Тарс эткен тамаша

—Келдибек байке, бүт дүйнөнү дүрбөлөӊгө салган таажы тумоосу биздин өлкөнү дагы каптап, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилгенде  карантин, коменданттык саат убактыларын куудул байкебиз кандай өткөрдү экен деп кабар алып турубуз.                                                                                                            

—Ырахмат, Нарынбек иним, кабар алганыңа. Мыйзам сыйлаган атуул катары мыйзамдын негизинде өткөрдүк. Үч ай мурун  неберелериме жаным кашайып “Көзүңөрдөн эмне калды, эске тутууңар жоголуп жатканын билбейсиңер. Телевизор, сотка, компьютер ден-соолукка зыян экенин билбейсиңер го”- деп баарын өчүрүп сотка, наушниктерин катып, өздөрүн бакыртып-өкүртүп, чыркыратып короого кууп чыгып жаттым эле. Карантин учурунда  баарын өзүм туташтырып, каткандарын таап жалынып-жалбарып үйгө кийиргенге аргасыздан мажбур болдум  сабак окугула деп.                                                                                                           —Келдибек байке, ушул илдеттен кийин жалпы адамзат анын ичинен кыргыз эли сабак ала алабы? Ойгонобу, ойлонобу?                                                                                              —Нарынбек, бөлөктү айтпай өзүбүздөн баштайын. Өзгөчө  кийинки кездерде учурушканда эле өбүшө баштадык эле, ошол адат өтө эле одоно боло баштаган. Мындан ары ушул адаттан арылып эскиче эле баш ийкелип, кол алышып эле учурашып калсак экен. Бизде үнөм, сарамжалдуулукту унутуп калган экенбиз. Базарлар, дүкөндөр кудайга шүгүр иштеп турду, ураалап той, ашка чача берип элдин  70-80%ы акчасыз отуруп калбадыбы. Кеч күздө пандемиянын экинчи-үчүнчү толкуну каптайт деп окумуштуулар каңкуулап жатышат, ушул баштан кичинеден үнөмдөп ага дагы даяр туруш керек. Январь айында Кытайда башталганда аңкайып карап турдук эле, айттырбай эле эки айда кирип келбедиби.

Тазалыкты сактаганыбыз ушул бойдон калыш керек. Туура, жуунчубуз эртең менен кечинде, азыр кирип-чыккан сайын жуунуп атпайбызбы. Өгүнү гум. жардам тараткан ишкер жигит айтпадыбы. Ун, май, чай, кант таратсак көпчүлүк жерлерде арасына самын, кир жуучу порошок, антисептик кошуп койсоңор болмок деп. Ал деген жуунганыбыздын далили.                                                                 —Келдибек байке бир орто заар, оома саясатчыбыз айтпадыбы “коронавирус -бул оюн” деп. Куудул катары сиздин оюңуз кандай?                                                                                —Эми ал жигит дүйнөлүк оюн десе, дүйнө жүзүндө 5 миллиондон ашык эл ойноп жаткан экен, 350 миңден ашыгы ал оюнду ойной алышпай омурткалары сынып  мертинишпедиби.  “Ойноп  сүйлөсөң  дагы,  ойлоп сүйлө”, “оозуна сала берди” дейт, арыдан бери эле бололу.                                                                                                    —Келдибек байке, маегибиздин аягында  “ашың жок болсо дагы, кашың жокпу” дегендей  күлкүдөн  бир шиңгил…                                                                                            

—Дүйнө жүзүнө кабар тарайт, Коронавирус менен Эбола баш кошкон жатыптыр деген. Окумуштуулардын жүрөгү түшүп калат. Мунусуна каршы туралбай кырылганы жатсак экөө үйлөнүп эле тим болмок беле ортодо бала болот. Анан ошол бала дүйнө элин курут кылат дешип, Эболага бармак болушат. Белек-бечкегин мол алышып Эболага барышып суранышат:                                                     —Эболичка, турмушка  чыксаң чык, бирок төрөй көрбө дешсе, Эбола жайкактап аны Коронавируска айткыла деп кирип кетет.                                                                            Коронавируска барышса: “ Эй, адам баласы  пейлиңерди оңдоп, бири-бириңе кайрымдуу, мээримдүү, боорукер болсоңор эле ойлонобуз”, деп ал дагы кирип кетет. Ошондон бери дүйнө эли жүрөктөрү түшүп, айткандарын аткара алар бекенбиз деп баштарын мыкчып отурушат дешти.

   Маектешкен: Нарынбек Мусаев, ИИМдин ардагери, акын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here