Замир ажы, сиз менен биз коронавирустун таасири, ыйман, дин маселелеринин тегерегинде кеп кылсак деп турабыз. Бир канча айдан бери дүйнө жүзү кооптуу вирустан улам пандемия абалында турат. Биздин өлкөгө, элге да кыйын болууда. Биз ушул нерседен кандай сабак алдык? Өз байкоолоруӊузду айтсаӊыз?

—Коронавируска ишенбегендер бул вирусту  адамдар атайын ойлоп табышты, жасалма деген сындуу ар кандай кептерди айтып жатышпайбы. Мындай сыноолор, деги эле  ар кандай кырсыктар адамдар, жалпы эле адамзаты кылган күнөөлөр абдан көбөйүп кеткенде келет.  Пайгамбарыбыздын осуяттарында  андай кыйын кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу тобо кылуу деп айтылган. Адам канчалык тобо кылса, кыйынчылыктан ошончолук арылат. Баарыбыз пендебиз, адам баласы жаӊылышат, адашат, күнөө кылат. Бирок эӊ жакшысы адам  ошол күнөөлөрүн моюнга алып, тобо кылат деп хадистерде айтылган. Азыр дүйнөнүн кээ бир  жерлерине адамдардын канын төгүү, бири-бирин кыруу сыяктуу өтө жаман нерселер болуп жатат. Бизде деле ысырапкорчулук, бай, кедей сыяктуу бөлүүнүлөр күчөп кеткени байкалып жатат. Кудай улуу зат. Дүйнөдөгү 7 миллиарддан ашуун элди көзгө көрүнбөгөн вирус менен чөгөлөтүп койду. Адам жамандык кааалса жамандыгын алат, жакшылык кааласа жакшылыгына жетет. Коронавирус жаӊы катталган учурда дээрлик адамдардын баары жакасын кармап, тобо кыла баштаган. Бирок азыр андай эмес. Кайра эле баягы эски адаттар менен, мисалы: бири-бирин алдамай, арак ичмей сыяктуу көрүнүштөр орун алып жатат. Вирустан сактануу боюнча  айтылган эрежелерди да сактабагандар абдан көп болууда. Мен бул вирусту Кудай –Таалам адамзатка “көзүӊдү ач” деген сындуу белги катары берсе керек деп ойлойм. Мына биз ушундай аяндуу белгилерден чындап сабак алышыбыз зарыл. Куран китебинде да, Алла Тааланын: “Оо, акыл ээлери тегерегиӊдеги болгон нерселерден үлгү алгыла” – деген сөзү бар. Мына ушул сөздү унутпай, дайым жадыбызда жаттап жүрүшүбүз абзел. Тилекке каршы, жакшы сабак албай жатабыз.  Тапкан дүйнөбүз, бар мүлкүбүз мындай сыноолордун астында бир тыйынга арзыбай каларын түшүнбөй жатабыз. Кудай сактасын, адамзат чектен чыгып, эгесин тааныбай, жаман адаттардан арылбай, күнөөдөн күнөөгө бата берсе, анда мындан да  оор, мындан да күчтүү сыноолорго туш болуп калышбыз мүмкүн. Себеби, андай окуялар биздин замандарга чейин көп эле жолу болуп, тарых барактарында жазылып калган да. Анын жүзүн ары кылсын дейли. Бирок канча айтканыбыз менен биз пендебиз. Мына азыр биз илимдин түбүнө чейин казып, медицинаны болушунча гүлдөттүк, өркүндөттүк дегенибиз менен ушул  вирусту айыктыра турган дары таба албай бушайман болуп жатпайбызбы.

—Карантин учурунда коронавирусту жеӊүүгө көпчүлүк адамдар, мекемелер мүмкүнчүлүктөрүнө жараша  салым кошуу аракетин кылышты. Азыр да кылып жатышат. Бул жааттан алып караганда дин боюнча элибиз ишенген, таянган муфтият кандай иштерди аткарды? Мына ушул боюнча окурмандарга маалымат берсеӊиз?

600  беттен турган биздин ыйык китебибиз болгон Куран китебибизди ким окуса, ошонун ар бир тамгасына сооп берилет деп айтылган. Биз албетте,  мындай оор сыноолордо да Куран китебине, пайгамбарларыбыздын айтып кеткен осуяттарына таянып иш жүргүзөбүз. Муфтият элге  руханий дүйнөнү тартылуулай турган мекеме болуп эсептелет. Ошон үчүн биз вирус катталгандан тартып республика боюнча  миӊдеген карыкелерибиз аркылуу Куранды хатым кылуу иштерин уюштурдук. Имамдарыбыз тобо кылып, Кудайга жалынып-жалбарып, аруу тилек кылышты.  Мындан тышкары, муктаж болгон адамдарга кайрымдуулук кылуу иштерин да көбүрөөк ишке ашыруу аракетинде болдук. Буга мисал катары Бишкектеги бир эле кичинекей мечитти алалы. Ал мечитте 40-50 адам чогулуп, 1 млн. 700 миӊ сомдук азык-түлүктөр жардамга муктаждарга таратылды. Муфтият  ушундай кайрымдуулук иштерине үгүттөп,  ортомчу болуп, өз салымын кошуп жатты. Миллиондогон акчалар менен жакшы жардамдар көрсөтүлдү. Эми анын баарын айтсак, көп сөз. Ошондой эле элди вирустан сактануу үчүн мечиттерге барбай тууру боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Тарыхта деле ушундай коркунучутуу учурлардан сактануу үчүн мусулмандар мечиттерге барбай, качан кооптуу учур азайганда барганы боюнча так маалыматтар бар.  Азыр эми мечиттер ачылды. Элге мечитке баруу боюнча  атайын эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз.

—Дин маселеси боюнча кеп кылсак. Ислам дининде негизинен канча агым бар? Биздин да салтуу динден айырмаланган башкачараак эрежелер менен негизделгендерин угуп, көрүп жүрөбүз…

—Биз эми анын баарын агым деп айта албайбыз. Болгону динди жеткирүүнүн ар кандай ыкмалары десек болот. Кудайга шүгүр, Кыргызстаныбызда  чочута турган туура эмес ыкмалар жок. Хизбут-тахир, экстримисттик сыяктууларга катуу тыюу салынып, көзөмөлгө алынган. Анын баары кичине түз багыттан адашып, фанаттык кирип кеткен десек болот. Биздин эл Ханафий масхабын, матуридий акыйдасын карманганы туура болот. Биз ушул эки нерсеге акыркы 5-6 жылдан бери катуу басым жасап жатыбыз. Негизи динде сабатсыз болбогонго аракет кылышыбыз керек. Ислам дининде эмне коркунучтуу деген суроого: билимсиз фанаттар коркунучтуу деген жооп айтылат. Билимсиздер кандайча фанат болуп кетишкенин өздөрү да аӊдабай, билбей калышат. Учурда республика боюнча жүздөн ашык медреселерибиз бар, аларда 10 миӊден ашуун балдарыбыз окуп жатат. Өлкө боюнча 3 миӊден ашуун мечит болсо, анын миӊден ашыгында жума сайын жамаат менен жүз миӊдеген адамдар жума намаз окуп жатышат. Ал эми Айт намаздарында болсо 200 миӊден 500 миӊге чейин адам чогулуп, жамаат менен намаз окуп жатканына баарыбыз күбөбүз. Айтор, барган сайын бизде диний сабаттуулук өсүп, күчтүү болуп баратат. 10 жыл мурун даарат алганды билбеген адамдар азыр дин боюнча кыйла эле сабаттуу болуп калышты. Жылына бизде он миӊдеген  эл аралык семинар, симпозиумдар, ар кандай иш-чаралар болуп турат. Мындай иштердин пайдасы өтө чоӊ.  Дүйнөнүн эӊ чоӊ аалымдарынын  биринен: “идеалдуу мусулман кандай болуш керек?” – деп сураганда ал: “ Биринчи сыпаты: жүрөгү менен Кудайга байланышы бекем болгон адам, экинчи сыпаты заман менен теӊ өскөн, заман агымынан калбаган адам идеалдуу мусулман” – деп жооп берипир. Чынында мусулман замандан, билимден артта калбашы керек. Тилди, илимди, технологияларды  тереӊ өздөштүрүшү зарыл. Анан эски түшүнүк менен 16-кылымдарда калып кетпеши абзел.

Бирок өкүнүчтүүсү ошол эле учурда динде жүрүп эле жаӊылгандар, же салтуу динге кыянаттык кылгандарды да өтө аз, саналуу деп айтсак ашыкча болоор…

—Туура. Андай жаӊылып, башка көз караштарга жетеленип калгандар бар. Мисалы, жихад деп Сирияга баргандар ж.б. Биз аларды кайра оӊдоого үгүттөп, туура жолго  алып келишибиз керек. Учурунда жаӊылып калгандардын басымдуу бөлүгү эртеби, кечпи, кайра туура жолго кайтып келип жатышат. Бир учурда башка улуттардын кийимдерин кийип, башка насааттар менен жүргөндөр азыр ал кийимдерди чечип салышты. Ушул сындуу мисалдарды айтсак  көп эле. Такыр эле чектен чыгып, тескери иштерге баргандарды укук коргоо органдары теске салат. Биз андайларга кийлигишпейбиз.

—Дагы бир талаштуу маселе. Жапжаш туруп жарашса жарашпаса да сакал коюп алгандар, узун кийимдерди кийип алган жаштарды сындап, аларга карата: дин  аалымдары Нарматов, же сиздей эле  болуп сакал койбой тыкан болушпайбы деген сөздөрдү айтып калышат. Сиз өзүӊөз ушул маселеге кандай карайсыз?

—Туура, мындай сындар айтылып жатат. Бирок Кудай кебете –кешпирге, же кийген кийимге карабай, жүрөктөгү ишенимге карайт. Ар бир улуттун кийим ж.б. боюнча үрп-адаттары бар. Адамдар: “ Силердин аксакалдарыӊар  кийген кийимдериӊден  чочуп кетпегендей  кийин. Үрп-адатты сакта Элди да үркүтүп алба” — деп айтышкан.Талапка анча ылайык келе бербеген кийимдерди кийгендер да кездешип калып жатат.  Кээ бир учурларда айрымдар кайсы бир такыба адамды көрүп калып, анын кийимине чейин жактырып, кудум ошондой кийимдерди  кийип алышы мүмкүн.  Бул маселе боюнча да бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Дин эмес, бир учурда калпак кийгенден уялышып, шляпа кийип калгандар көп болуп кеткен. Азыр эми түшүнүп, салтуу кийимдерге кайрылып жаткандар абдан арбып баратат. Буюрса, бул багытта жакшы болот. Сакал коюунун да тартиби бар. Пайгамбарыбыз да сакал койгондо, тарап, тегиздеп турган. Андыктан сакал койгондор да ушуга көӊүл  бурушу зарыл.

—Кыргызстан динден ажыратылган светтик өлкө эмеспи. Дин эркиндиги бизге абдан кенен берилди. Кысым жок…

—Акыркы  30 жылда бийликке ким келсе да, дин эркиндигине эч кандай кысым кылган жок. Мунун өзү чоӊ жеӊиш. Биз  тартынбай айтсак болот. Биздин өлкөдөгүдөй дин эркиндиги көптөгөн мусулман мамлекеттерде жок. Ал тургай алыс барбай коӊшу мамлекеттердеги абалды деле алсак болот. Муфтият динди таратуу, туура жайылтуу боюнча өз милдеттерин так аткарып жатат. Кудай буюрса, бул багытта чоӊ иштер жүргүзүлүп жатат. Жараткан ошол иштерибизге жар болуп, ушул динге болгон эркиндигибизди элибизге кут кылсын.

—Соӊку суроо болсун. Намазды абдан окугусу келип, бирок  намазын тургуза  албай, анда-санда окуп жүргөндөргө кандай кеӊеш айтасыз?

—Намаз – бул Кудайдан берилген буйрук! Намазды кааласаӊ да, каалабасаӊ да сөзсүз окушуӊ керек. Намаз окусаӊ ишиӊ оӊолот экен, арактан алыс болосуӊ деген сыяктуу жана башка  түшүнүктөрдөн алыс болуп, чын ниетиӊ менен Кудайдын ыраазычылыгы үчүн окуу зарыл. Түпкүрүнөн жакшы түшүнгөн адам намазды таштай албайт. Таштабаш керек деп баштабай да койбош керек. Балакаттан өткөн курактан баштап окуп, өмүр өткөнчө окууга милдеттүбүз. Намазды бекем тургузуу үчүн диний аалымдардан намаздын түпкүлүгүн түшүнүп, аларды устат кылып алса жакшы жана жеӊилирээк да болот. Деги эле динде: “Устаты жок адамга шайтандар устат болуп алат” – деген  тереӊ сөз бар. Муну унутпашыбыз керек!

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here