Өткөн жумада саясый альянска биригишкен Текебаев, Момбеков, Сариев, Акаевдер өздөрүнүн биригүүсү боюнча маалыматты КТРК аркылуу коомчулукка көрсөтүү үчүн КТРКга 2 мүнөттүк жаӊылык үчүн 176 миӊ сом төлөшкөн экен. Бул тууралуу Момбеков КТРКнын Байкоочу кеӊеши парламентте отчёт берип жаткан учурда айтты. КТРКчылар ал акчаны алып, маалыматты чыгара турганын билдиришкен. Бирок Ак-үйдүн каалоосу мененби, айтор кайра акчаны кайтарып,  бириккен саясатчыларды КТРКдан чыгаруудан баш тарткан. Момбеков мындай нерсени Акаевдин учурунда А. Карыпкулов да жасаган эместигин баса белгиледи. КТРКда мындай оюндар шайлоо мезгилдеринде көп эле болгон. Алдыда дагы  далай болот. Бул башталышы эле. Баягы эле КТРК да, өзгөргөн өзгөчө кадамы жок

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here