Ашканада отуруп алып, колунда фактысы жок эле «басып алыш керек, тергөөсүз атып салса болот» дегенди айтып, элди мыйзамсыздыкка үндөп, чагымчыл чакырыктарды салып жаткан «Чоӊ казаттын» артында бийлик, «Райыммиллиарддын»  турганы да айтылып келет.  Дагы башка да божомолдор көп айтылууда.  Натыйжада, коомдогу шек саноону жокко чыгаруу үчүн душман көзүнө кылмыш ишин козгоп коюшту. Учурда «Чоӊ казатка» сырттан 3 миллион доллар келгени, Жапыкеев, Хасанов, Мамытканов баштагандар хан сарайды ижарага алышып, 20-30 троллдорду жалдап иштетип жаткандыгы тууралуу  кеп болууда. «Чоӊ казаттын» троллдору сын айткандарды каралап, жугунду куюп, Жапыкеевдерди эл колдоп жатышат дегендей маанайдагы маалыматтарды социалдык тармактарда таратып иштетип жатышат. Бирок акыркы чындык чыгат. «Чоӊ казаттын» да жүзү ачылат.  

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here