Социалдык тармактарга аялынын моюнунан дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тарап, талкууга алынууда. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү саат 11:00 чамаларда Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Аталган районундун 1969-жылы туулган Б.З. аттуу тургуну үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып, жаака ургулап жатканын береи тасмадан көрүүгө болот. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган. Бул окуя Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук болуп катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. кече 11-июнда 18:00 чамаларда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here