес, бир эле депутат келди. Министр Максүтов өкмөт башчы менен Кытайда экен, алар да жок болду. Министрликтен жаңы эле орун басар болуп дайындалган жаш бала келип, “көз көрсөткөндөй” болуп кетип калды. КырДрамдын залында болгону 100гө жетпеген киши олтурду. Атамдын үзөнгүлөштөрү, туугандары, кыскасы кыйбастары эле келди. Калган күйөрмандарынын көбү  бул эскерүү кечесин болоорун билбей да, укпай да калышса керек. Ошону менен зал аңгырап бош калды. Негизи фонддун төрагасы Камчыбек мырза КырДарамга “студенттерди алып келебиз, сүйлөшүп койдук”-деп айткан. Көрсө, бул маселе жакшылап деле сүйлөшүлбөсө керек. Чынында биз бул мааракени өткөргөнгө киришкен деле жокпуз да. “Чоң фонд өткөрүп жаткандан кийин баар жакшы болот да” деген ишенич менен ишенип, кубанып жүргөнбүз да. Кыскасы, биз атабыздын мааракеси мындай деңгээлде өткөнүнө абдан эле нааразы болуп калдык. Эгер мындайды билгенде КырДамдын залын бош калтырбай өзүбүз деле студенттерди толтуруп, айылдан келебиз деген кишилердин баарын алып келмекпиз да. Айтор, фондун төрагасы эмнени көздөп, мындай жоопкерчиликсиз мамиле кылганын түшүнбөй калдык.

-Атаңыздын сизге калтырган насаат-керези тууралуу айтып берсеңиз?

-Атамдын жеке мага айтып кеткен насаат-керези көп. Ал мага: “Атаң сага эмне калтырып кетти деп сурашса, “Атам мага эч нерсе калтырган жок –деп айткын” –дечү. “Эмнеге”-десем, унчукпай туруп: “80 жашка чыгып бер” -деп айткан эле да. Атамдын сөөгүн өзүнүн керээзи боюнча Ысык-Көл облусундагы Жаркынбаев айылындагы отуз жыл мурун жабылган жол боюндагы эски көрүстөнгө коюлду. Быйыл эстелигин тургузуп, жылдыгын өткөздүк. Көзү өтөрүнө бир, эки ай калганда жарык көргөн “Муктаждык” деген философияга жык толгон поэтикалык жыйнагынын биринчи бетиндеги: “Сөзүм калып кыргызда, Сөөгүм жатаар түпкүрдө. Жаным учуп жылдызга, Жанып турар үстүмдө” –деген төрт сабын эстелигиндеги жазууга жазып койдук.

Эрнис агабыздын жарыкка көрө элек чыгармалары көп экени белгилүү. Жарыкка чыгарып, элге жеткирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатабы?

-Туура. Атабыздын көп жыл эмгектенип жазган “Хан -Теңири” деген көлөмдүү романы ушу кезге чейин басылып чыга элек. Бул чыгарманы “Ата-Журт” деген романынын уландысы да. Негизи атамдын “Боронбай”, “Балбай”, “Ата-Журт” жана “Хан-Теңири” деген романдары бирин-бири улап кеткен романдар да. Мындан башка “Кыдыр аке” деген жарыкка чыга элек чыгармасын романын Кыдыров Дүйшөн деген агабыз буйруса жаңы-жылдан кийин демөөрчүлүк кылып чыгарганы турат. Атам ыйык Куранды жана “Бибилияны” да көп жыл эмгектенип которгонун эл жакшы билет. “Куранды” которгондо ар ким ар кандай сындарды айтышкан. Ошондон уламбы, айтор атабыз ыйык “Куранды” кайрадан абдан дыкаттык менен оңдоп-түзөп, иштеп чыгып, басмага даярдап койгон. “Курандын” жаңы котормосун Райымбек деген ишкер агыбызга бергенбиз. Ал жарыкка чыгаруу аракетин көрүп, жүгүрүп жүрөт. 17синде өткөн мааракеде Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары акын агабыз Тынчтыкбек Нурмамбетов эки сунуш айтты. Анын бири: “Президент тараптан бөлүнгөн каражатка “Адабият сериясын” чыгарып турабыз. Буйруса, Эрнис агабыздын бир чыга элек чыгармасын  чыгарууну колго алабыз” дегени болду. Эгер бул маселе ишке ашып калса, анда биз “Адабият сериясына” атабыздын “Хан -Теңири” романын сунуштайт элек. Экинчиси сунушунда: “Жазуучулар союзу Эрнис Турсуновдун ысмын мектепке берүү боюнча тиешелүү тарапка кат жолдоду” –деген маалымат айтылды. Бул маселе да ишке ашып калса, албетте биз үй-бүлөөсү абдан кубанычта болобуз.

Атаңыздын эмгеги мамлекет тарабынан жетиштүү бааландыбы?

-Мен атамдын эмгеги жетиштүү жана өз убагында бааланды деп айта албайм. Бир эле мисал айтайын атама 70 жашка чыккан гана “Эл акыны” наамын беришкен. “Уят, кой бул наамды Эрниске бербесек болбойт” деп жатышып беришкен болчу. Атамдан азыраак эмгек кылгандар андай наамды жана башка мамлекеттик сыйлыктарды да өз мөөнөтүнөн мурда алып алышканын мен айтпасам да эл жакшы билет. Ушул эле жетиштүү болот го дейм, калганын айтпай эле коён.

Архивдеги тасмалардан…

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here