Биринчи вице-премьер кызматына экс-депутат Алмаз Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалым болду.Кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматтан кетүү арызын жазган.

Мындан улам биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов премьер-министрликке көрсөтүлүп, анын ордуна Баатырбеков сунушталууда.

Баатырбеков “Кыргызстан” фракциясынын лидери болчу, жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен. Көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, “Республика — Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” фракциялары бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here