Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин абалы оор экенин  академик Миталип Мамытов маалымат булактарынын бирине билдирген. Ал өз сөзүндө: «Бүгүн эртең менен дарыгерлер менен Болот Шердин абалын көрдүк. Ал-ахывалы дагы деле оор. Аппарат менен дем алып жатат. Кан басымы 160-170ке чейин көтөрүлүп кетүүдө. Мээсине кан куюлуп кеткен. Бүгүн борбордук жандандыруу бөлүмүндөгү өзүнчө палатага которгону жатабыз. Буга чейин шашып алып келгендиктен, жалпы реанимацияда болчу.»- деп айткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here