50 миңдей норка жана ондатр терисин мыйзамсыз ташып бараткан автоунаалар.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 50 миңдей норка жана ондатр жандыктарынын териси кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөрүлүп баратканын аныктап, кармашты. Маалыматта: «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде «Scania» үлгүсүндөгү автоунаа тиешелүү документтери жок жүк алып баратканы такталган.

Мындан сырткары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, кармалган жаныбарлардын териси Кыргызстанда бир жылда катталган ондатрлардын санынан көп экени ачыкка чыкты. Мыйзамсыз ташылып бараткан терилерден мамлекетке келген чыгым 500 миллион сомдун тегерегинде экени аныкталды. Бул факт

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 19 миңдей ондатр бар.Өлкөдө бир ондатрды жок кылгандарга 3 миң сом айыппул салынат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here