Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 37 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 12-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 19 адам. Чүй облусунда 13, Баткен жана Ош облустарында экиден, Ош шаарында бир адам. Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 38 бейтап айыгып, 12-июнда үйүнө чыкты. Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here