Тагдыр…

Аял катары өзүн толук бактылуу сезе албаган бүгүнкү каарманыбыз оорукчан күйөөсүнүн  азабынан кыйналып жүргөн экен. “Үй-бүлөнү сактап калганга кылган аракетимди баалабаган күйөөмдөн тажай баштадым”-деп ачык айткан Жийде айым өзүнүн тагдыры тууралуу бизге төмөндөгүлөрдү айтып берди. Балким, анын бул баяны башкалар үчүн сабак болуп калгысы бардыр…

           —Үй-бүлөнүн  бекем болушу үчүн  жетиштүү турмуштан тышкары жубайлардын ортосундагы жакындашуу дагы өзгөчө ролду ойноору баарыӊыздарга эле маалым болсо керек… Эмесе кеп башынан болсун. Биринчи күйөөм экөөбүздүн  пикирибиз келишпей эки айрылыш жолго түшкөнүбүзгө эки жылдай убакыт болуп калган. Андан бир уулум бар. Чындыгында түз жүрсө деле жалгыз бой аялга ар кандай сөздөр жармашат окшойт. Ошон үчүн кийинки эрим менен таанышкандан кийин эле убакытты созуп отурбастан ага турмушка чыккам. Алгачкы түнүбүздө ал эмнегедир өзүнүн   эркектик милдетин жакшыраак аткара албай койду. Көрсө,  оорукчал адам экен. Мунун  себебин сурасам эч айтпай койду. Ошондо зээним кейип:

—Эртеӊ мен сени дарыгерге алып барып көрсөтөйүнчү,-дедим жалооруп.

—Кереги жок… Дарылангыдай мен таптакыр жараксыз эркек белем?!-деп  сөзүмдү жактырбай  кабагын бүркөдү.

Бул сөздү укканда жаным кашайып:

—Деги эле жарактуу болсоӊ кыйратып жиберчүдөй болуп анда эмнеге мага үйлөндүӊ?!-дедим өзүмдү кармана албай.

—Жалгыздыктан тажагандан үйлөндүм,-деген соӊ сыртка чыгып кетти.

Ошону менен экөөбүздүн сөзүбүз бүттү… Андан бери арадан эки ай өттү. Күйөөм өзүн менин алдымда  аябай ыӊгайсыз сезгендиктен эркектей болуп “эритмек” тургай өзүнчө жалгыз жатканды көнүмүш адатка айландыра баштады. Айлам кетип өзүм тийишсем көӊүлүмдү оорутуп кагып салат. Акыры күйөөмдөн  иренжий

 баштадым. Ажырашып кетейин десем өзүмдүн  ага-туугандарымдан уялам. Эгер мындан башка себеп болсо аларга ачык эле айтат элем… Бир күнү айылдан кайненем келип менин оюмду билип жаткансып:

—Куурадыӊ го кагылайын… Эми сага баарын  айтып бербесем болбойт. Эркинди мурунку аялы “эки катын бир төшөктө жатмак белек?” деп  чанып башкага турмушка чыгып кеткен. Ошондо ал аз жерден муунуп өлүп кала жаздаган. Сен ага катуу айта көрбө,-деди  көзүнүн жашын чубуртуп.

—Апа, мен анда эмне кылышым керек? Ушинтип жашагандан көрө….

Сөзүмдүн аягына чыкпай эмнегедир токтоно албай буркурап ыйлап жибергим келди. Кайненем үнүн каргылдантып:

—Байкуш уулума убал болду. Аны токмоктогондор эч жакшылык көрбөсүн!-деп кимдир бирөөлөрдү каргагандай болду.

Бул тууралуу сурасам кайненем баарын төкпөй-чачпай баяндап берди. Анын айтымына караганда күйөөм бир учурда кошуна айылга достору менен кыз ала качканы барганда бирөөлөргө кармалып калып катуу токмок жеген экен.

—Жийде, эми сага баары түшүнүктүү болсо керек. Эмнеси болсо да Эркинди доктурга барып дарыланганга көндүрө көр. Акыркы үмүтүбүз сенде… Биз айтсак бир чети уялып, бир чети намыстанып ооруканага эч  жатпай койгон,-деп сөзүн  жыйынтыктаган соӊ мени менен коштошуп алып шаардагы туугандарынын үйүнө жөнөп кетти.

Кайненем менен сүйлөшкөндөн кийин бир топко чейин ойлондум. Анткени күйөөмдү мындай аянычтуу абалында таштап кетким келбеди. Акыры аны кантип дарылатуунун жолун издей баштадым. А, бирок күйөөм доктурга барып дарыланмак түгүл кайра мени ар кимден кызганып кыжырыма көп тийчү болду. Үй-бүлөнү сактап калганга кылган аракетим текке кетип жатканы аз келгенсип, ак жеримден минтип күнөөлөнүп жатканыма ыза болгондуктан акыркы күндөрү күйөөмдөн кадимкидей тажай баштадым.   Эгер ажырашып кетсем анда күйөөм ызаланып өзүнүн жанын кыйып таштасачы?  Кудай анын бетин ары кылсын! Эмне кылсам экен?..

                                              Даярдаган:  Нурпери ИСАБЕКОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here