Чат-Көл айылында 14 жаштагы кыз зордукталганын ИИМдин пресс- катчылыгы билдирди. Маалыматта: » 2019-жылдын 14-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2019-жылдын сентябрь
айынын аягында “Максат” аттуу бала анын жашы жете элек кызын күчкө салып “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, зордуктаганын билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү баланын өздүгү аныкталып, ал 24 жаштагы К.М. болгону такталган. Шектүү жаран жашаган жерин бат алмаштырып, ички иштер органдарынан жашырынып жүргөндүктөн ага карата Сокулук РИИБү тарабынан издөө жарыялангандыгы» айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here