Чубак ажы Жалилов фейсбуктагы баракчасы аркылуу Аалымдар Кеңешинен өз ыктыяры менен кетүүгө арыз жазганын билдирди. Ажыкенин билдирүүсүнөн кийин, күйөрмандары анын шайлоого катышаарын сурап, боолголоп жатышат.

Төмөндө Чубак Жалиловдун билдирүүсү өзгөртүүсүз берилет.

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим
Жараткан Затка чексиз мактоо, адамзаттын асыл үлгүсү Мухаммад пайгамбарга салам салаваттар болсун!
Урматтуу бир туугандар! Мен Жалилов Чубак ажы, Аалымдар Кеңешинен өз ыктыярым менен арызымды жазып, аманатты тапшырдым.
Кудай Таалам касиеттүү Куранда: “… балким силер бир нерсени жаман көргөнүңөр менен, ал силер үчүн жакшылыктыр…” , (Бакара сүрөөсү 216-аят) деп айткандыгын ар дайым эстеп жүрсөк, көңүлдөргө төтөк болоор.
Учурдан пайдаланып урматтуу Аалымдар Кеңешинин Төрагасынан жана жалпы мүчөлөрүнөн пендечилик кылып кемчилик келтирсем, көңүл ооруткан болсом үзүр сурайм. Кудайым ооматтан оодарбасын…Оомийин.
Аллах Таала элибизге бакыбат ыйман, бардар жашоо, ынтымак-ырыскы насип этсин..
Урматтоо менен бир тууганыңар Чубак ажы..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here