Дин аалым Чубак ажынын шайлоодо добуштардын сатылып жатканы боюнча мындай мисал менен айтканы көпчүлүккө жагып турат, бирок айрымдар аны сындап да жатышат. Бирок шайлоочум, буга чейин шайлоодо 1000 сомго алданып, добуш сатып келгенибиз жалганбы? Ал эми сойкулардын баасын го көпчүлүк жакшы билишет. Алар өз денесин кымбат бага сатып жатышса, шайлоочулар мамлекет үчүн күйбөгөн алдамчы, коррупционерлер баштаган талапкерлерге бүтүндөй мамлекеттин, өзүнүн келечегин 1000-2000 сомго сатып келгени жалганбы? Андыктан алдыдагы шайлоодо ойлонуу зарыл…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here