Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди.

Абылгазиев мындай чечимди радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кабыл алганын билдирди. Өкмөттүн сайтына чыккан арызда:

“Иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүн өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоол болот. Ушул өңүттөн алып караганда мен премьер-министрдин ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым. Буга чейин да айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем”, — деп Абылгазиевдин арызында жазылат.

Абылгазиев буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Абылгазиев радио жыштык боюнча кылмыш ишинде эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here