Кыргызстандагы криминалдардын ата-теги, чоо-жайы, байлыгы тууралуу жакшы билген генерал депутат Зарылбек Рысалиев ЖК жыйынында экономика маселесин тескеген вице-премьер министр Эркин Асырандиевге: «Кыргызстанда кылмыштуу аракеттери менен укмуш байыган адамдар көп. Алар байлыгы боюнча декларация тапшырышабы? Мисалы,  ошондой адамдардан Чолпон –Атага салган тамдарынын «крышалары» эшикке чыксаӊ ушул Бишкектен да көрүнүп турат»- деп суроо салып, маселени кабыргасынан коюп, суроо салды. Вице болсо бул суроого кайдан эле жеткиликтүү жооп бере калсын. «Бул боюнча ИИМ иш алып барат» — деген кыязда кеп айтып кутулгансыды. Бирок ал айткан ИИМдин башында Кашкар деген «карышкыр мүнөзү» жок, бир коёндой коркок неме олтурса, ал Бишкектин көрүнүп жаткан «крышаларды» кайдан иликтеп, жиликтесин. Бизде деги эле криминал чөйрөсү, анын лидерлери байыган жолдорун  «мыйзамга такап» байып жатышпайбы. Крим дүйнөсүндө «мындай шумдук» эчак күчөп кеткен. Андыктан, укук коргоочулар алардын мышыгын да «пыш» дей алышпайт. Анткени,  «каралардын» Ак-үй, Көк-үйдө биригишип, жуурулушуп, осурактары сиӊишип кеткен «катта» достору арбын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here