Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчы кызматка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Жогорку Кеӊештеги к=пчүлүк коалиция өпчүлүк коалиция бүгүн, жыйынга чогулат.

Президент бүгүн өкмөт башчынын кызматтан кетүү арызын президент кабыл алды. Ушундан улам Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция талапкерин көрсөтөт.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө — КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. 27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү менен түшүндүргөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here